Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Президенттин бөлмөсүн тазалаган Чолпон эже


Төрт президент алмашты, бирок алардын иш бөлмөсүн тазалагыч кызматкери алмашкан жок. “Ар ким өз ишин так аткарса айдалбайт” деген Чолпон эженин Ак үйдө иштеп жатканына 16 жылдын жүзү болуптур. Анын 11 жылын президенттердин иш бөлмөсүн тазалап жыйноо кызматына арнаптыр. Кызыгы: бул жылдар аралыгында бир да жолу эмгек өргүүсүнө чыкпай, ал тургай “оорудум” деген сөз оозунан чыккан эмес экен. “Президенттин “уборщицасы” болууну баарына эле буйруй бербейт” деген каарманды капысынан жолуктуруп, маектешүүгө жетиштим. Этикалык себептен эженин сүрөтүн жарыялай албайбыз.

Бакиевге кыргыз гана “уборщица” керек экен

Президенттик бөлмөгө тазалап жыйноочу кызматка адатта жалаң орус улутундагылар алынчу. Алгач кадимкидей уялып, ал жакта иштеп жатканымды эч кимге ооз ачкан эмесмин. Жыйындар залын тазалоо иши жалгыз мага жүктөлдү. Полго төшөлгөн килемдерди жаркырата жууп, баш көтөрбөй иштей бердим. Кесиптештерим “анчалык тазалаба” дешип, ортого да алышты. Көрсө баары таптаза жууган талаптан качып “көп жышыба” деп тыйып турушчу экен. Анда Акаев президент, Курманбек Бакиев өкмөт башчы.

Бир күнү жыйында “Бакиевге кыргыздардан уборщица керек” деп менин талапкерлигимди сунушташты. Мен болсо 7-кабатка чыкпайм деп көшөрүп туруп алдым. Акыры “Жумуштан биротоло кет, же өкмөт башчынын иш бөлмөсүн жуу” деген талап коюлду. Кайда бармак элем деген ой менен жетинчи кабатка ыйлап көтөрүлдүм. Таза жууп, жогорку жактагылардын купулуна толсом керек, он чакты жыйноочу аялга бригадир шайлап коюшту.

Жыйноочу - чоң жоопкерчилик

Аксы окуясынан соң Курманбек Бакиев кызматынан кетти, мен болсо ажого которулдум. Биринчи жолу президенттин бөлмөсүнө киргенде каеринен жууп баштаарымды билбей дендароо болуп, укмуштуудай сүрдөгөм. Азыр кадимкидей эле “кожойкемин”, өз үйүмдө жүргөндөй сезем. Кантип жууп, каердин чаңын сүртүү керек, баарын билем. “Халтураны” жактырбайм, чын көңүлүмдөн эмгектенем. Президент тарабынан эскертүү алган эмесмин, бирок президентке жеткирбей эле таза эмес жуулуп калса, башкалар эскертип коюшат. Мындай абалга кабылбоого аракет кылам.

Бөлмөнүн кожойкеси болгон үчүн тазалыкка мен жооп берем, президент келип отурат, туруп кетет. Эгер президенттин иш бөлмөсүн бир аз чаң басып калса, ал менин күнөөм. Ошондуктан башкалар келбейт, “улуу” жоопкерчиликтен коркушат. Бат-баттан медициналык текшерүүдөн өткөрүп турушат. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. 16 жылдан бери бир дагы “больничный” алган эмесмин. Жамандык-жакшылыгым эс алуу күндөрүнө туш келип калат. Күйөөм каза болгондо үч күнгө гана уруксат алгам. Кайненем каза болгондо баралбай калдым.

Бакиев менен Акаев мас болгонун көрдүң беле деп сурашат

Мындан бир канча жыл мурда өзүм турган Шлагбаум жактан Ак үйгө чейин жөө эле барчумун. Эми минтип бир аз карылыкка жанашып, антпей калдым. Үрүл-бүрүлдө маршрутка күтүп, таңкы беш жарымда Ак үйгө барып калам. Өлкө башчы жумушка келгиче бөлмөсүн жаркыратам. Президент келе жатканда баарыбыз сууга сиңген кумдай жоголобуз. Айрым тааныштарым “Президенттин жубайлары келип турабы, кайсыл саясатчылар таң атпай кабылдамада президентти күтүшөт?” деп көп сурашат. Кайдан, өзүм көрмөк тургай, алар келгиче эле бизди кетирип жиберет да. Кээде айрым билип-билбей сүйлөгөн кишилерге таң калам. Мисалы “кокуй, Акаев же Бакиев мас болуп бөлмөсүндө калыптыр” деп ооз көптүрүшөт. Эгер андай болсо бөтөлкөлөрдү мен тазаламакмын да?!

Иш бөлмөсүн тазалаганга кайсы президент кызыгаар экен?

Президент жөнөкөй адамдардын акыбалын сурап турса. Алыс барбай эле “бөлмөмдү жыйнаган ким болду экен?”- деп кызыкса. Бирок ар бир президент мен сыяктуу карапайымга кызыкса, маанилүү мамлекеттик иштер эмне болот?! Жөнөкөй адамдардын пикирин жеткирүү үчүн айланасында канчалаган адамдар жүрөт? Эгер өзгөргүбүз келсе президенттен баштап, тазалагычына чейин алмаштыруу керек. Анткени бир эле киши алмашып, айланасындагылар ошол бойдон калып жатпайбы. Карапайым элдин каалоосу ажобузга жетпей калса керек. Негизи адамды айланасындагылар бузат. Кээде ушинтип ойлонуп кетем.

Ак үйдөн бизге окшогондор байлык топтой албайт

Тааныштарыма айтуудан уялып семичке сатам деп койчумун. Революциядан кийин билишти. “Президенттин кабинетинде жүрөсүң, анын байлыгы сага да жугуп жатса керек” деп кызыгышат. Кайдагы байлык?! Кадимки өкмөттүн жарыбаган айлыгы. Бирок маңдайым менен тапкан акчам аябай эле көп сезилет жана топуктуу. Акаев доорунда 460 сом акча алып деле жашаганбыз. А азыр кудайга шүгүр, бир канча эсеге көбөйгөн. Жалпылап айтканда Ак үйдөн руханий, материалдык да байлык топтогонум жок. Бирок ден соолугумду чың бойдон сактап келе жатам.

Президенттин бөлмөсүн жууш мага таңкы көнүгүү, жоопкерчиликтүү жумуш. Ишти баштаарым менен маңдайымдан тер куюлуп кетет. Элге окшоп өкмөттөн жер, квартира сураганым жок, сурабайм дагы. Күйөөмдөн калган жатаканада жашайм. Жолдошум көзү жакшы көрбөй майыптардын катарына кошулган. Ошол себептен мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары жашаганга жай берген. Ал каза болуп калган соң эки уулумду өзүм бактым. Азыр чоңоюшуп, бири Орусияда, кичүүсү АКШда иштейт.

Эгер президентке жолуксам...

Эгер президент чакырып калса, эмне деп айтмакмын? Жөн гана баарлашам, айта турган армандарым деле жок. Жөн гана жолукканыма курсант болуп, көңүлүм көтөрүлүп калса керек. Бир да президентти жанынан көргөн эмесмин, абдан толкунданам. Кээде президенттин кандай адам экенин элестетип алам. Менимче, Алмазбек Атамбаев Кудайдан корккон, элди ойлогон кишидей көрүнөт. Кээде жетинчи кабаттан шаарды карап “ар ким өз жумушун мыкты билсе өлкө өнүкмөк” деген ойлор менен толгоно берем...

Эжеден президенттердин жеген тамагы, колдонгон идиш-аяктарына чейин кызыгып сурадым. Бирок өзү көрбөгөн соң башкалардан укканын айтып отурду. Чынында эле кызыктуудай туюлду. Мисалы: Курманбек Бакиевдин казы-картаны, Роза Отунбаеванын жүзүмдү, азыркы ажобуздун сууга бышкан күрүчтү жактырып жей турганын жетинчи кабаттагы бирөөлөрдөн угуптур. Көрсө президенттер деле бизге окшош жандар тура. Артыкчылыгы - эс алуучу, укалоочу бөлмөсү, өзүнчө ашканасы, аны тейлеген кызматкерлери бар. Эң башкысы - “өлкө башчы” деген даражасы...

Самара Сагынбаева, Бишкек.
XS
SM
MD
LG