Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18
Чоң атам өмүрүмдөгү алгачкы мугалимим. Ата-энеси көп жыл бала жытына зар болуп токтобой жүрүп, анан жарык көргөн перзентине ушул Токтобай деген ысымды ыроолосо керек. Узун бойлуу, арык чырай келген, бою түптүз, сакалы куудай ак, басса-турса колунан таягы түшпөгөн, беш убак намаз окуп, кудай деп уктап, кудай деп турган киши болчу. Арабча кат таанып, куранды ыраатын келтире окуганда, коңур үнү сыртка угулуп тураар эле. Сырты жука мукабадан жасалган, барактары саргайып калган китебин кайра-кайра окуй берчү. Айрылган жерин желимдеп, биз жетпеген бийик жерге койчу. Анын үстүндө көз айнеги турчу.

Макалдатып сүйлөсө сөзү сөөккө жеткен такыба, айтканынан кайтпаган өжөр киши болчу. Бир таарынса оңойлук менен жазылбаган кекчилдиги да бар эле. Анткен менен чыгармачылыкка жакын, комузда кол ойнотуп, “Манас” баштаган кыргыз эпосторун жатка айтчу. Кулагыма куюп жүрүп беш жашымда мага да “Манас” айттырган.

Шаардагы окуусунан жайкы каникулга келген ата-энем менин “Манасымды” биринчи укканда көздөрүнөн жаш чыккыча күлүшкөнү эсимде. Анткен менен айылдагы тууган-уруктун, кошуна-колоңдун жайлоого чыккан мезгилде эрмек кылар “чыгаан манасчысы” элем. Бир күнү адаттагыдай колума узун таяк алып, ар кимге тап берип, “Манас” айтып киргем. Башым айланып кулап түшкөнүм эсимде. Көзүмдү ачсам, үрөйү учкан чоң атам жанымда отуруптур. Ошондон кийин менин “Манасымды” эч ким уккан жок. Бассам-турсам артымдан калбай жүрүп, айттырбай койгон ошол эле чоң атамдын өзү болду.

Чоң атам ашыкча сүйлөгөндү жактыра берчү эмес. Эч кимге айтылбаган сырынын баары ичинде кетти. Атамдын өмүрүнө байланышкан окуялардын көбүн кийин уктум. Атасы Эрмекбай совет доору жаңы орноп жаткан кезде Калкожо басмачыны көчкүгө алдыргандардын бири экен. Канчалык чындыгы барын ким билет?

Эрмекбай бабанын иниси Жаныбайдын байбичеси Бапы чоң энем жүз жаштан өтүп, биз эс тарткан кезде көз жумду. Өмүрүнүн акырына чейин акылы тунук бойдон кетти. Баарын эстеп, өткөн доорунан бери кеп салып берер эле. Бапы чоң энемдин айтуусу боюнча, бай-манап катары саналган Эрмекбай бабамды кулакка тартканда, чоң атам Токтобай он эки жашта экен. “Калкожодон калган байлык кайда?” - деп суракка алыптыр. Эрмекбайдын Апак аттуу кичүү иниси коркконунан тоо таяна качып жөнөсө “келегой, атпайбыз” деп чакырып алышкан экен. "Анан келери менен суроо-сопкутсуз эле эл көзүнчө атып салышты”. - дечү чоң энем. Чуркураган элге түшүнүксүз сөздөрдү кыйкырып, ит аткансып басып кетишкен жерине келгенде Бапы чоң энем ыйлап жиберчү.

Тинтүүнү катуу жүргүзүп, идиш-аяктардан бери жүктөп кетишкен экен. Жетилелек тайын кучактап, чыңырып ыйлап калган чоң атам ошондо көп нерседен көңүлү калгандай. Колуна жип байланып, Алайкуудан райондун борбору Гүлчөгө чейин ат менен сүйрөтүлүп келген Эрмекбай бабабыз ошондо эле оңбой калыптыр. Кыскасы, андан кийинки тагдыры белгисиз. Каза болгондон кийин кай жерге көмүлгөнүн иликтеп, кимдир бирөөдөн ооз ачып сурагандан да корккон чоң атамдын бүт арманы ичинде кетти. Жок дегенде кебете-кешпирин көрүп турганга бир сүрөтү болсо эмне...

Чоң атам “кулак тукуму” атынан согуштан кийин гана кутулган дешет. Мен эс тарткан убакта согуш азабын кантип тартканын гана айтып берээр эле. А тургай ок тийген жери да көз алдымда турат. Буту-колу сыздап ооруса, “ай согуштун азабы” деп кобуранып калчу. Ар жылы 9-май күнү чоң атамды куттуктагандар көп болчу. Мектеп окуучулары келишчү, жыл сайын өкмөт тарабынан медал, сыйлыктар жөнөтүлүп турчу.

Кабагына кар жааган чоң атам эч бир куттуктоону да, берген белектерин да сүйүнүп кабыл алчу эмес. Алган медалдарын деле көкүрөгүнө такканды каалаган жок. Үшкүрүнө, муңайып атасын ак кепиндеп көмө албаган күйүтү менен 1985-жылы 79 жаш курагында оо дүйнө салып кете берген.

2001-жылы Бишкектеги ардагерлер ооруканасын кыдырып, дал ушул 9-май күнү “Аздап барат ардагерлер карааны” деген макала жазган элем. Ал кезде статистика боюнча, жалпы Кыргызстанда үч миңдин тегерегиндеги гана Ата Мекендик согуштун катышуучусу бар болчу. Бүгүн алардын да катары суюлуп калды.

Чоң аталар - бүгүнкү күнүбүз үчүн күрөшкөн ардактууларыбыз! Менин чоң атам жана Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнүн чоң аталары биздин ушул күнүбүз үчүн кан кечип келишкен. Бул күндү унутууга эч кимдин акысы жок. Бүгүн - аталардын жеңиш күнү! Жеңиш күнүң менен чоң ата!

8-май, 2013-жыл
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG