Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51
Жыл сайын ушул... Жыл сайын 1-июнда “Балдарды коргоонун эл аралык күнү” дейбиз да, ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз. Болду, ошол менен ошол күн да өтөт, анан балдарды да, ал күндү да жадыбыздан алып таштайбыз. А чынында ар бир күн балдар күнү болушу керек эле...

Чын чынында азыр кыргыз балдарын улуттук нукта тарбиялоо деген нерсе жомокко айланып отурат. Канчалык улут деп, улуттук тил деп күйбөйлү, бишкектиктер үчүн ал эң эле кол жеткис нерсе экендигин шаардык балдар бакчаларына барып аткан неберелеримден улам билип, жон терим менен сезип атамын. Үйдө жан талашып кыргызча үйрөткөнүбүз менен алардын бала бакчадагы бири-бири менен баарлашуу тили, телевизордон көргөн сөлөкөт фильмдери, сүрөттүү китепчелери, “папалары” менен “мамаларынын” тили, ойногон оюнчуктары, көчөдөгү көрнөк-жарнактар, жеген таттууларындагы алардын аттары... деги койчу баары эле орус тилинде.

Балдарыбыздын тили орусча чыгып, кыргызчаны айта албай, айтса да акцент менен күлкү келтире тургандай айтып, кыйналганын көрүп, ыйлагың келет. Төрт жаштагы неберем айылга барып кадимки уйду көрүп, “зебра” дейт, себеби ал теледен ошондой жаныбарларды көргөн да...

Миңдеген жарандарыбыз оокат-тиричиликтин айынан Орусияга, Казакстанга кетип, алардын балдарын орус тилдүү жалданма бала баккычтар карап жатканын, же кара чач балдары барган өлкөлөрүндөгү башка тилдүү бакчаларда жүргөнүн эске алганда келечек катарыбыздагы улутташтарыбыздын саны дагы суюла түшкөнсүйт.

Бишкек шаарында кыргыз тилдүү бала бакчалар же бала бакчадагы топтор 5 пайызды да түзбөй тургандыгын, Кыргызстанда былтыркы жылда 1080 наамдагы китеп чыкса, анын 35и гана балдар үчүн экендигин, анын да көбү кыргызча эместигин эске алганда ичкениң ирим болот... Кала берсе, ордо калаадагы балдар үчүн деп өткөрүлгөн иш-чаралар европалашып кеткенин, улуттук кызыкчылыктар сакталбаганын кантип айтпай коё алабыз, алар улут тамырын акырындап кыркып аткансыйт...

Советтик учурда да балдар үчүн кыргызча китептер чыгып, балдардын тил үйрөнүүсүнө шарттар түзүлгөн эле. Балдарга сабак болор башкы нерсе – балдар китептери. Азыр кыргыз балдар адабияты, балдар жазуучулары да кароосуз калды. Балдар китептери эл аралык уюмдардын жана авторлордун жеке каражаттарынын эсебинен гана чыгымыш болуп келе жатат. Мамлекеттик колдоо деген такыр жоголду. Ал гана эмес өкмөт өзү чыгарган чечимдерге өзү ээ боло албай калды. Мисалы, Кыргыз өкмөтү 2008-жылы декабрда балдар адабияты боюнча сыйлык алууга конкурс жарыялап, 32 китептин ичинен ылгап, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов баш болгон калыстар тобу 2009-жылы 24-сентябрда төмөндөгү авторлорду 2008-жылдын лауреаты катары атаган. Эң мыкты прозалык чыгарма – Сулайман Рысбаевдин “Айбийке сулуу” китеби; Эң мыкты поэтикалык чыгарма – Каныбек Жунушевдин “Жашынмак”, “Бака, бака балчак”, “Бир орундуу самолёт”, “Бал курсак” китептери жана Жакыпбек Абдылдаевдин “Бал челек” жыйнагы; Эң мыкты котормолор – Салижан Жигитов которгон А.С.Пушкиндин “Алтын балык жөнүндө жомогу” жана Абдыкерим Муратов которгон “Чоң энемдин алтын сандыгы” аттуу түрк элдеринин жомоктору. Алар өз кезегинде маалымдоо каражаттарында да жарыяланып, калайык калкка угузулган.
Бул конкурсту уюштуруу, өткөрүү жана лауреаттарды сыйлоо Кыргыз өкмөтү тарабынан Маданият жана маалымат министрлигине тапшырылган. Тилекке каршы, ошол мезгилден бери лауреаттар же дипломун, же байге катары берилүүчү сыйлыктарын ала албай жүргөндүгү балдар адабиятына мамилебиздин кандай экендигин айгинелеп келет. Ал мамиле авторлорду алдоо гана эмес, балдарды да алдоо эмеспи. Эми өкмөт чын эле өкмөт болсо чудиновдук өкмөткө шылтабай аталган сыйлыктын мурдагы карыздарын кутулуп, андан соң бул сыйлыкты (Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгын) эки жылда бир жолу ыйгарууну салтка айландырса, биринчиден, мамлекеттик тилдин келечеги, экинчиден, жаш муундардын эртеңки жетилиши үчүн кам көргөн болор эле.


“Балдар жердин жандуу гүлдөрү” дегенибиз менен кыргыз гүлдөрү бара-бара соолуп баратат...

Абыдкерим Муратов, публицист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG