Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48
20-июнда Кыргыз өкмөтүнүн чечиминин негизинде Жогорку Кеңеш "Манас" аэропортунда жайгаштырылган АКШ Жүк ташуучу борбору (ЖТБ) боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. Кабыл алынган документке ылайык, америкалыктар 2014-жылдын жай айына чейин Кыргызстандан чыгып кетиши керек. Бул чечимге 91 депутат "макул" болуп, 5 гана депутат "каршы" добуш берди. Ошол 5 депутаттын ичинде мен да бармын. Эмне үчүн мен каршы добуш бердим?

2001-жылы дүйнөлүк террористтер жарандык учактар менен Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк соода борборун жана башка маанилүү имараттарды талкалаган. Ал жерде 3 миңден ашык эч күнөөсү жок ар мамлекеттен келип иштеп жаткан адамдар курман болушкан. Ошол окуядан соң терроризмдин очогуна айланган, дүйнөнүн 1-террористи Усама бин Ладен жашаган Ооганстандын талибдерине америкалыктар согуш ачкан. Муну дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери колдогон. Алардын ичинде Орусия да бар эле. Кыргызстан да аларды колдоп, согуш адамдарын Ооганстанга жөнөтүп туруусу үчүн "Манас" аэропортун коалициялык күчтөргө ижарага берген.

2009-жылы президенттик шайлоонун астында ошол кездеги президент Бакиев Москвага барган. Бакиев Москвадан келген соң "300 миллион доллар алып келдим", - деп шайлоонун алдында "кара жашиктерден" шардана кылып турганы эстен чыгалек болуш керек. Бирок ал акчаны орустар жөн эле бере койбогонун элдин баары эле айтып жатпадыбы. Москванын негизги шарты - америкалыктардын базасын Кыргызстандан чыгаруу эле. Бакиев акчаны алып, экинчи мөөнөткө шайланып алган соң базаны чыгарбай койду. Же уулу Максимдин тилин уктубу, же ижарага төлөнө турган 60 миллион долларга жибип кеттиби, айтор база ЖТБ (Жүк ташуучу борбор) деп аталып, ишин уланта берди.

Мындай көз көрүнөө "алдамчылыкка" Москва чыдай алган жок. Эртеден-кечке Бакиевди жана анын баласы Максимди орус телеканалдары "шыбай" башташты. Кыргызстанда 60тан ашуун Орусиянын телеканалдары көрсөтөөрүн эске алсак, кыргыз эли араң чыдап турган президент Бакиев үчүн бул чоң сокку болду. Бул экинчи революцияга детонатор болду десек жаңылбайбыз. Ошентип 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи революция болуп, Бакиев качып кутулду. Өкүнүчтүүсү, 90дон ашык күнөөсүз балдардын өмүрү кыйылды.

Бош калган бийлик Бакиевдин оппоненттерине адегенде - убактылуу, шайлоодон кийин - туруктуу өттү. Президент болуп шайланган Атамбаев биринчи күнүнөн баштап эле Американын базасын кетириш керектигин жар салды. Шайлоо болоордун астында кыргыз партияларынын лидерлери Москвага жөнөп жатышты. Ар кимиси өзүнө жараша өнөк таап, жолуккан башка өлкөнүн чиновниги менен түшкөн сүрөттөрүн Бишкектин көчөлөрүнө илишти. Бул жорук эгемендүү мамлекетти кемсинтүү болгону менен талапкерлер бул сүрөттөр менен сыймыктанып жатышты. Кыргыз лидерлеринин мындай кейпин көргөн Кремлдегилер базаны кетирүү жөнүндө маселени кайрадан коюп, убудаларын алганы жабык сыр деле эмес болчу.

Эгер Бакиевге 300 миллион доллар берсе, жаңы бийликке канча берет экен деген суроо туулары шексиз. Ошол кездеги ачыкка чыккан маалыматка таянсак, шайлоодо жаңы бийликти толук колдоо менен бирге, Кыргызстандын Орусияга болгон 500 миллион доллар "алынбаган" карызын кечүүгө убада берилген. Андан тышкары ГЭСтерди салып берүү жагы да убадаланган. (500 млн. доллардын 200 миллиону СССРден калган карыз, 300 миллиону Бакиевге берилген "жардам"). Демек кечээки добуш берүү кокусунан деле болгон жок. Бул маселе мурун эле башка жерде пландаштырылганы жашыруун деле эмес. Биздин өкмөт менен парламентибиз жөн эле "ляппай" деген аткаруучу болуп берди.

Мени таңкалтырган нерсе - ал планды биздин өкмөттүн шашкалактап адамкерчиликсиз аткарганы болду. 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгып кетээрин америкалыктар өздөрү жар салбадыбы. Ошондой болгон соң мынчалык шашуунун канчалык кереги бар эле? Эки өлкө 12 жылдан бери терроризмге каршы өнөктөш болуп кызматташып келген. Эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгынын негизинде биз тарап бир топ материалдык жана техникалык жардамдарды алдык. Аренда үчүн деп алган 60 миллион доллар да биздин "жыртык" бюджетибизге илинчек болуп атпадыбы. Ал эми "Манас" аэропортунун тапкан таза пайдасынын 60% ашыгы ошол борбордон түшүп турат.

Ал борбордо миңге жакын кыргыз жарандары иш менен камсыз болуп келишет. Биздин өкмөт 2014-жылдын аягына чейин чыдай туруп, анан деле адамча коштошсо жаман болот беле? НАТОнун күчтөрү Ооганстандан кеткенден кийин террористтик күчтөр Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кирбейт деп ким кепилдик бере алат? 15 жыл мурун Баткенге 21 террорист келгенде кыргыз аскери чоң жоготуулар менен алардан араң кутулбады беле. Эгер алар бизге дагы келишсе дүйнө коомчулугу бизге мурункудай эле шатыра-шатман жардам берет деп кесе айтышка болбой калды. Ушул себептен биздин өкмөт менен парламенттин кечээки чечимин акыл-эс жана логика менен түшүнүп болбойт.

Акыркы 23 жылда Кыргызстан донор мамлекеттерден өлкөнү жана экономиканы өстүрүү үчүн толгон-токой акча алды. (Ал акчаларды биздин чиновниктер уурдап жеп-ичкенине жана начар пайдаланганына донорлор жооптуу эмес да). Көзгө көрүнгөн чоң иштердин баары ошол акчаларга салынган. Америка өкмөтүнүн Кыргызстан үчүн жумшаган гранттык жардамдары гана бир миллиард доллардан ашык.

Кечээки өкмөт менен парламенттин чечими ошол жардамдар үчүн айткан "рахматы" болуп калды окшойт. Ошол эле учурда бул иш Орусия бийлигинин катуу талабынын негизинде болгону эч кимге деле жашыруун эмес. Эгер бир мамлекет башка мамлекетке өзүнүн каалоосун ушинтип таңуулай алса, анда көз карандысыздык жөнүндө сөз кылбай эле койсок болот. Мамлекет качан гана бардык өлкөлөр менен өзүнүн карым-катнашын баланстай алганда гана суверендүү жана башкалар сыйлаган мамлекет боло алат. Эгер анте албаса башка өлкөлөрдүн глобалдык оюнунда оюнчук болуп калаары турган иш.

Биздин өкмөт менен парламенттин чечими Американын өкмөтүнө көп деле проблема алып келбейт. Орто Азиянын бардык өкмөттөрү өздөрүнүн аэропортторун Америкага сунуштап жатышат. А түгүл Орусия да америкалыктарга "империализмдин" биринчи душманы болгон Лениндин туулган шаары - Ульяновскийдин аэропортун тартуулады. Алар бул кызматташтык менен акча тапкысы келишет, ошондой эле Америка менен дурус мамиле аларга керек экени көрүнүп турат. Биздин бул кадамыбыздан кыргыз эли эле пайдасыз калары талашсыз, анткени биздин бийлик элдин добушун алганы менен бир да алгылыктуу нерсени элге бере албады.

P.S. Мени Американын "шпиону" деп кээ бир бийлик гезиттери же алардын "дүжүрлөрү" айтып чыгышы турган иш. Эгер адамдын дүйнө таануусунда башкача пикири жок болсо, ар дайым ушул аргументти айтышат. "Шпион" деп далайларды аттыртып жиберген фактылар кечээки эле тарыхта турат. Америка кубаттуу мамлекет, алар менин жардамыма муктаж эмес. Менин жардамыма менин көп азап чегип, эки революцияны башынан өткөрүп, 90дон ашык жаш жигиттеринен айрылган Кыргызстаным муктаж. Акыркы революциядан бери 3 жылдан ашык убакыт өттү. "Жашообуз эми оңолот"- деген элдин күтүүсү түгөнүп баратат. 90дон ашык баланы аттырткан күнөөлүү адамдарды соттогонго да жарабадык. Бийлик криминал менен биригип алгандай. Акмат Бакиевди качыруу, криминалдын "атасы" Батукаевди сый-сыпат менен узатып коюу, өкмөттүн вице-премьери Атаханов криминалдан кечирим сурашы мамлекетти кемсинтүү эмей эмне? Өлкөбүздүн ар жерлеринде башаламандыктардын болушу, чек арадагы чыр-чатактар, экономика дагы өсүштүн жоктугу, коррупциянын өсүп жатышы, күч органдарындагы жана соттордо реформанын жоктугу элди нааразы кылууда. Өкмөткө мурунку эки президенттин кызматын кылган ("бывшие в употреблении"), колунан эч нерсе келбеген эски кадрлар чогулуп алышты.

Мени биздин кээ бир депуттар өзгөчө таңкалтырды. Алар Американын акчасына Америкага тез- тез барып турганды жакшы көрүшөт. Америка тараптан келген акчаны бөлүштүрүүдө да ыкчамдыгын көргөзүшөт. Ал эми Американын маселеси каралып жатканда калыстык үчүн бир сөз айтып койгонго жарашкан жок. Эл укпасын дештиби, айтор шашып, жыйналышты жабык өткөрүштү. ( Калыстык үчүн айтып коёюн, мен бир да жолу Американын акчасына ал өлкөгө барган жокмун, барсам өз акчама гана барып жүрдүм).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG