Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21
Бир айдай мурун “Азаттык” сайтына “Кырк сом” деп аталган алгачкы блогум жарыяланбады беле. Ошондон бери көптөгөн окурмандардын мага карата мактоолорун, өз башынан өткөргөн окуяларын укканыма аябай кубанычтамын. Мен жөн гана башымдан өткөн окуя тууралуу кыргызча жазып көрөйүн деген элем – окурман журту макаламды ушунчалык жылуу кабылдашын таптакыр күткөн эмесмин. Окурмандарга чоң алкыш!

Ошол блогдун каарманы Айгүлдүн азыркы тагдырына кызыккандар көп болгондуктан ал тууралуу да азыноолак сөз кыла кетпесек болбостур. Ал Америкага барып келгенден кийин биз 2001-жылы бир жолу Бишкекте жолукканыбызда жакшы окуп келгенин айткан. Андан эки жумадан кийин мен мекениме кайтып, ошо боюнча Айгүл менен кабарлашпай калдым. Аңгемени окуса бир күнү өзү байланышаар.

Мен бул жолу кыргыз тили боюнча жазууну чечтим. Билем, Кыргызстанда тил маселеси абдан талаш-тартыш абалда, бул тууралуу жазгандар, аны талкуулагандар абдан көп. Алгач мен илимпоз-изилдөөчү же тилчи-лингвист эместигимди эскерте кетейин. Мен жөн гана кыргыз тилин билген чет элдик жаран катары жеке көз караш, ой-пикиримди билдиргим келди.

Кыргыздар меймандос эл болбосо, менин кыргызчам “Азаттыкка” блог жазууга эч качан жетмек эмес. Англисче-кыргызча китеп жана окуу куралдары абдан аз экенин билебиз. Демек эки эле жол менен кыргызча үйрөнсө болот: кыргызча сүйлөгөн үй-бүлөдө төрөлүп-чоңойуу, же кыргызча сүйлөгөн үй-бүлө менен жашоо аркылуу.

Мен аябай боорукер, мээрим төккөн кыргыз бүлөлөрү менен эки жыл жашап, бир табактан тамактанып, кыргызча үйрөнгөм. Узун тойлорго чакырылып, ар түрдүү адамдар менен ыңгайлуу да, ыңгайсыз да абалдарда сүйлөштүм. Адегенде мен кыргызча сүйлөп баштаганда өтө эле одоно каталарды кетирсем да эч ким мени шылдыңдаган эмес – баары мага кыргыз тилин үйрөтүүгө дилгир болгон, мага чыдаган. Ошон үчүн мен уялбай кыргызча ар ким менен, ар кандай абалда сүйлөшүп, бул тилди өздөштүрүп калдым. Албетте эне тилимдей сүйлөй албайм, бирок ошого карабай, эки жаман уулум жана көлдүк жубайым үчүн эркин сүйлөйүн деген максат менен жүрөм.

Мен испан тилин да билем, бирок аны үйрөнүү башка таржымал болду. Латын Америкасындагы бир өлкөгө испан тили боюнча машыгууга барып калдым. Ал жердеги адамдар мага аз көңүл буруп, көп киши испан тилинде сүйлөшкүсү келген жок. Ошондо үч ай бою өмүрүмдө такыр сезбеген жалгыздыкты сезип, аябай кыйналып кеттим. А Кыргызстанда болсо, кааласам-каалабасам да миңдеген кишилер менден ал-акыбалымды сурай беришчү. Мен, АКШ жана ата-энем тууралуу билгиси келген меймандос кыргыздар көп болгон жана азыр деле көп. Дагы эле силерге чоң алкыш деп айткым келет!

Мен биринчи блогумду жазгандан кийин мактагандар көп болду дебедимби, бирок чоочун кишилер чала-була кыргызчамды мактаган сайын, мен мынчалык мактоо туура эмес деп ойлоп баратам. Мендей кишини мактагандан көрө, ангилсчени да, кыргызчаны да суудай сүйлөгөн кыргыздарды көбүрөөк мактабайлыбы? Макаламды жазгандан кийин Кыргызстандын түштүгүнөн бир жигит менен тааныштым. Анын 26 000 cөздөн турган англисче-кыргызча мыкты жеке сөздүгү бар экен. Анда сөздөр да, макалдар да, сөз айкаштары да эки тилде тең жакшы түшүндүрүлүптүр. Аны кайдан алса болоорун сурасам: “Бастырганга каражат таба албай жатам”, - деп жооп берди.

Чынында кыргыз тилиндеги китептер боюнча абал кыйын болуп жатканын билебиз. Мисалы, “Раритет” деген белгилүү дүкөндө китептердин басымдуу бөлүгү орусча. Кыргызча китептер өтө аз жана алардын баары эле жогорку сапатта деп айтууга болбойт. Өз тажрыйбама таянып айтсам, бөбөк китептеринде да маселе абдан көп. Кооз, сүрөттүү жомок китептер көп эле, бирок жомоктор ашыкча татаал адабий сөздөр менен жазылган. Кыргыз маданиятын жана тилин терең түшүнгөн, кесиби эл таануучу жубайым да аларды түшүнө албай бушайман болот кээде.

Ойноок, кичинекей балдардын көңүлүн китепке бурдуруу оор иш, ошондуктан алар үчүн арналган китептер өтө кызыктуу жана кооз болуш керек. Биз былтыр Кыргызстандан көп китеп дүкөндөрдү кыдырып, болушунча балдар китептерин сатып алганбыз. Ошолорду карап отурсам, үч жашка чейинки балдар үчүн делген китептер өтө ачык түрдө сабак берет экен. Балдар сабак үчүн окубайт – кызык дүйнөгө кирүү үчүн окуйт. Китеп буйрук берген сыяктуу, тарбиялап жаткандыгын сезсе, кичинекей бала ал китептен баш тартат. Балдар жазуучусунун бир гана максаты болуш керек - балдарды окуганга кызыктыруу.

Бала кичинекейинен китептин күйөрманы болуп калса, чоңойуп баратканда ар кандай китептерди жан талашып өзү эле окуйт. Жакшы адам болуу, кыргыз каада-салты жана илим-билим тууралуу бир аз эси кирип калганда эле окуп-билип алат. Наристелерге болсо айрылбаган катуу кагазда жаныбарлар жана ата-эне тууралуу кызыктуу сүрөттөрү, уккулуктуу жазмалары бар китеп болсо эле жетет – ошондой китептер өтө аз экен Кыргызстанда, тилекке каршы...

Кыргыз тили боюнча дагы бир маселе мени көп ойлондуруп жатат. Ал орус тилдүү кыргыздарды жаман көрүү. Кээ бир кыргыз жаштары алгачкы блогумдан кийин кыргызча жакшы сүйлөй албаган кыргыздарды жамандап, аябай ызалуу сөздөр менен ой-пикирлерин жазып жатышты. Ооба, албетте кыргыз тилин атайлап чанып, орусча эле сүйлөгөн кыргыздар бардыр. Мен деле алардын өз эне тилине кызыкпагандыктарына анда-санда ачууланып кетем. Бирок кыргызча эркин сүйлөгүсү келип, чала-була кыргызча сүйлөгөнүнөн уялгандар алардан көп экен. Көптөгөн ошондой кишилер: “Мага кыргызча үйрөтүңүз агай, башкалар мени шылдыңдап жатышат”, - деп менин жеке почтама кат жазып жатышат...

Бир жолу “Азаттык” үналгысын угуп отурсам, бир бала кызыктуу акцент менен кыргызча эркин сүйлөп жатат да, “Мен кыргызча сүйлөй албаганым үчүн аябай уялам”, - деп коёт. Көрсө, Тажикстанда жашаган кыргыз жигит экен. Ал Кыргызстанга көчүп келгиси келээрин, бирок чек арачылардан өйдө дайыма ага тийише беришээрин да кеп кылып атты.

Ар кандай шарттан улам кыргызча таза сүйлөй албаган кишини кабыл алуу бир кеп да, атайын кыргыз тилинен баш тарткан кишини кабыл алуу таптакыр башка кеп. Эки-үч муунунан бери Кыргызстанда жашап, бирок кыргызча сүйлөй албаган кишилер да көп. Аларды жаман көргөн сайын, алар ошончолук кыргыз тилинен алыстай беришет. Андыктан кыргызча сүйлөгөндөрдүн өзгөчө милдети – башка элди кыргыз тили менен жакшылап тааныштыруу. Кыргыз эли мага көрсөткөндөй меймандостукту Кыргызстанда жашаган, башка тилде сүйлөгөн ар бир адамга көрсөтсө оң натыйжа берет деп ойлойм. Менин оюмча, “кыргызстандык” деген мамлекеттик деңгээлдеги түшүнүк керек. Ал үчүн Кыргызстандагы элдин жергиликтүү жалпы тили керек. Ал тил бир гана кыргыз тили болот (анткени, өлкө Кыргызстан да), бирок кыргыз тили азырынча бир эле улутка бекем байланышкандыктан, Кыргызстандагы башка улуттар ага көп көңүл бура элек, менимче.

Мен кээ бир кыргыздардын кыргыз тили батыштын “кыргыз эмес” ойлорун сүрөттөп, таза болбой бара жатканынан коркконун байкадым. Мен америкалык катары бул коркунучту таптакыр түшүнбөй жатам. Менин жөнөкөй ойум боюнча, кыргыз тилин сүйүү деген бул - аны колдон келишинче ар кайсы жагынан бай, кенен жана ар түрдүү болушун колдоо керек дегендик. Тилди “кыргыз анткен эмес, минткен эмес” деген көз караштар менен чектебешибиз керек.

Англис тили деле түпкү теги Улуу Британиядан жер шарынын ар кайсы бурчуна тараган. Азыр ар түрдүү улуттар аны эне тили катары колдонуп жатат. Англис тилинде азыр кадимкидей колдонулуп жаткан сөздөрдүн көбүнчөсү башка тилдерден келген. Британиялыктар колониялизм кезинде, бөтөн жерде мурун билбеген тамак, ой же маанилүү сөз менен кезиккен сайын аны англистештирип, колдонуп башташкан. Ошон үчүн бүгүн англис тили эң бай. Бирок англис тили тынбай өзгөрсө да, Улуу Британиянын салты анчалык деле өзгөргөн жок. Жада калса биз, америкалыктар ашыкча таасирлүү поп-маданиятыбыз менен аларды өзгөртө албай жатабыз (тамаша). Айтайын дегеним, кыргыз тилинин жаңыланып, заманга жараша өзгөрүүсү кыргыз салтын өзгөртөт деп коркпой деле койсо болот.

Албетте, кыргыз тили англис тилиндей дүйнөлүк таасир кыла албайт (балким, ким билет...). Бирок учурдагы кыргызстандык жаштар улутуна карабай кыргыз тилине кызыгып калышса, алар көчөдө кыргызча сүйлөп башташмак. Мен үй-бүлө ортосундагы жылуулук аркылуу кыргыз тилине кызыгып калгам.

Достук, сүйүү же маданият аркылуу бөтөн тилге кызыкса, берилсе болот. Мисалы, көп кишилер кореялык репчи Пысайдын “Каңнам Стайл” деген ырын уккан. Ал Ю-Туб вебсайтынын тарыхы боюнча эң көп көрүлгөн клип. Биз, клибин көргөндөр Корея тилин түшүнө албаганыбызга карабай, өтө эле жугумдуу бул ырга канча жолу бийледик. Канчалаган тилдеги, ар кайсы темадагы “Каңнам Стайлды” туураган башка клиптер тартылды. Бишкектеги Ош базарында тартылган клиби да бар. Күлкүмүштүү Пысайдын айынан дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы жаштар чакан Түштүк Кореяга көнүл буруп, абдан кызыгып, ал жакка окууга тапшырып, анын тилин үйрөнүп баштагандар абдан көп экен. Кыргызстандыктар да поп-маданиятты өнүктүрүп, Пысайдай күлкүмүштүү болсо да, көпчүлүктүн көнүлүн бурдуруп, өлкөгө, тилине, маданиятына азгыра алган жаңылык тартуулай алса деген кыялым бар.

Жаштарды кыргыз тилин сүйлөөгө “азгыруу” үчүн, ар тараптуу чыгармачылыкты: салттык көркөм өнөрдү да, сапаттуу поп-маданиятты да, өкмөттү күнөөлөбөй, мүмкүн болушунча ар ким өз каражаты менен колдош керек. 2010-жылы Бишкектен кино тартуучу Нурбек Эгендин “Манастын төрөлүшүн утурулап” деген тасмасын көрүү үчүн жубайым экөөбүз кинотеатрга барсак, киши көп келбегендиктен кинону токтотуп салышыптыр. Билбейм, ошондой абал адаттагыдай көрүнүшпү, же мен туура эмес күндө киного барып алдымбы?

Менин эки жаман кичинекей уулум азырынча кыргызча түшүнүшөт. Бирок өспүрүм куракка жеткенде, кыргыз тилинде кызыктуу жана сапаттуу поп маданиятынын көп сунуштары болбосо, англис тилине эле көңүл буруп, Кыргызстанга кызыкпай калышы мүмкүн.

Чынын айтсам, мен Кыргызстанды тааныганыма он төрт жыл эле болду. Ошол убакытта абдан көп өзгөрүүлөрдү байкап жатам. Ыктыярчы чагымда (1999-2001 – жылдар) Бишкектин көчөлөрүндө кыргыз жаштары жалаң орусча сүйлөгөнүн укчумун. Азыр болсо көбүнчө кыргыз тили угулат. Кыргыз киносу да өнүгүп баратат. Кыргыз поп-музыкасынын да ар кыл түрү бар. Ошол кыймыл кеңейип, өнүккөн сайын кыргыз тилинин келечегине менин да үмүтүм артып барат...
  • 16x9 Image

    Дэвид Галлагер

    1999-2001-жылдары Нарын жана Ысык-Көл облустарында Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болгон. 2006-жылы Жорж Вашингтон университетинде эл аралык мамилелер боюнча магистратураны бүтүргөн соң, АКШнын Айыл-чарба департаментинде иштеген. Учурда Колорадо штатынын Денвер шаарында эки уулду өстүрүп, Дүйнөлүк Билим берүү кызматында (World Education Services) иштейт. Фейсбуктагы "Англисче-кыргызча талкуу айылынын" (АКТА) негиздөөчүсү жана башкы администратору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG