Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26
Кыргызстан акыйкатчысын тандай албай убара. Бул кызматка жарышкандар саны 50нү чапчыды. Арасында кыз зордуктады деп шектелген инсандар да бар. Акыйкатчы болуш үчүн кандай адам болуу керек? – ушул суроого жооп таппай бушайманмын. Оо, бул акыйкатчы деп атаганга адам барбы мүлдө кыргызда? Мен, мисалы, болгонго даабайм. Анткени, бул кызматты аркалаш үчүн кайсы бир алкактын ичинен чыкпай түптүз жүрүшүң керек деп ойлойм. Керек болсо ошол алкактын ичинде гана күлүшүң керек.

Мен акыйкатчынын айлыгына да кызыккан эмесмин, бирок баары, кала берсе депутаттыгын таштап омбудсмен болгусу келээри дайыма ойлонто берет. Демек, бул кызматтын башка, биз билбеген сырлары бардыр? Эгер ким бирөө акыйкатты калчагысы келип, ушул ишке башын сайгысы келсе... Мен көп ишене алган жокмун. Балээ башкада го деп арам ойлоп жатам эгер агыман жарылгым келсе.

Мына, канча күндөн бери парламент акыйкатчыны шайлай албай убара болуп жатат? Акыйкатчы – омбудсмен кызматы Швецияда 1809-жылы түзүлгөн. Андан бери канча суу акты? Соттор көбөйдү, акыйкатчы институту иштеп жатат, адвокаттарга сан жетпейт! Бирок акыйкаттык орноду деп бирөө да ыраазы эмес. Канча киши “Азаттыкка” арызданып келет? Бая дары да, врачтар да көбөйдү, бирок дарттар азайган жок дегендей кеп.

Кыргызстанда укук бузуу – күндө боло жүргөн көрүнүш. Маселен, эркектана күндө кечинде үйгө киргенде жубайыбыздан тамак-аш белендеп койдуңбу деп өктөм талап кылабыз, чынбы? Анткени, ал аялыбыздын күнүмдүк милдетине кирет деп чечип, жок, мурдатан келаткан ойго туткундалып калганбыз.

Деги акыйкат деген эмне? Бирөө акыйкатты кудайдан издейт, бири өкмөттөн же маалымат булагынан талап кылат, бирок акыйкатсыздык токтобой жатпайбы? Албетте, акыйкат уюму бир катар кыңыр иштерди ашкерелеп, чечүүгө көмөгү тийип жатат. Анткени менен акыйкатсыздык токтогон жок! Балким, бул акыйкатчыга эмес, ар бирибиздин мыйзамды жана адеп-ыйман кодексин карманганбызга жараша болор?

Менин түшүнүгүмдө ар бир адам адилет болсо, анда проблема түпкүлүгүнөн жок болбосо да, көз көрүнөө азаят эле. Эгер мен мыйзам алкагында жашасам, ким бирөөнүн укугун басмырлабасам, акыйкатчы деген уюм керек беле? Айлыгы, штаты – баары бюджеттен кетет. Парламент акыйкатчынын тандасын. Андан кийин акыйкаттык орносо экен.

Айтайын дегеним: акыйкат деген менин, сиздин аң-сезимибизден. Акыйкатчылыкты шайлоого болбойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG