Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38
«Адегенде сөз болгону» диний китептердегиден башка да мааниде туура. Анткени бардык жакшы-жаман иштердин уңгусу сөздөн башталат. Айрыкча гезит-журнал, теле, радио аркылуу (азыр интернет аркылуу да) калайык-калкка кеңири тараган кабар, маалымат коомдун маанайына, пикирине кандай зор таасир тийгизери белгилүү эмеспи. Бирок эзелтен адамзат умтулуп, улам жакындаган сайын жаңы бийиктигине, жаңы деңгээлине жете албай келген азаттыктын зарыл шарттарынын бири – сөз эркиндиги бизде барбы? Сөздүн баркы, баасы, куну эмне менен өлчөнөт? «Эл оозунда элек жок» болсо, калп-чынын иргеп укканга кулагыбыз түтөбү? Канткенде сөздүн жаратман күчү толук ачылат да, кыйратуучу, бузуучу, жаралантуучу, өлтүрүүчү касиетине бөгөт коюлат?

Амир Темирдин аксагы

Кезинде Азиянын тең жарымын каратууга жетишкен айтылуу өкүмдар Темирландын ысымындагы -лан мүчөсү «аксак» дегенди (фарсиче - «ланг») туюнтарын көпчүлүк биле бербейт. Ошол бир буту кыска, өңү серт болсо да, ченемсиз зор бийликке жеткен падыша сүрөтүн тартууга кыл калемдин чеберлерин чакырган дешет. Биринчи сүрөтчү аны бой-турпаты келишкен, жүзүнөн жаштыктын илеби жанып турган азамат жигит кылып сүрөттөйт. Падыша какшыктадың деп каарданып, байкуштун башын кыя чаптырат.

Экинчиси көркөмдөген, күчөтө кооздогон сүрөт жакпайт экен деп түшүнүп, Темирландын дал өзүндөй түрү суук элесин кагазга түшүрөт. Муну падыша ачыктан-ачык келеке катары баалап, сүрөтчүнү баягыдай эле өлүм жазасына буюрат...

Ошондо үчүнчү сүрөтчү ары ойлонуп, бери толгонуп, акыры аман калуунун жолун минтип тапкан экен. Ал падышанын мергенчиликке чыгууну жакшы көрөрүн угуп калат да, сүрөткө дал ошол аңчылыктын кызыгына берилип, дүйнөдөгү башка бардык нерсени, атүгүл өзүнүн бактылуу-бактысыз татаал тагдырын да унуткан учурун тартат. Ажайып ыр саптары көңүлүнө келе калган акын же улуу ачылышка жакындаганын туйган илимпоз кандай эргисе, аңчылыктын кумарына чындап берилген адам дал ошондой кубанып, көзүнөн от, жүзүнөн нур жанат окшобойбу.

Сүрөтчү залим падышанын дал ушундай абалын таасын чагылдыра алгандыктан, окшоштурган эмес же апырткан деп аны күнөөлөө мүмкүн эмес эле. Буттун кемтигин да атайлап сын көз менен караган баамчыл адам гана байкагыдай кылып жашырат сүрөтчү: Аксак Темирди кыска тизесине чөгөлөтүп, жаа кердирип коёт. Ошентип, сүрөтчү тирүү калат, казынадан алтын, күмүш тартуу алат...

«Эл акыны» неге элге кайдыгер?

Андан бери далай суу акты, эчен заман алмашты. Бирок ар ишке, адамга калыс баа берүү, турмуш чындыгын туура чагылдыруу маселеси дале чечилбей келет. Адамзат тарыхында зор бурулушка алып келген «адегендеги сөзү» үчүн Иса пайгамбар өмүрүн сайып, азаптуу өлүмгө барган экен. (Денесин мамыга кере мыктап асуу жолу менен мыкаачы жазага кабылганынан тышкары караламан калайыктын бузуку, шерменде деп кордоп турганы миң эсе оор азап болгон). Динге жамынып илимий өнүгүштүн жолун тоскон чиркөөнүн кыстоосуна көнбөй, өзү анык билген чындыгы үчүн Джордано Бруно, Коперник сыяктуу улуу аалымдар ажалга тике карашкан.

XIX кылымда Кавказды титиретип турган Шамил ыр жазгандарды өлүм жазасы менен опузалап, тыюу салганына карабай Махмуд аттуу залкар акын улам жаңы ырларды жарата бергенин, анын чыгармачыл эрдигин баалап, Шамил өлтүрбөгөнүн «Менин Дагестаным» китебин окугандар билет. Китептин автору Расул Гамзатов өлүмгө баш байлаган тобокелчилик — нукура таланттарды иргөөнүн жолу деп түшүндүргөн. Демек, Сөз куну адам абийири, жаны менен, эң оболу ошол Сөздү айткан кишинин өзүнүн өмүрү менен бааланат тура... (Ал эми калайык-калкка таратылуучу сөздүн материалдык наркы калем акы, мамлекеттик жана коомдук уюмдар белгилеген сыйлыктар, мисалы, Нобель сыйлыгы менен өлчөнөт).

Кыргызда чындыкты ырдагандар Токтогулдай Сибирге айдалбаса да, жарчылыктан (азыркыча айтканда, пиар жасап акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн) куру калган. «Байды көрсө мактаган, бечараны каптаган» Арзыматтар устукандын чоңун алып, тондун жакалуусун кийген.

Октябрь революциясынан кийин пайда болгон социалисттик реализм багытына ылайык, чындыкты өнүгүү процессинде чагылдыруу керек деп жүйөлүү эле талап коюлган экен. Бирок кийинчерээк ийгиликтерди апыртып, чындыктын ачуу жагын көрмөксөнгө салган кошоматчы жазуучулар үстөмдүк кыла баштаптыр.

Сталинди мактагыла деп башка чаап турган мансапкорлорго ачууланып, Коргоол ырчы: «Партиячыл акындар – Сталинге катындар», - деп какшыктап кетип калган дешет. Өкмөттүк сыйлыктарды, наамдарды биринчи кезекте чыгармасын дүңгүрөк идеологиянын талаптарына ылайыктай билгендер алып жүргөнү белгилүү.

Ырас, эл аралык, дүйнөлүк маанидеги зор сыйлыктар менен катар Лениндик сыйлыкты, СССРдин мамлекеттик сыйлыгын жана башка расмий наамдарды төшүнө калкан кылып, «Ак кемесин» «Кылым карытар бир күнгө» чейин чөктүрбөй айдап, чыгармачылыкта эч ким жокко чыгара алгыс идеялык-көркөм бийиктиктерге жете алган Чыңгыз Айтматовдун жөнү башка. Бирок компартиянын утурумдук пленум, съезддерине «жарчылык» кылгандыгы үчүн «Эл акыны», «Эл жазуучусу» ж.у.с. аталгандардын көпчүлүгүнүн чыгармалары доор алмашканда унутулуп кала берди.

Ал эми сыйлык-наамдарга жулунбай, жупуну жашап өткөн Алыкул Осмонов менен Касым Каимовдун жазгандары бүгүнкү окурмандын да көркөм табитин тарбиялап, руханий муктаждыктарын канааттандырганга жарайт (муну соңку маектеринин биринде маркум сынчы Кеңешбек Асаналиев да баса белгилеген). Тескерисинче, «элдик» наамы бар бир топ жазуучу, акындар 2005-жылы 24-мартка чейин оппозицияны каралап келип, ошол аңтар-теңтер болгон күнү кечинде теледен эмне деп сүйлөп чыкканын көрдүк го. Ушундан улам чыгармачыл инсандарга берилүүчү расмий наамдарды жоюу керек деп какшап жүргөн жазуучу Казат Акматовдун пикири да жүйөлүү деп ойлоп калабыз.

Партиялуулук кайра жаралабы?

Мындан жүз жыл илгери орус коомчулугу жааттарга бөлүнүп, партиялар таймашы акыры больщевиктер (көпчүлдөр) менен меньшевиктердин (азчылдардын) озуп чыгышына алып келерде Ленин эч кимге кошулбайбыз, бейтараппыз деген чыгармачыл интеллигенциянын намысын камчылап, «Партиялык уюм жана партиялык адабият жөнүндө» макаласын жазган. Октябрь революциясынын жол башчысы партиясыздык сөзүнө керт башынын гана камын ойлогон кайдыгерлик деген маани берип, «бейтараптар» иш жүзүндө мүшөктөгөн акчага сатылат — ким төлөсө, ошонун союлун чабат деп айыптаган. Бул биринчи кезекте публицистикага тиешелүү эле.

Бүгүнкү эркин аталган гезиттердин этегинде «жарыяланган көз караштардын баары эле редакциянын позициясын чагылдыра бербейт» деп көрсөтүлөт. Бирок кайсы басылманын ээси ким экендиги, мактаган (же кордогон) макалалар кимдин буюртмасы менен жазылып жаткандыгы белгилүү. Балким, партиялык тутум азыркыдай бытыранды болбой, ырааттуу өнүксө, туруктуу нугун тапса, жалпыга маалымдоо каражаттары ачык-айкын партиялуу болуп калар? Ошондо аймак-аймак, уруу-уруу болуп бөлүнүүчүлүктү азайтууга, расмий кожоюндары аркылуу гезит-журналдардын, теле менен радионун жоопкерчилигин да күчөтүүгө өбөлгө түзүлөбү? Же мунун баары дагы эле калем кармап, микрофон же камера көтөргөндөрдүн ички маданиятына, инсандык абийирине жараша болобу?

Эркиндик таразасы

Баа берүү жана сындоо маданияты азыр деле абдан төмөн. Илгертен калган мактоо жана кордоо жанрлары баягы эле жапайы кейпинде сакталууда. Өз ишибизге сынчыл көз менен караганга да көнө элекпиз. Жакшы ишти, аны жасаган азаматты калыс баалай албай, көбүнчө арзыматчылыкка ооп кетишет. Тескерисинче, сындаганда көптөгөн авторлор кишинин ишинде кетирген каталыгын, жаңылыштыгын таасын көрсөтпөстөн, керт башына акаарат келтирүү менен чектелип жүрүшөт. Бир жактуу каралоо менен калыс сынды айырмалоонун ордуна бийлик көп учурларда баарын аралаштырып, «ит үрө беретке» чыгарат.

Бүгүнкү басма сөздүн оң таасири аз болуп жаткан себеби да ушул окшойт. Бирөөнү акмак же акылман десең эле окурман сени ээрчип калбайт, андан көрө ошол адамдын кеменгерлигин же наадандыгын далилдеген фактыларды эле түшүндүрмөсүз келтирсең, сөзүң ынанымдуурак болот дешет батыштагы окурмандар үчүн кантип жазууну үйрөткөндөр. Сөздүн баркын арттыруунун дагы бир жолу — ар бир жаңылык же окуя жөнүндө жазганда жок дегенде эки башка (мүмкүнчүлүк болсо, андан да көп) маалымат булагына таянуу дешет алар. Ошондо сындаган жана жактаган пикирлерди окурман (угарман, көрөрман) өзү таразалап, жыйынтык чыгарып алат экен. «Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт» дегендей, чын эле маалымат алган адамдын да өз алдынча ойлонуп көрүшүнө мүмкүндүк бергенибиз оң эмеспи? (Бирок «теңдештирем» деп эки жүздүүлүк кылгандар да болот).

Эркиндик өзөгүндө жоопкерчилик болушу зарыл. Ушул диалектикалык теңдештик сакталбаса, эркиндик ээнбаштыкка айланат. Дал ошондой эле калыстыкка, чынчылдыкка таянган («жаман айтпай жакшы жок»), бузууну эмес, курууну, оору жайылтууну эмес, айыктырууну, тазартууну (тазарууну!) көздөгөн адамдын сөзү гана эркин болушу мүмкүн. Бирок бир гана ички каалоого, инсандык касиетке ишенүү жетишсиздик кылат.

Андыктан туура айтылган сын боюнча мамлекет милдеттүү түрдө чара көрүшүн камсыздаган укуктук механизмдер зарыл. (Жалаа жапты деп айыпталып, сот жообуна тартылып жаткандар, соттордун калыстык деңгээли жөнүндө кеп башка).

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG