Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Баарына апам күнөөлүү


“Бүгүнкү күнүбүздүн бетине сүйкөлгөн кара көөсү сыяктанган анархист, зыянкеч адамдар - кечээ күнү кайдыгер ташталып калган жаш балдар".

Ф. Гүлен.



Анда “Азаттык” үналгысында иштечүмүн. Болжолу андан бери беш жыл өтүптүр. Бир учур жөн жай күндөлүккө белгилеп койгон бул окуя, бүгүн өзүм эне болгон кезде мени көп ойго салды. Анан жазгым келди.

Кароосуз калган эне

Токмок шаары... Журналисттик иш менен жүрүп, жалгыз баласы көчөгө таштап кеткен кемпирди жолуктурдум. Бети-башы көгала, каңырсыган жагымсыз жыттан жанына көпкө чыдап отура албайсың. Кудум кошокчулар сыяктуу бир нерселерди кейиштүү муңканып ырдап, анан арада “эч нерсем жок, мына бул таякты да өткөндө бирөө берип кетти”, - деп ыйласа зээниң кейийт.

Балдарына, жакындарына эмес “бирөө берген таякка” сүйөнүп, карылык сыйдан кагылган эненин көргөн күнүн душманга да ыраа көрбөй турдум. Көпкө сүйлөшкүм келди, бирок апанын булдуруктаган тилин анча түшүнө албай койдум.

Эки жылдан бери көчөнү байырлап жүргөн бул эне туурасында кеңири билүү үчүн автобекеттин тегерегинде жашаган, иштегендердин көбү менен сүйлөштүм. Арбын маалыматты Токмокто көп жылдан бери жашаган Сайкал эже берди.

- Бул апа дээрлик эки жылдан бери Токмоктун автобекетин байырлайт. Нарындын Кочкорунан экен. Уулу орус аялын ээрчип кеткен. Ичпейт... Ошону үчүнбү ары-бери өткөндөр боору ооруп, колунда барын берип кетет. Бирок жанагы жаш кайырчылар жула качып кетип атышпайбы, шүмшүктөр. Билбейм, убал эле болду байкуш кемпирге. Мен жалгыз жашагандыктан боорум ооруп бир нече жолу үйгө киргиздим. Жуунтуп, кийимдерин алмаштырдым, бирок дайыма эле кароо колуман келбеди. Былтыр карылар үйүнө алып баралы десек, өзү болбой койбодубу...

Сайкал эже мага анын бардык тарых-таржымалын мына ушундайча божурап олтурду. Диктофонума баарын жаздым. Кемпир калды, мен шаарга кеттим.

Жолдо катар оюмда бир гана кайырчы кемпирдин үмүтсүз тагдыры айланып турду. Жаныңа күч келгенде 80 жаштагы энени автобекетке таштап, аялын ээрчип Орусияга кете берген немени сызгырылта каргагың келет экен. Кыргызда каргыш деген жаман го? Бирок анте албадым.

Анткени ошол эле учурда башымда мына бул суроолор айланып жаткан болчу.

- Бул эне өзү учурунда кимдин каргышына калды экен?
- Бул эне өзгөчө жаш курагында эмнеден ката кетирди?
- Бул эне баласы боюна бүткөндөн, төрөгөнгө чейин же төрөгөндөн бой жеткенге чейин ошол уулуна кандай тарбия берди экен?
- Эмнеге, эмне үчүн, эмнеден улам?.. Кызыгы, ошол кезде мен бул суроолорго жооп бере алган эмесмин. Мүмкүн ошол күнү ушул суроолорду берип жатып да мен энесин таштаган уулун бир жактуу күнөөлөп коймоктурмун. Бирок азыр анте албайм.

Эне - бүтүн адамзаттын биринчи мугалими

“Дарак түрүнүн сакталышында урук жана данеги кандай мааниге ээ болсо, адамзаттын жашоосунун уланышы үчүн да бала ошондой мааниге ээ”,- деп айтылат түрк адабиятынын биринде. Ал эми “Үй-бүлө” деген китепте, “Таалим- тарбия тууралуу маалыматы жок ата-эненин колунда өскөн баланын абалы аянычтуу. Үй-бүлөнүн деңгээлин даана чагылдырган күзгү - бала. Балдардын уятсыздыгы жана бейбаштыгы ал тарбия алган булактын булганыч экенинен кабар берет”, - делет.

Ооба, ал булактын эң негизги аты - ЭНЕ. Ал эми бала үчүн эне - тарбиячы. Эне - ашпозчу. Эне - кызматчы. Эне - күң. Эне - дос. Эне - кеңешчи. Эне - аалам. Эне - периште. Эне - сулуу. Эне жалгыз гана анын энеси. Ары назик, ары жагымдуу анан жылуу угулган бул сөздүн артында мен-мен деген эр жигиттер көтөрө алгыс опол тоодой жүктүн бар экенин билсек гана?!

Ал опол тоодой жүктүн бир аты - эненин жоопкерчилиги деп аталат. Кыз бала биологиялык түрдө жеңил гана эне болуп калуусу мүмкүн экен. Бирок аң - сезимдүү түрдө чыныгы ЭНЕ болуу бактысына баары эле татыктуу боло бербейт тура. Кудум менин бүгүнкү каарманым сыяктуу.

Эми бул жерден адистерге кулак салалычы... №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 15 жылдан бери балдар дарыгери болуп иштеген Бактыгүл Жанкойлиеванын айтуусуна таянсак, ар бир бала бул ааламга өз учурунда келиши керек. Дегенибиз, ар бир жарыкка келе турган баланын атасы менен апасы балалуу болууну пландоосу жана аны чын дилден каалоосу негизги орунда. Баласы жарыкка келгенге чейин эле “татыктуу ата-эне” болууга даярдык көрүүсү зарыл. Өзгѳчө эне... Ден соолугу бекем энеден, дени-карды соо бала туулат.

Медицина тили менен айтканда, эненин жатынына түшкөн бир клетка - бул адам, жаңы жашоонун башталышы, түйүлдүк. Түйүлдүк пайда болгон биринчи күндөр - булар кооз айлар деп аталат. Алгачкы 12 жума, 4 ай мүчөлөрдүн жаралуу мезгили, башкача айтканда органогенез учуру. Айрыкча алгачкы төрт айда же 12-жумада эне өзүн өтө карап, зыяндуу нерселерден баш тартып, баарына этият болуусу керек. Ымыркайдын кайсы бир мүчөсү жаңыдан жаралып жаткан учурда эне айрым катачылыктарга жол берген болсо, өмүр бою анын ошол мүчөсү майып болуп калат. Бала курсакта кезден эле анын сезүү органдары күчтүү болгондуктан, дарыгерлер бала менен кудум чоң кишидей сүйлөшүү керектигин айтышат.

Ал эми дин аалымдары пайгамбарыбыз Мухаммед САВ “Баланын тарбиясын тээ баштан, жадагалса ал төрөлө элек кезинен баштоо керек экенине басым жасачу”, - деп түшүндүрүшѳт. Курсакка түйүлдүк жаралгандан кыймылга киргенге чейин, бул жогоруда биз сөз кылган 4 ай аралыгында периштелер баланын бешенесине тагдырын жазышат. Өзгөчө бала кыймылга келгенге чейин баланын жаркын келечегин, тагдырын, кулк-мүнөзүн, кебетесин, жан дүйнѳсүн тиленгиле деп түшүндүрѳт дин өкүлдөрү. Ушундан улам тээ бала күндөгү коңшу апанын, “Атаңгөрү ай, баланы тууйт экенсиң, бирок кыялын туубайт турбайсыңбы”,- деген жаңылыш макалын эстеп кеттим. Көрсө, кичинекей бир клеткадан адам болуп калыптанганга чейинки тарбиялоо процессинде медицина менен дин бири-бирин толуктаган негизги бир түшүнүктү эскертет экен го энелерге.

Ал эми бала төрөлгөндөн акыл токтотуп адам болгонго чейинки аралыкта, курсактагы кезден да эки-үч эсе оор жоопкерчилик бар экенин акылдуу китептер төмөндөгүдѳй түшүндүрөт:

• Айланайын ата-энелер, балдарыңарды тарбиялоодон мурун, өзүңөрдү тарбиялагыла. Балдар сөзгө караганда көз менен, кыймыл-аракет менен дүйнөнү кабылдайт. Сен кандай болсоң, балаң сендей болот. Тактап айтканда, “Алма сабагынан ашып түшпөйт” дегендей.

• Ата-энелер өздөрүнүн жумуштук карьераларын, үй, машина алууну пландаган сыяктуу балдарына таалим-тарбия берүүнү да пландаштырып, бул багытта кеңеш берген адистерге кайрылуусу керек.

• Бул дүйнөгө келген баланын өсүшүндѳ, балдардын дарыгерине кайрылып, «Ушул аптада же ушул айда кандай азыктар берилиши керек?»,- деп режимге көңүл бургандай эле бала тарбиялоо маселеси тууралуу дагы ушул жааттагы адистерге кайрылып, «Беш жашта бир балам бар... Он жашта балам бар... Он беш жашта балам бар. Кандай тарбия беришим керек?»,- деп кеңешип, иш кылуу керек.

• Эй апалар, өзгөчө жаш апалар, бала менен кошо анын кыял-жорук, кулк-мүнөз, жан дүйнѳ, сулуулугун бүтүн төрөп алууга негиз бар. Ал эми төрөгөн соң адам санына кошконго чейин да мыкты кылып үйрөтүп аласың дегендик бул.

Аңдаганга... Мүмкүн Исхак Раззаков айткандай, “Сен таза бол, үй таза болот, үйдөгү периштедей бөбөктөр таза болот. Эгер бөбөктөр таза болсо, бүтүн коом таза болот!”

Урматтуу окурманым, бул мен оюман чыгара калган деле ойлор эмес, акылдуулар жашап да, жазып да кеткен турмуш чындыгы. Турмуш сабактары... Ал эми мен өзүм алтындай аялзатын, урматтуу энелерди бир саам, керемет бир бакчага окшоткум келет. Бакчага баарын эгип, өстүрүүгө болот. Элестетиңиз, эгер кайсы бир бакчада жыты аңкыган гүл, таптаттуу мөмө-чөмө, мырза терек, шагы ийилген жемиш бактары өсүп турган болсо, ким гана суктанбасын? Ошол бакчанын ээсине ким гана сук артпасын? Ким гана алкап, ким гана алкышын төкпөсүн?

А эгер ошол эле бакчанын жанындагы башка бир бакчаны коко тикендин түрлөрү, уйгак, чырмоок, ар кандай отоо чөптөр басып, каралбай калган болсо... Жанынан өтүп бараткандар бакчанын ээсинин шалаакылыгына кыжырданып, урушуп, сөгүп... Же ичинен боору ооруп көңүлү чөгүңкү болоору турган иш да, туурабы?

Ал эми мен сөз башында баяндаган коко тикенек баскан кароосуз бакча менен анын 80 жашка чыгып калган ээсине бүгүн боорумду оорутушум керекпи же каргайынбы?

Сиз эмне дейсиз? Себеби - БАЛА өсө турган бакчанын бир гана ЭНЕ деген ээсин билебиз!!! Баланын атасы, баланы курчап турган коом да таасири бар болгону менен баланын энесинчелик таасирдүү БАГБАНЧЫНЫ кезиктире албадым...

Жазгүл Жамангулова, журналист
XS
SM
MD
LG