Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40
Илгери өткөн замандарда
Кырсык келип адамдарга,
Жут каптаган бир айылды
Эл мөгдүрөп шайы кетип жабыгат.

Ажал менен ачкалыкка
Моюн сунуп жатпас үчүн,
Кара жанын сакташ үчүн.
Колдо барын жүктөнүшүп,
Туш тарапка агылат.

Алачыкта күн кечирип,
Балдары жаш чиедей,
Журтта калды бир жесир,
Өйдө чыкса өбөк болгон.
Кыйын кезде жөлөк болгон,
Кутман элден ажырап.

Арыкта суу шылдыр агып,
Ырын ырдап чулдуранып,
Күн жылымтап жаз келатат жадырап.

Ал келтирген узун күндө
«Мээрим төк Жаратканым,
Ажал жетип балдарыма.
Кыркылбасын канаттарым»
Деп жалооруп курган эне.
Жашын төгүп жалынат.

Чарасы жок байкуш аял кантет эми,
Тирүүлүктө табыш керек бир айла.
Тескейдеги кар кете элек,
Уулун, кызын жетелеп.
Райым этчү табылар деп адамдар,
Жолго чыкты жалбарынып Кудайга.

Эрте жаздын суук желине,
Этек жеңи делбиреп.
Жаш балалуу жесир аял,
Араң гана кадам шилтеп жол жүрөт.
Уулу ыйлайт: «Апа, нан жейм,
Кардым ачты мага тамак берчи деп»,

«Жүр басагой, бир айылга туш болобуз.
Калдык мына жакындап»
Байкуш апа араң баскан балдарын,
Алдап соолап ээрчитет,

Нечен күндөр шайы кетип,
Алсыз көзү тунарып.
Күн төбөөдө оогон мезгил,
Көлөкөлөр узарып.
Тээ алыстан түтүн чыкты,
-Карачы, апа айыл дешти балдары.
Кыйкырышып, кубанып.

Бул айыл да ушул кышта,
Көкөй кескен каатчылык кабылган,
Жазга чыкты
Кечиришип апаат күндү,
Бешенеге жазылган.
Чогулушуп бардык эл
Бир айылды аман сактап калыш үчүн
Эптеп арга табыш үчүн камынган.

Кыйын кезде ынтымакка биригишти
Чоң казанды асышты да
Кошолу деп колдоп келген бир үлүштү.
«Менде бир ууч талкан бар»,
«Менде жаңгак бир кочуш»,
Деп көтөрүп бар тапканын ,
Чоң казылган коломтого жүгүрүштү.

Берешен эл конок келсе койом деген,
Азганактай күрүчүн да, мейизин да
Алып келип казанга салып жатты.
Ичиндеги өмүрдү сактап калчу,
Сырдуу оокат көбөйө калып жатты,

От жагып, отун жарат
Жигиттер билек түрүп
Тапканын салышат эл,
Эртеңки токчулукту,
Жүрөккө түнөк кылып
Тамакты казандагы
Сапырат энекелер,
Жакшылыкты ичинен тилек кылып.

Тулубун кагып алып,
Чакасын кырып салып
Дагы эле эл үлүшүн кошуп жатты.
Аңгыча жолоочу жесир аял,
Топ элге кошулду да,
Карады казан жакты.

Боркулдап кайнап жаткан ашты көрүп,
Байкуш эне чөгөлөп жерге отурду.
Ушундай ынтымактуу
Айылга туш келгенге жетине албай,
Жашты төгүп,
Ушул деп кошумчабыз,
Казанга салды анан,
Жерден жети тоголок ташты терип.

Билдирбей карманышат,
А бирок кантсин ачка,
Баарынын көздөрү жайнап жатты.
Боркулдап чон казанда өмүр оокат
Кайнап жатты.

Ошентип, бышты тамак,
Жеткирген ушул күнгө,
Үзүлбөс үмүт дешти.
Жутунбай топук кылып,
Казандагы улуу даамдан,
Кезектешип чыпалакка илип жешти.
Таягын өбөктөнүп,
Сакалы белге жеткен,
Ак сакал ата турду.
Токчулук, тынчтык тилеп
Жараткандан,
«Оомийин» ,- деп колун жайып бата кылды.

Жыл сайын андан бери,
Жер жайнап, эл чогулуп кулпурат күн.
Сүмөлөк тамагы болуп калды
Сабырдын, ынтымактын.








Элдик уламышты ырга салган Улукбек ОМОКЕЕВ, Ош шаары.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG