Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Ал кезде биздин айылда орто мектеп жок болгондуктан, акыркы эки жылы 15 чакырымдай алыс жайгашкан совхоздун борборундагы он жылдык мектепте туугандардын үйүндө туруп окуп калдым. Биздин 9«б»-класста сабакка жооп бергенди мындай кой, эч кимге ооз ачып сүйлөбөгөн бир кыз бар эле.

Ушул эки жыл аралыгында анын курбуларына шыбырап сүйлөп жатканын же жылмайып күлгөнүн да көргөнүм жок: ал дайыма үнсүз-сөзсүз, дайыма бир нерседен корккондой, алда немеден катуу корунгандай, а түгүл ашыкча кыймыл-аракет да жасабай, ардак кароолдо турган жоокердей түз отурчу.

Тыныгуу учурунда же сабак жок болуп калганда классты башына көтөрүп, кыздардын жанын койбогон тентек балдар да ага тийишчү эмес. Мындайча айтканда, көп учурда анын бары да, жогу да билинбей калчу. Эң кызыгы, бир да бир жолу кайсы бир мугалим сабак сурап, үй тапшырмасын андан талап кылганын байкабадым. Бирок ооз ачып жооп бербегени менен, эл катары класстан-класска көчүп келгени да табышмактуу болчу. Балким башка теңтуштары кичинесинен бери чогуу окуп, анын бул мүнөзүнө, анын мындай адаттан тыш жоругуна көнүп бүтүшсө керек. Мурда көрбөгөндүктөн, алгачкы күндөрдө ал кыздын мүнөзүнө катуу таңыркай бердим.

Ал ар дайым жырткычтан чочулап, ийинине кире качууга даяр турган коёнду элестетер эле: көздөрүнөн качан болсо элден корунуп, басынып, башкалардан өзүн кем сезгени көрүнүп турчу. Бир нече жолу ар кандай шылтоо менен аны сөзгө тартууга да аракет кылып көрдүм, бирок «ооба» жана «жок» дегенден башка жооп уга албадым. Анын тагдырына кандай оор сокку урулуп, эмне үчүн мындай аянычтуу көйгө түшкөндүгүн билбедим, бирөө айтып берсе деле ал кезде жетик түшүнмөк эмесмин. Бир адамдын тагдырын түбөлүк талкалаган каргашанын маани-маңызын талдап-иликтей албайт болчумун. Ошондуктан көп өтпөй мен дагы ал кызды табиятынан ушундай аңкоо чалыш жаралган бир бечара экен деп бүтүм чыгардым.

Окууну бүткөндөн кийин ар кимибиз туш тарапка тарадык. Мен аскерге кетип, андан кийин шаардан окуп, жети-сегиз жыл алыста жүрүп калдым. Акыры туулган жердин тузу буюрган экен, кайра барып, мектепте иштедим. Бир жолу айылдык кеңешке барганда, классташ досум Мураттын үйүндө конуп калдым. Адатта балалык, жаштык күндөр, теңтуш балдар-кыздар эскерилет эмеспи. Классташтарыбыздын чоо-жайы тууралуу азын-оолак айтып бергенден кийин:

- Багы жокко дагы жок дегендей, байкуш Бактыгүлдүн багы ачылбады, - деди Мурат кейигендей.

- Эмне болду? – деп сурадым мен чочуп кетип.

- Эки жолу күйөөдөн ажырашты.

- Ал дудуктан бетер сүйлөбөй үңкүйүп отура берсе, кайсы күйөө түтмөк эле, ким болсо да ичи бышып өлбөйбү, - дедим мен күлүп.

- Ээ дос, ал башта кандай кыз болгондугун сен билбейсиң да. Андан өткөн шайыр, андан өткөн оюнкараак, андан өткөн куунак кыз жок эле. Болор-болбос бир окуядан соң анын тамырына балта чабылды да калды…

- Ал эмне болгон окуя? – дедим мен катуу таң калып.

- Бизди башталгыч класста окуткан мугалимибиздин каары ашкере катуу эле. Ал класска киргенде дым тартпай катып калчубуз. Кээ бирөөлөр а түгүл заарасы аябай кыстап турса да эшикке чыкканга сурангандан тартынчу. Бир күнү ошондой коркуп отуруп, Бактыгүл отурган жеринде ушатып койду. Агайыбыз аны жерден алып көргө салганы аз келгенсип, көпкө чейин маскаралап, ага түрдүү ат коюп, өзүнүн калжыңына маашырланып күлүп жүрдү. Анан бул окуя бүт мектепке чагылгандай тез тарады. Балдар көзүнчө да, артынан да шылдыңдап күлүшүп, байкуш Бактыгүл таптакыр баш көтөрө албай калды.

Ал кезде биздин мектепте жети жүзгө жакын окуучу бар эле. Эми ушунча окуучунун назарына түшүп, келекесине айланган жаш баланын кандай абалда каларын мага караганда сен жакшыраак түшүнөсүң, жогорку билимдүү эмессиңби…

Мен күтүлбөгөн бул жаңылыкты укканда, эмне дээримди билбей нес болуп катып калдым. Таалим берүүчү устаттын кесиптик адебине эмес, эң эле жөнөкөй кишичиликке туура келбеген бир мугалим сөрөйдүн бул кылмышын (ооба, кылмышын!) эч ким актоого акысы жок! Жаңы гана дүйнөнү таанып, сезим-туюму менен турмуштун сырларын ачып келе жаткан наристенин бүтүндөй келечегине балта чабылганын мектепте да, айыл-апада да эч ким ойлобогондугу мени катуу кайгыга салды. Эгер Бактыгүл өз убагында мыкты психологдон (же жөн гана адамдын жан дүйнөсүн жакшы түшүнгөн бирөөдөн) жардам алганда, албетте, мынчалык өксүбөйт эле да.

Биз, улуулар, өзүбүздүн кайдыгерлигибиз, текеберлигибиз, оройлугубуз, өзүмчүлдүгүбүз, жүр нарылыгыбыз менен бүгүнкү күндө да канчалаган наристелердин тагдырын талкалап жатканыбызды билебизби?

Аким КОЖОЕВ, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG