Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

А дейбиз, бу дейбиз, бирок маалымат булактарын караштыра келгенде, кайра эле орус тилинде чыккан гезиттерге, интернет-сайттарга кайрылабыз, керек болсо англис, немис тилиндеги медиа мейкиндиктерин аралашка мажбурбуз.

Бирок Кыргызстандагы ошол орус тилдүү гезит-журналдар менен сайттар кийинки жылдарда кыйла эле өзгөрүштөргө дуушарланды. Айрыкча орус журналисттеринин бир даары кадимкидей алмашты. Албетте, жапырт баары эмес, бирок биздеги жана тыш дүйнөдөгү окуяларды, бул же тигил көрүнүштөрдү чечмелөөгө жана интерпретациялоого келгенде негизги камертон Бишкек же Кыргызстан эмес, Москвадан, Орусиядан соккон желаргы экенине айласыз ишенесиң.

Ыгы жок экстремизмдин сормо сазына баткан бир эле “Белый парус” интернет гезити деп жүрсөк, кадимки эле “Слово Кыргызстана” сыяктуу расмий (өкмөттүк) органдар, анын соңунан “Вечерний Бишкек”, МСН сыяктуу гезиттер астыртадан маалымат жылжытып, ошол “Белый паруска” тымызын үн кошууда. Баарынан кабатырлантканы - биздин суверендүү мамлекетибизге шек келтирүү, тарыхыбызга итиркейленүү, Москванын антиамериканизм, антибатыш пропагандасын бизге да таңуулоо аракети. Ал эми баягы Бажы биримдигин бир беткей мактоо жана жактоо сыяктуу ачыктан-ачык аракеттер, ага каршы пикир айткандарга аркырап асылуу көнүмүш ишке айланды. Маселен, “Белый парустун” комментарийлерин окуп отурсаң «быдло», «мырки», «кирзачи», «басмачи» деген сөздөр тим эле жабырайт. Жок, аны эч ким тескеп-териштирбейт, себеби - сөз эркиндиги, экинчиден, мына ким экениңерди билип алгыла дегендей ишаарат.

Мисалдарга келели. «Почти 20-летняя история независимости Киргизии приходит к своему логическому завершению. Это государство, искусственно образованное советской империей, находится на грани развала. Центральная власть в Бишкеке потеряла контроль над Югом, где правит мэр города Ош Мелис Мырзакматов, один из главных организаторов геноцида против этнических узбеков. Свою власть он намерен узаконить на парламентских выборах. Любой нежелательный для него итог приведет к фактическому отделению Юга и распаду страны». Бул профессор А. Княевдин жазганы. Кыргызстандык журналист. Азыр Орусиянын аналитикалык борборлорунун биринде иштейт. Бул журналисттин пикирине караганда, Кыргызстан мамлекет деле эмес, кокусунан жаралып калган, коммунисттер жоктон бар кылып койгон бир жасалма территория. «Кыргызстан, - дейт Князев, - создан без учета хотя бы малейших экономических, коммуникационных, этнокультурных оснований. Ош, Джалал-Абад, Узген, Кара-Суу, Наукат, Базар-Курган, Сузак – это все исконно узбекские города и населенные пункты. Первое киргизское оседлое поселение – Таш-Тюбе, еще известное как село Воронцовка (под Бишкеком) – появилось только в 1907 году». Кеп ушундай.

Көрсө, биз атам замандан бери жашап, улуттук тарыхыбызды түптөп келген Кыргызстаныбызды бизге жолдош Ленин жөн эле айкөлдүк кылып, “белекке берип” коюптур: «Искусственно образованная территория Кыргызстана – по большому счету подарок Ленина. По этой причине кыргызские власти до сих пор сохранили памятники «вождю революции» в Бишкеке, Оше и районных центрах. Многие киргизы сами признают, если бы не было Ленина, не было бы и современного Кыргызстана».

Буга “Слово Кыргызстан” (өкмөттүн гезити) да системалуу түрдө үн кошуп келет. «Геополитически мы должны быть как можно ближе к России, вплоть до объединения в единое государство. В этом наша историческая судьба. Исламский мир, Китай, Запад нам чужды”, - деп жазат гезит. Демек, биздин жер үстүндөгү караган-тиктегенибиз бир гана Орусия болушу керек экен. Калгандарынын баары бизге жат да экен, кереги жок экен.

Ушул маанайда Барвинок деген эксперт, дагы бир аналитик Фарафонов жазып келет. Ал эми Авдееванын каалаган кыргыз жетекчисин каалашынча ур-токмокко алып басмырлаганын айтып отурбайлы.

Орус журналисттеринин пропаганда жасаган бир эле темасы - кыргыз мамлекетинин келечексиздиги, акыры жок болоору, ошон үчүн Америкадан азыртадан алыстап, Кытайдан эртерээк кол үзүп, Түркиядан колдон келишинче четтеш керектиги. Кыргыздар үчүн бир эле альтернатива - Орусия. Бир эле шанс - Бажы биримдиги.

Ушудан улам айласыз суроо туулат: деги бизде маалымат коопсуздугу (информационная безопасность) дегенди ойлонгон киши же орган барбы же жокпу? Же “төркү үйдөгүлөр каткырса, кире бериштегилер ырсаят” болуп, белимчи жана туурамчы саясаттын торунда жүрө беребизби? Же бизге эгемен Кыргызстандын келечеги эмитен эле кереги жок болуп калдыбы?

Айтор, суроолор көп, бирок жооптор жок.

P.S. Бул эркин рубрика - автордун жеке пикири экенин эске салабыз. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG