Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

Кыргызстандын бюджеттик чыгымдары жылдан жылга өсүп жатат. Акыркы 11 жылда бюджеттик чыгымдардын орточо жылдык өсүшү 21% түздү.

2000-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү 11 млрд. сом болсо, 2011-жылы 88 млрд. сомго жетти. 2000-жылга салыштырмалуу 2011- жылдын бюджети сегиз эсе өстү.
Бирок бюджет канчалык өспөсүн акча эч качан жетишпейт. Акыркы 20 жылда Кыргызстандын бюджети дайым дефицит менен жабылууда. Ошого өкмөт жыл сайын тышкы карыз алып жашап жүрөт.


Жыл сайын дефицитке батса чыгымдар эмнеге кыскарбайт? Мамлекеттик чыгымдар биздин, сиздин чөнтөгүбүздөн алынган акча. Чыгымдардын ар бир өсүшү менен мамлекет биздин чөнтөгүбүзгө тереңирээк колун салат, ошого өкмөт акчаны өтө этият, сарамжалдуу жана чоң жоопкерчилик менен колдонуш керек.

Акча жоопкерчиликтүү колдонулуп жатабы?

2005- жылга салыштырмалуу 2011- жылдын бюджети беш эсе көп, 18 млрд. сомдон 88 млрд. сомго жетти. Бул жылдары өкмөт бизге көрсөткөн кызматтардын сапаты беш эсе жакшырдыбы? Жок. Балдарыбыздын мектепте жана университетте алган билими беш эсе жакшырдыбы? Жок. Мугалимдердин айлыгы беш эсе өстүбү? Жок.

Айрым министрликтердин ишин карайлы:

• Коргоо министрлигине 2011-жылга 1,5 млрд. сом (32 млн. доллар) сарпталат, бирок түштүктө былтыр болгон июнь коогалаңында армия тынчтык орното албаганын баарыбыз көрдүк. Же андан мурдакы Баткен кагылышуусунда деле 30 согушчанды талкалай албады. Ушундай армия үчүн 32 млн. доллар коротуу керекпи?

• Ички иштер министирлигине 2011- жылы 2,9 млрд. сом (62 млн. доллар) сарпталып жатат. Бирок элде милицияга ишеним жок. Тескеричинче, милиционерлердин жана МАИнин жосунсуз жоруктары элдин кыжырын кайнатат. Элге ушундай көрсөткөн мамилесине ИИМге 62 млн. доллар коротуу туурабы?

• Билим берүү министирлигине 2011- жылы 3,4 млрд. сом (72 млн. доллар) сарпталып жатат, бирок биздин балдар мектептерде эч нерсеге жарабаган билим алышат (эл аралык PISA тести боюнча 65 мамлекеттин ичинен 65-орунга ээ болдук). Университеттерибиз болсо дүйнөлүк мыкты жана жакшы университеттердин тизмесине кирбейт. Мисалы, Казакстандын Астанадагы Евразия университети дүйнөдөгү 500 мыкты университетин тизмесине кирет. Билим берүү министрлиги менчик фирма болгондо мурун эле банкрот болуп жабылмак, себеби берген билими эч нерсеге жарабайт.

Чыгымдардын сапатсыздыгы жогоруда айтылган министрликтерге гана таандык эмес, мамлекеттик система толук бойдон ушундай. Мамлекет элден өөнөп алган акчаны сапатсыз жумшоодо. Бюджетте чегерилген акча бейсарамжал пайдаланылса, чыгымдарды көбөйтүүнүн зарылдыгы барбы? Бюджетте каражаттын көбөйүшү менен аларды колдонуу сапаттуу болуп калбады жана калбайт. Акчалар сапатсыз колдонулуп жаткан үчүн саясатчылар биринчи кезекте мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу жолдорун караштырышы керек.

Эсте тутуубуз зарыл: бүгүн Кыргызстан дүйнөдөгү эң жарды мамлекеттердин бири. Орточо жашоо деңгээлибиз жарандык согушту башынан өткөргөн жана 200 миңдей адамдын каны төгүлгөн Тажикистандан дагы артта калды. Жашоо деңгелибиз боюнча Африкадагы эң жарды мамлекетердин деңгеелине жеттик, атүгүл Судандан эки эсе төмөн кеттик. Кыргызстанды мындай оор абалдан чыгаруу үчүн улуттук өкмөт бар күчүн жана жөндөмүн экономикалык өнүгүүгө буруш керек. Ошол эле маалда социалдык чыгымдарды минималдаштыруу же токтотуш керек, себеби экономика өнүкпөсө, социалдык чыгымдарды каржылай албайт.

"Сокур ичегини" алуу

Эми экономикалык негизги принцип - каражаттарды үнөмдүү пайдалануу үчүн Кыргызстандын бюджетин кыскартыш керек. Азыр биз 2011-жылдын бюджетин ошо принципке ылайык микроскоп менен кылдат карап чыгабыз, анан принципке ылайык келбеген каражаттарды сокур ичегидей кыркып салабыз. Андай чыгымдарды үч категорияга бөлсөк болот:

I. Функциясы (пайдасы) жок каражаттар

a. Коргоо министрлиги

i. 2011- жылы 1,5 млрд сомго каржыланат;
ii. Коргоо министрликтин иши түшүнүксүз - мамлекетин ичинде коопсуздукка Ички иштер министрлиги жооп берет, чек ара үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) чек ара жоокерлери жооп берет. Баткенге 1999-жылы басып кирген ислам террорчуларына каршы аракеттер жана түштүктө 2010-жылы болгон коогалаңды токтотууда министрлик алсыздыгын көрсөттү. Эч кимди корбогон министрликтен эмне пайда?

b. Айыл чарба министрлиги
i. 2011- жылы 1, 3 млрд. сомго каржыланат;
ii. Айыл чарба министрлигинен пайда көргөн дыйканды жолуктургансыңарбы? Дыйкандарга бир пайда көрсөтпөгөн министирлик кимге керек?

c. УКМК

i. 2011- жылы 664 млн. сомго каржыланат;
ii. Июнь айындагы түштүктөгү кагылуушуларга канча гана террористерди туттук дебеди бирок алар ким экени жарыялабады. Же 7-апрелде элге ок аткан снайперлер деп канча уктук, алар деле белгисиз. УКМК мификалык душмандар/террористер менен күрөшүп жүргөндөй ой калтырат.

II. Экономикалык өнүгүү биринчи кезекте

a. Энергетика министрлиги
i. 2011- жылы 1,1 млрд. сомго каржыланат;
ii. 20 жылдан бери энергетика системабыз аскадан түшкөндөй эле бузулуп баратат. Ошол эле маалда министри жок тармактар гүлдөп өстү. Мисалы: кийим тигүү, микрофинансы жана уюлдук байланыш. Ошого энергетика тармагынын өсүшүнө министрликтин кереги барбы, минтип ар бир тармака министрлик түзсөк канча министирлик керек?

b. Бажы кызматы

i. 2011- жылы 833 млн. сомго каржыланат;
ii. Бажы кызматы эл арасында жемсөөлүккө, коррупцияга эң терең баткан бийлик органы катары белгилүү. Мындай органды мамлекет эмне үчүн каржылап жатат деген суроо туулат.
iii. Бажы кызматы мамлекетик бюджетти орточо 20% эле каржылайт, ошого муну жапкандан көп бюджеттик жоготуу болбойт- тескерисинче экономика кеңейет, салык чогултуулар көбөйөт. Анан, Кыргызстанга келген импорттук товарлар арзандайт анткени ишкерлер импорттук товарлар үчүн үстөк (пошлина) төлөшпөй калышат.

c. Социалдык камсыздоо министрлиги

i. 2011- жылы 4,8 млрд. сомго каржыланат;
ii. Кыргызстандын калкы жалпысынан жарды (орточо айлык 3,500 сом) жана камсыздоого татыктуу - ошого элдин баарына бул министрлик жардам бере албайт. Өнүккөн мамлекет болгонубузда гана социалдык чыгымдарды каржылай баштасак болот.

d. Эмгек жана миграция министрлиги

i. 2011- жылы 1,3 млрд. сомго каржыланат;
ii. Кыргызстанда жумушсуздук эң негизги проблема. Бир министрлик бул проблеманы чечпейт. Министрлик ишин аткара албаса, анын пайдасы жок жана жойсо болот.

e. Маданият жана маалымат министрлиги

i. 2011- жылы 584 млн. сомго каржыланат;
ii. Маданият тил сыяктуу өз жолу менен өнүгөт, өкмөттүн буйругу менен эмес. Концерт уюштуруу жана сыйлык берүүдөн маданият өнүкпөйт. Маданияттын байуусу экономикалык өсүштөн чыгат. Муну байыркы Грецияда, Римде көрдүк жана бүгүнкү күндө АКШда жана Японияда көрүп жатабыз.

III. «Борзый» чыгымдар

a. Президенттик администрация

i. 2011- жылы 829 млн. сомго (18 млн. доллар) каржыланат;
ii. Анын ичиде төмөнкү мекемелер да каржыланат:
iii. Президенттик архив (60 миң сом) ;
iv. Дарылоо-саламаттыкты чыңдоо бирикмеси (113 млн. сом) ;
v. Резервдик фонд (70 млн. сом) ;
vi. Президенттин иш башкармасы (298 млн. сом) ;
vii. Биздин президент 2011-жылы 18 млн. доллар чыгымдаары белгиленген. (мамлекеттик бюджетин 0.009% бөлүгү), Ирландияда болсо, аякта деле парламентик система, президент болгону 4 млн. доллар чыгымдайт (0.00005% бөлүгү). Эгер биздин президент Ирландиянын президенти менен тең пропорцияда алса бюджеттен (0.00005%), анда бюджети 4.4 млн. сом (100 000 доллар) болмок.
viii. СУНУШ: Бир адамдын - президенттин, ишин жүргүзүү үчүн 4 млн. сом жетет.

b. Турак-жай коммуналдык союзу (Жилкоммунсоюз)

i. 2011- жылы 749 млн. сомго каржыланат;
ii. Бул СССР кездеги пландык экономиканын антиквариаты. Үйлөргө жылуулук жеткизүүгө жооп берет. Бул кызмат өзүн өзү каржылоого өтүшү зарыл.

Биз жогоруда Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын кыскартуунун жолдорун карадык. Караганда да чыгымдардын эң чоңдорун. Мындан тышкары көптөгөн майда мекемелерге кетчү чыгымдар бар: Улуттук аттестациялоо коммиссиясы же Жаштар министрлиги. Бирок алар тууралуу кийинчерээк кеп кылабыз.

Кыскартыла турган ири он мекеме төмөндө жазылды. Үнөмдөлгөн сумма -17,2 млрд. сом же 365 млн. доллар. Бул мекемелер кыскартылмайынча Кыргызстандын экономикасы аксап жүрө берет. Жарым өлүк, бирок тирүү деле эмес. Ошону менен элдин жашоо деңгээли боюнча Тажикистандан дагы артта кала берет, минтип отурсак жакында Кыргызстан деле Ооганстандан ылдый түшүп кетет.

Сейитбек Усманов, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө директору

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG