Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Аракет кыл. Кыймылдагын.Тынбагын,

Кыймыл - жашоо. Бузуп алба ыргагын.

Тууганыңмын, жолдошуңмун, досуңмун,

Башты көтөр, белди буугун, чырагым.

Аракет кыл. Кыймылдагын. Эртелет.

Кыйналганда кыймыл гана дем берет.

Арман кылба, аракеттин артынан,

Болбой калса болот деген берекет.

Өкүнбөгүн. Максат койгун. Кыймылда.

Кайрат мокойт, кайрабасаң кыймылга.

Атты туурап, алты күнү чуркап көр,

Ишенбесең кыймылдагы сыйкырга.

Көөдөнүңдө көк муз, аппак кар болсо,

Бөөдө кырсык, көкөй кести зар болсо,

Жазмышыңдын оңдой албайт катасын,

Кокус, Кудай жат жазуудан нөл болсо.

Аракет кыл. Кыймылдагын. Тынбагын.

Кыймыл - бакыт, бузуп алба ыргагын.

Телегейи тегиз болбойт эч кимдин,

Башты көтөр. Белди буугун. Сынбагын.

Анан, кокус, Ош базардан, ардагым,

Атаң бай деп, сүйлө дешсе, шашпагын.

Оозум кыйшык, ойлонойун деп көргүн,

Онтобостон сен да өлүп калбагын.

Атабыздан да артык жезде болмок,

«Кыргыз тили» коому да бермек колдоп,

Медер болмок, мээ болмок Кыргызстанга,

Костюкту эле президент кылсак болмок.

Автор: Үү Өө Миң (U Ming), Бишкек

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG