Линктер

Медина бети кыпкызыл болуп туурулган, жайлоонун суугуна тотуккан секелек. Зирек кыз биз шаардан барганда алгач чочуркаганы менен бат эле көнүп кетти. Биз жайлоо бала бакчаларын ачкан топ менен, Мединага окшогон зирек наристелердин билимге кызыгуусу ойгонсун деп барганбыз.

Козу-улак айдап, кол кабышка жарап калган баласы бар ата-энелер жайлоодогу билим уясына анча деле ичи чыга бербегени көрүнүп турат. Айрымдары бала жети жаштан мектепке барса деле билим алууга жетишет деп ойлойт экен. Жапондор болсо антип эсептештейт. Буга “Үч жаштан кийин кеч” деп балдарды тарбиялоого арналган китеби күбө. Аны кыргызчага Асылбек Жооданбеков агай которгон эле.

Жайлоодогу кыз

Жайлоодогу кыз

Баса, Асылбек агайды ошол жайлоо бала бакчаларын ачуу демилгесин көтөргөндөрдүн бири, уюштуруучусу катары эле тааныйбыз. Бирок агай чыныгы мугалим, педогог экен. Балдар менен тил табышып, аларга үйрөтүп жатканын көрүп суктандым. “Балдар, билбеген уят эмес” деген сайын наристелер кысынбай ачыла баштады. Карап отуруп, азыр мектепте агай сымал мугалимдер абдан аз болсо керек деп ойлоп койдум. Биз деле билбегениң үчүн жеме угуп, билим алган муундан эмеспизби.

Улак-козуну жая турган маал болгонун балдар эбак унутту. Алар бала бакчадагы түстүү китептерге ушунчалык кызыгып отурганын көрөсүң. Арасында тамга тааныганы, тааныбаганы да бар. Бирок баарынын дилгирлиги ыраазы кылат. Ушундай ынтызар, билимге суусаган балдар кантип кийин жаман окуучу, жаман студент анан барып жаман мугалимге айланат деп ойлойсуң?! Каерден жаза тайып атабыз?

Жайлоодогу балдар

Жайлоодогу балдар

Айылда шаардагыдай тандоо аз. Билим жагын айтканым. Мисалы: англис, немис, орус, корей, кытай ж.б тилдерди үйрөтүүчү курстар жок. Балдар чектелүү гана билим алышат. Анан алар келечекте Орусияга барып мигрант күнүн көрбөйт деп ким кепилдик берет?! Шаарга келсе, тыңыраак орусча билбейт же англис тилин өздөштүргөн эмес анан кара жанын карч уруп, кара жумушка жөнөп кетишет. Анан ошондой балдардан ашынган динчилдер же улутчулдар чыкпайт дегилечи?!

Айылда сырттан окуп, бирок балдарга “кадыресе мугалим” болуп келгендер көп. Диплому гана болбосо, билими мектептеги боюнча калган. Айылда мугалим эң эле ардактуу кесип, ага жетүүгө аракет кылышат. Бирок эмнегедир кыргыз тили, адабияты мугалими, дене тарбия, география сыяктуу предметтерди көп тандашат. Физик жана химиктер жетишпейт. Бир таанышым “Биздин айылда бир агай химия, физика, математикадан сабак берет” деди эле. Эми элестетип көргүлө, үчөө тең табигый так илимдер болгону менен багыты башка да. Эми ошол мугалим кантип жетишип, кантип билим берип жатты экен деп сарсанаамын.

Жайлоодогу балдар

Жайлоодогу балдар

Тоолук балдардын билимге суусап турганын көздөрүнөн эле көрсө болот. Бирок алардын суусунун кантип кандырабыз?!

“Алайкуунун башында жашап, КТРК менен ОРТдан башканы көрбөгөн Салтанат англис тилинде эркин сүйлөп, азыр Манас университетине окууга өтүптүр”, – деген таанышым айылдашы үчүн кубанганын жашырган жок. Бирок баары эле Салтанат эмес да. Ал топтон суурулуп чыккан чыккан жүздүн бири болсо керек... Анткен менен Салтанатка окшогондор көп да. Балким Чоң Алайдагы мен көргөн беш жаштагы Медина да Салтанат эжесиндей билимге умтулган кыз болуп чоңойор, ким билет...

Айылга кантип азыркы замандын талабы билим экенин жеткиребиз? Башкача айтканда айылдык балдар качан татыктуу билим алып баштайт? Тоолуктардын жан дүйнөсү таза болот, аларды тарбияласа таза Кыргызстан болмок беле деп ойлоп кетем...

Тилегим, Жайлоо бала бакчалары балдар үчүн гүлгө куюлган суудай болсо экен...

Элвира Акимова, Бишкек шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG