Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49
Кийинки кезде элитаны алмаштыруу керек деген ойлор айтыла баштады. Мунун өзү жакшы нерсе.

Талип Ибраимов деген агайыбыз азыркы элитанын "чирип" калганын ачык айтып, аны алмаштырууга чакырып чыкты. Элитабызды алмаштыруу жөнүндө өлкө президенти Алмазбек Атамбаев да жакында телевизордон айтты.

Ооба, элитабызды өзгөртүү керек, буга каршы чыккандар болбос. Бирок алгач бизге кандай элита керектигин аныктап алуубуз зарыл. Биздин элдин көпчүлүгү кэчээки тарыхы менен жашап келет.

Эмне үчүн кыргыздар өткөн заманы менен жашап келатканын ойлонуп, мындай жыйынтыкка келдим: эгер элита жана мамлекет башчылары өлкөнү өнүктүрө турган жол таба албаса жана жашоодо өнүгүү жок болсо, анда эл артына кылчактап, өткөн заманын даңазалап жашап калат экен.

Башка элдердин тарыхында деле ушундай учурлар көп болгон. Бул жөнүндө чыгаан калемгер Салижан Жигитовдун айтканы бар: "Азыркы интеллигенциянын көзү желкесинде" деген. Азыр а кишинин көзү тирүү болгондо "...көзү желкесинде эмес, андан бир метрдей ылдый жагында" деп айтмак окшойт. Ушул себептен биздин элита өсмөк тургай, тескерисинче, артка кетип жатканы талаш деле эмес.

Өткөн учурду мактап, аны идеалдаштырууга мээнин да, билимдин да кереги жок. Мээсинин жетишпегендигин алар жалган патриотизм менен толуктап алууда. Бир генийдин айтканы бар: «жарма патриотизм - шүмшүктөрдүн акыркы иш аракети" - деген. ("Ура-патриотизм это последнее пристанище негодяев"). Ошол «шүмшүктөр» африкалык чегирткедей жайнап баратат. Алардын фонунда акыл-эси соо адамдын добушу угулаар эмес. Угулган күнү эле аларды эл душманы катары кабыл алышат. Балким жакында Талип Ибраимов да ошол «шүмшүктөрдүн» бутасына айланат. Ал эми биздин бийлик төбөлдөрү жаңы багыт көрсөтө албагандыктан ошолорду колдогондой түр калтырат.

Өлкө өнүгүшү, албетте, элдин коомдук деңгээлине жараша дечи, бирок ал өнүгүү үчүн керектүү шарт болуп бералбайт. Өнүгүү бул коомдук-саясый түзүлүш менен лидерге көз каранды. Эки мисал келтирейин. Биринчиси – Германия. Согуштан кийин бул өлкө экиге бөлүнүп калган, ФРГ жана ГДР болуп. Анда адамдарды акыл-эсине жараша бөлгөн эмес, ким кайда жашаса, ошол жерде кала берген. 45 жыл жанаша өнүгүп атып, ГДР ФРГдан 30 жылга артта калган. Ал эми Германиянын диктаторлук бөлүгү караөзгөйлүк менен өзүн "демократиялык республика" деп атап алган.

Дагы бир мисал – Корея. Бул өлкө да согуштан кийин экиге жарылды. Түндүктөгү саясый системаны совет бийлигин башкарган орустар куруп, түштүгүн америкалыктар түптөдү. Негизи корейлер эмгекчил келет, буга сөз жок. Бирок эмне үчүн Түндүк Корея эли эмдигиче ачарчылыкта жашап, ал эми Түштүк Корея дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бирине айланды?

Ошондуктан, алгач бизге кандай система керектигин аныктап алышыбыз керек. Ошого жараша элитаны да тандаганыбыз оң. Система жана элита жөнүндө ар адамдын ар башка түшүнүгү бар. Бирөөбүз авторитардык системаны жактырабыз, бирөөбүз улутчулдуктун негизинде элите түзгөндү каалайбыз, дагы башкабыз Иранга окшоп диний мамлекетти эңсейбиз, а бирөөбүз батыштык демократия деп келебиз.... Айтор, мамлекет куруунун жолдору көп. Биз кайсынысын тандашыбыз керек? Кептин баары так мына ушунда.

Президенттин элита жаңыланса дегени дурус эле нерсе. Бирок азыркы бийлик элитасы кантип жаңырып жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Президентибиз жогорку кызматтарга «брежневдик» системанын адамдарын сунуштады. Ушундан улам азыркы министрлер кабинети толугу менен Б/У (бывшие в употреблении - колдонууда болгон) адамдардан түзүлдү. Бул кадрлардын жаңы ойлору бар экенине күмөн санайм. Бар болсо, канча жылдан бери көргөзүшөт эле го. Булардын көбү мурунку президенттер менен иштешип, алардын саясый багытын колдоп жүргөндөр. Буларды жетекчиликке жөнөткөндө: "Картаң ат жер кыртышын бузбайт" ("Старый конь борозду не портит") деген принципке таянышса керек. Бирок азыркы мезгилде "картаң ат" менен алыс бара албайсың. Кечээ эле "Ынтымак курултайында" Бакиевди бир добуштан колдоп төрдө отургандар азыр Кыргыз эл Баатыры болуп, кээси бийликтин бир бурчун башкарып отурушат. Биздин элита принцип деген немеден таптакыр куржалак калса керек.

Демократиялык система деген неме өтө татаал нерсе, болбосо дүйнөдөгү кедей элдин баары эле демократиялык коомдо жана бейпилдикте жашабайт беле. Системаны иштетүү үчүн ошол системанын баалуулуктарына терең ишенген, тиешелүү реформаларды ишке ашыра ала турган адамдар керек. Тарых көрсөтүп тургандай, чыныгы демократиялык системаны түзө алган өлкөлөр өнүгүп жатат. Авторитардык өлкөлөрдүн ичинде чийки заттарга бай гана өлкөлөр өнүгүүдө. Менин оппоненттерим адатта Кытайды мисал келтиришет. Кытай убагында Батыштын либералдык экономикалык үлгүсүн кабыл албаганда, эмдигиче жакырчылыктан чыга алмак эмес. Бирок бул өлкөнүн саясый көйгөйлөрү али алдыда. Кытайдын бай адамдары демократияны жана альтернативдүү партия түзүүнү талап кылышы турган иш.

Талип Ибраимов агайыбыз адамдардын руханий жагын айтып келет. Коомдун азыркы деградациясына туура баа берди деп ойлойм, мен анын мындай чечкиндүүлүгүнө, жарандык позициясына таң калып, ыраазы болдум. Мен, саясатчы катары, өлкөнү өнүктүрүп жана ошол эле убакта элдин руханий деңгээлин көтөрө турган саясый система жөнүндө сүйлөп келем. Эгер бизде элита алмашса, бийликке Батыштын демократиялык системасын колдоп, коомубузду өзгөртө ала турган адамдар келет деп айта албайм. Анткени коомубузда андай адамдарды издеген маанай деле сезилбейт.

Өнүккөн Азия өлкөлөрү Жапония, Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Малайзия, Австралия, Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдүн тарыхына көз чаптырсак, булар европалык саясый системаны алышкан. Бул өлкөлөрдүн бардыгы парламенттик өлкөлөр. Демек биз туура жолдо баратабыз. Бирок ушул жол менен кете берсек эле баары өзү эле жасалып калат дешке болбойт. Ал үчүн билимдүү, экономика менен коомдун өнүгүшүнүн демократиялык принциптерин билген саясатчылардын жаңы муунун табышыбыз абзел. Ал эми «картаң аттарды» эс алууга узатып койсок. ("Картаң" деп жаш курагы эмес, дүйнө таанымын айтам. Кытайдын Ден Сяо Пин деген адамы 70 жашында Улуу реформаларды жасаган).

Саясый элитабызды ушул багытта алмаштыра алсак, анда Кыргызстан келечегине ишенимдүү кадам шилтейт. Анте албасак "багы жокко дагы жок" болуп, улам бирөөлөрдөн карыз сурап өлбөгөн жашообузду уланта беребиз.

Өмүрбек Абдырахманов, Жогорку Кеңештин депутаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG