Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:19
Кечээ эле орустардын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын 500 миллион доллардык карызы кечирилсин деген чечим чыгарды. Россия бийлигинин бул кадамы кыргыз элине берилген чоң жардам катары каралууда.

Ал жыйналышта Мамдуманын вице-спикери Жириновский бул карызды жойгондун ордуна биз Ысык-Көлдү алышыбыз керек деп чыкты.

"Ысык-Көл - бул керемет көл, Кара деңизге караганда дээрлик таптаза". Андан соң Жириновский: "Бул Орто Азия деген неме күчтү гана сыйлайт. "Киргизияда ак падышанын аскерлери турганда жана советтик күчтөр бар кезде алар бизди сыйлашчу. (Ак падышанын аскерлери 1916-жылы кыргыздын теңин кырганын айтып жатса керек). Эгер биз азыр аларга акча берсек анан ал карызды кечсек, алар (кыргыздар) бизди Түндүктөгү келесоолор дешет. Бизди Орто Азия өлтүрүп жатса, а биз алар менен жаш балача ойноп жатабыз, улам бир оюнчукту бере коюп... Мага президент болом деген кыргыздын бир кандидаты келип, мага жардам берсең, керек болсо, бир облусту да сага бере алам деген".

Мына ушинтип Мамдуманын спикеринин орун басары кыргыздарды орустардын парламентинде шылдыңдады. Эсиңиздерде бардыр, Кыргыз парламентинин чакыруусу менен 2008-жылы Жириновский Бишкекке келген. Чоң кызматтагы кыргыз чиновниктери аны альплагерге жана Ысык-Көлгө алпарып, обу жок ойнотушкан. Кийин Россияга барганда "кыргыздар карышкырча эт жегенден башканы билишпейт экен", - деп интервью берген.

Биз "улуу бир туугандарыбызга" чуркагандан тажабайт окшойбуз. Өткөн шайлоолордун астында биздин партиялардын лидерлери жана президенттикке талапкерлер Кремлге дембе-дем барып жагынып турушту. Кээ бири Кремлдин дубалынан өтө албай, шаабайы сууп кайра келишти. Кремлдин бийик дубалынан "секирип" өткөндөрү ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин кабыл алганына жаш баладай сүйүнүштү.

Шайлоодо алардын башка мамлекеттин чиновниктери менен түшкөн сүрөттөрү Кыргызстандын көчөлөрүнүн көркүн чыгарып турду. Муну көргөн адамдар "кайра орустардын бир облусу болдукпу?" - деп таң калып карап жатышты. Демек өз партияларын депутаттыкка өткөрүү үчүн, же президент болуш үчүн биздин саясий лидерлерибиз Кыргызстанды соодалагандан кайра тартышпайт окшойт. Бул жерде Жириновскийдин айтканынын чындыгы бардай.

Карызды кечүү тууралуу сөз болгондо "АЛ КАРЫЗ ЧЫН ЭЛЕ БАР БЕЛЕ"? - деген суроо жаралат. СССР кыйрагандан кийин бизге 190 миллион доллардык карызды бизге тагып коюшкан. Ошол кездеги союздук заводдорго деп техникалык жабдуу алсак керек. Биз ал карызды жаңы түзүлгөн Россияга эмес, ойрон болгон СССРге төлөп беришибиз керек эле. Ансыз деле бүт дүйнөдөгү жана мамлекет ичиндеги СССРдин байлыктары Россияга калбадыбы. Эгер биз чын эле Россия менен дос жана стратегиялык өнөктөш болсок ошол эски СССРдин карызын 23 жылдан бери бизден доолап келгени кандай? Россия Африка өлкөлөрүнүн, Кубанын, Вьетнамдын, Монголиянын, Сириянын, Ливиянын, Ооганстандын... ж.б. мамлекеттердин миллиарддаган доллар карыздарын жөн эле кечип койбодубу.

Экинчи алган 300 миллион доллардын тарыхы да кызыктуу. Бакиев экинчи президенттик мөөнөткө шайлоого аттанаарда адаттагыдай эле Кремлге жөнөгөн. Ал жерден Бакиевге 300 миллион доллар карыз берилген. Эмнеге берген, ал карызды ким сураган, бул боюнча маалымат жок. Ошондо эле "бул акча Бакиевге шайлоодо утуп чыгышы үчүн жана Америка базасын кетирүү үчүн пара катары берилген" - деп эл арасында ачык эле айтылып келген.

Бирок Бакиев акчаны алганы менен Американын базасын кетирбей койгон. Ачуусу келген орус бийлиги өздөрүнүн телевидениеси аркылуу Бакиев менен анын баласы - Максимди күнү-түнү "туздап" турушкан. Ошентип орус бийлиги экинчи кыргыз Революциясынын детонатору болуп беришти. Ал 300 миллион доллардын кыргыз элине кандай пайда алып келгенин так айтып берээр киши жок. 100 миллиону Камбар-Ата-2нин курулушуна кетти дешет. 100 миллиону Улуттук банкта болчу, анын эмне болгонун так эч ким айтпайт. Калган 100 миллиону түштүк коогалаңына кеткен дешет, анын да отчету бериле элек. Айтор, биздин чиновниктер карыз алганды жана аны сол чөнтөккө урганды дурус өздөштүргөн. Ал эми карызды төлөөнү элдин моюнуна жүктөп коюшкан.

Орустардын Мамдумасы кечирген карыздарды кыргыз элине пайдасы тийген нак карыздар деп атоого ооз барбайт. "Кыргыз эли үчүн ал карыздарды кечтик" - дегени да моралдык укукка ээ эмес.

Кыргыз элинин бул карыздарга эч кандай тиешеси жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG