Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10
Москвада жашаганыма быйыл үч жыл болот, анын ичинен кыргыз диаспорасына аралашканыма бир жылча болуп калды.

Диаспоранын коомдук иштерин жана тааныштарымдын жеке турмуштарын жакындан көрүп, Москвадагы кыргыздардын тиричилигин толук элестете алам десем болот. Бирок алардын күнүмдүк окуяларынан башка бул жактагы келечектеги жашоосун элестеүү кыйыныраак.

Жазгүл үйүнө кайтпайт

Жакында капилеттен бир кыргыз кыз менен таанышып калдым, аты Жазгүл экен. 17 жашта. Башка улуттардын арасында туруп калып, эмнегедир бири-бирибизди караан тутуп, сүйлөшүп калдык.

Кыргызстандан паспорт ала электе энеси ишеним кат жазып, туугандары менен поездге отургузуп жөнөтүптүр. Жаш болсо да баскан-турганы, сүйлөгөнү чоң кыздардыкындай, бирок анысына карабастан ишенчээк, кыялкеч көрүндү.

Азыр Москванын ресторандарынын биринде жасалма документтер менен иштеп жүрөт. Айтымында, ал үй-бүлөсүнүн жалгыз акча тапкычы. Бир проблеманын артынан башкасын чечүү үчүн насыя алышып, акыры карызга батып кетишкендиктен апасы Москвада иштеп жүргөн алыс туугандары менен байланышып, кызын жөнөткөн экен.

Эмгек акысы 18 миң рубль. Батирге, жол киресине, тамак-ашына алып калып, калганын үйүнө салат.

"Кыргызстанга барып эмне кылам? Бул жакта иштеп, үйүмө акча салам, ата-энем да бейкапар. Өзүмө да Москванын шарты жакты. Кийин ушул жерде эле калам", - дейт Жазгүл.

Жаңы жашоо ыңгайы

Жазгүл менен сүйлөшкөндөн кийин ойго батып кеттим. Азыр эмгек мигранттардын саны көбөйүүдө, алардын жарымын жаштар түзөт. Өспүрүмдү башка өлкөгө иштегенге жөнөтүү - бул ата-эненин айласы кеткендеги кадамыбы, кайдыгерлигиби, жоопкерсиздигиби, же чын эле биздин өлкө ошондой деңгээлге түштүбү?

Өспүрүмдөр жаштайынан эле ошондой оор турмушка көнгөн соң, алар үчүн бул кадыресе көрүнүш болуп калат. Демек алар кийин өз балдарына да ошондой жашоо шарттарын түзүп берет.

Кыргызстанды кыйынчылыктар басып, жумуш жоктон улам Орусияга ооп барган кыргыздардын бир гана максаты - көбүрөөк акча топтоп кетүү. Ошол максат үчүн алар башка өлкөдөгү оор турмушка, басмырлоолорго чыдап жүрө беришет.

"Бир аз чыдап, керектүү акча тапсак, үйүбүзгө кетебиз" деп баарына кайыл жүргөнү жүргөн. Ошондуктан 1-2 бөлмөлүү батирде 15-20дан болуп жашаганга, 12-14 сааттан иштегенге, башка улуттардын кордугуна чыдап, мунун баары утурумдук кыйынчылык деп ойлогонго көнүп келатышат. Эгер алгачкы жылдары эмгек миграциясы убактылуу көрүнүш болсо, акыркы жылдары мындай жашоо ыңгайы кыргыздар үчүн кадыресе турмушка айланды.

Ойлоп көрсөк, эмгек миграциясы бул коомдук-экономикалык көрүнүш эле эмес, бул жаңы түрдөгү коомго айланып баратат. Бул коомдо туруктуу үй-бүлө дээрлик болбойт, балдардын тагдыры бирөөнүн колунда, аларга аталык же энелик сезим өтпөйт. Баары утурумдук акча табуу, анын бир бөлүгүн Кыргызстанга жиберүү менен чектелет. Ар тараптан өнүгөйүн, башка дүйнөнү көрөйүн дегендей чоң максаттарга дээрлик чолоо да жок. Мына ушундай аң-сезим калыптанууда.

“Москвастан”

Москваны кыргыздар "Москвастан" деп атап коюшат. Башка өлкөдө, башка улуттар арасында журсө да кыргыз жарандары өз жеринде жүргөндөй сезишет. Көчөлөрдө, дүкөндөрдө кыргыздарды көрүп, алар менен чер жазышып, өздөрүн эркин сезишет. Кадимкидей эле Москванын борборунда жүрүп "эже, метро кайсы тарапта?" - деп кайрылсам, кыргызча так жооп угам.

Чын эле биздин элибиз эмгек мигранттары болуп, эки өлкөнүн ортосунда бирөөгө жакшы көрүнүп, бирөөгө жек көрүнүп, өз жеринде татыктуу жашоо кура албай же башка элге бата албай, арабөк улут болуп өмүр сүрүп өтөбү?

Айдана Абдуваитова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG