Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Жакында дүйнөнүн 17 мамлекетинен окуучулар келип, эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин уюштуруусунда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында чоң концерт берди. Ар түрдүү өлкөлөрдөн жарым миңге жакын конок келди. Башкасын билбейм, мисалы, мен “өлбөгөн төрт шыйрагым эле калды” дегендей болдум, залдын акустикасын мындай кой, отургучтары, полу, сахнасы, жарык бергичтери... кыскасы, баары эскирип бүтүптүр...

Анан калса бул жер башынан эле концерт койгонго ылайыкталган эмес. Деги эле бул залга оюн-зоок өткөрүү айла жоктун иши болуп атат... Ушул сахнада “эстрада жылдыздары” кантип жанып, кантип “жылдыз” болуп атат, билбейм...

Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы кайсыл бир жылы кайсыл бир эл аралык иш-чарага байланыштуу бир аз оңдолгондой болду, ошондон бери ал жерди жетекчилери “сары майдай” сактап, коруп келе жатат, аерде ким каалаган концерт бере албайт. Бул зал өкмөт менен партиялардын көзгө басар жери болуп, көбүнчө бийик жактын бийик уруксаты менен гана эшигин ачып турат. Залына көп адамды батыра да албайбыз, унаа токтотуучу жайлары да жок.

Ошентип, бизге жакшы, заманбап концерттик зал керек болуп турат. Экономикабыз оор, бюджетибиз жыртык болуп турганда кайдагы концерттик залды айтып башыбызды оорутпачы дечүлөр чыгар. Чыкса, чыгар, бирок керек экен.

Кошуналарды карап көрөлү: Астанадагы борбордук “Казакстан” концерттик залы 3,500 орунга ылайыкталган, архитектуралык жана акустикалык жагы дүйнө боюнча кайталангыс өзгөчөлүккө ээ, эң эле заманбап технологиялар менен камсыздалган. 187 миллион долларга курулган ал имараттын жалпы аянты 38,600 чарчы метр. Автору Манфреди Николетти, дүйнөдөгү бардык курулуш компаниялары талашып турган авангард долбоорчу, имараттарын табигый жасоонун керемет устасы. Зал төрт секторго бөлүнүп, 488 орундуу партер, 548 орундуу бельэтаж, 1804 орундуу балкон, 396 орундуу галерея. Сценасы 274 чарчы метр, оркестр чуңкуру 4,5 метр, 4 мүнөттө гана түшүрүп, чыгарууга болот. Ар бир иш-чарасынын мазмун-мүнөзүнө, катышуучуларына карата акустика өзгөрүп турат, полунун тактайы да акустикага ылайыкталган.

Ташкенттеги “Истиклол” концерт залы тээ 1981-жылы эле 3900 көрүүчү сыя турган кылып курулган экен, анда “Халклар дослиги” деп аталчу, өзбекстандыктардын ал залдагы оюн-зоогун теледен гана көрүп калдык.

Ашхабадда болсо «Буиг» компаниясы менен президент Гурбангулы Бердымухамедов 2012-жылы 26-октябрда 3 миң адамдык конгресс-холл жана концерттик зал курууга келишим түзгөн. Улуттук мемарчылыктын салттарын улап, бул имаратты француздук инвесторлор ишке ашырып жатат. Алар дүйнөлүк ири курулуш магнаты жана Түркмөнстан эгемендүүлүк алганы бул өлкөнү таң каларлык имараттары менен ааламга таанытып таштады.

Эми алар бай мамлекеттер дейт чыгарсыз. Анда кечээ эле атуулдук согуштун азабын тарткан, бизден алда канча алсыз Тажикстан Борбордук Азиядагы эң ири театрлардын бири болору күтүлүп жаткан Тажикстан улуттук театрынын пайдубалын ушул айда түптөдү. Театрдын имаратынын бийиктиги 34,5 метр болуп, жети кабаттан турат. Анда үч ири зал, бир топ бөлмөлөр жайгаштырылат. Эң чоң залына 2 миңден ашуун көрүүчү батат. Улуттук театр заманбап технологиялар менен жабдылып, эл аралык стандарттарга ылайык курулмакчы дешет. Бул боюнча долбоорду даярдоого эле 5 жыл убакыт кетиптир.

Эми төңкөрүштөр менен аты чыккан биз, кыргызстандыктар, эмне кылабыз? Албетте, курулушту долбоорлоп башташыбыз керек. Кыргызча жети деген ыйык сан – жети кабат болсо. Биринчи кабаты 3 миң кишилик чоң концерттик зал, экинчи, үчүнчү кабаттары ар түрдүү музейлер, төртүнчү кабаттары айтыш залы, эстрада залы, фольклор залы дегендей 500 орундуу залдар. Бешинчи кабаты – кино залдар. Алтынчы кабаты – чатыраш, күрөш, тогуз коргоол, аркан тартмай сыяктуу улуттук оюндар өткөрүлө турган залдар. Жетинчи кабаты – улуттук тойлор (бешик, сүннөт, үйлөнүү тойлору) өткөрүлө турган зал болуп, үстү айнек менен жабылып, жылдыздуу асман көрүнүп турса. Жалпы имарат кыргыз боз үйүнүн формасында болсо. Албетте, чоң концерттик залды жетинчи кабатка чыгарса жакшы болмок, бирок бир учурда 3 миң кишини астынан алып чыгуу жана үстүнөн лифт менен түшүрүү кыйын болуп калгыдай.

Анан мынча чоң “боз үй” бата турган жерди кайдан табабыз деп ойлосом, борбор “элиталык” деп аталган “домдор” менен толуп бүтүптүр, аларга тийбей, биринчи вариант Түштүк магистралдын үстү жагына же экинчи вариант Орто-Сай айылынын астына куруу керек. Тоолорго аябай жакшы жарашат.

Анан акчаны кайдан алабыз? Биринчи вариант – чет элдик инвесторлор. Эгер алар “силерде революциялар боло берет экен” деп качып туруп алса, айла жок өзүбүз курабыз. “Дордой-плаза”, “Караван”, “Глобус”, “Народный” дегендей супер, гипермаркеттерин, “Ала-Тоо”, “Версал”, “Олигарх”, “Тагай бий”, “Соң-Көл”, “Айкөл-ордо” тойканаларын, “Рух-ордо”, “Аалам-ордо”, “Супара” дегендей маданий-этнографиялык комплекстерин курган биздин байлар муну да кура алышат. Болгону аларды мыйзамдуу ээ кылып бөлүп берүүбүз, аларга шарт түзүп берүүбүз керек. Т.Керексизов, А.Салымбеков, Н.Түлеев, А.Сулайманов, Ө.Текебаев, Т.Мамашев, Т.Эгембердиев, А.Келдибеков, А.Атамбаев, И.Илмиянов, бир тууган Шерлер ж.б. мекенчил жигиттерибиз, “Авангард-стиль”, “Имарат-стиль” сыяктуу курулуш компанияларыбыз бар.

Болгону ынтымак керек. Ушул жылдар ордо калаада келечек муундарга окшош үйлөрдөн жана тойканалардан тышкары да бир эстелик калтырууга тийиш...

Абдыкерим Муратов, жазуучу, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG