Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35
Бишкек. Эртең мененки саат 10дор чамасы. Кар бурганактап жаап, аяз колу-башты чымчылайт. Калаанын борбордук көчөлөрү жымжырт. Бирин-серин гана караандар болбосо, күндөгүдөй топураган адам жок. Жаңы жылдык шаан-шөкөттөн кийин шаар өзүнө келе электей.

Жумушка бараткам. Жолдун четинде, Совет жана Киев көчөлөрү кесилишкен жердеги "7 дней" дүкөнүнүн жанында бир улгайган кыргыз эне отураар жерин камдап атыптыр. Жоолук оронуп алган, үстүндөгү кийиминин эскилиги жеткен.

Балпайган байбиче болуп уул-кызынын ысык чайын ичип, небере жыттап сый көрө турган жашта экен. Бирок тагдырдын тамашасын карачы, төрдө эмес, көчөдө отурат... Жалгыз. Картон кагаздын үстүндө кайыр сурап отурат... Энеге боорум ооруду. Эмнеге мындай? Биз - кыргыздар, кыргызстандыктар, ушунчалык ата-энебизди сыйлабаган мерез болуп кеттикпи? Өмүр бою элге кызмат кылып, балдарын чоңойтуп, алардын бактысын көрөм деген эненин азыркы турмуштан алган белеги ушул картон кагаз менен сыз көчөбү?

Айткылачы, эмнеге биздин энелерибиз бир тиштем нан сурап, суукта көчөдө отурат? Демократия, коалиция, Кумтөр, Бажы биримдиги, инвестиция эле дейбиз! 20 жыл жашадык ушул чакырыктар менен. А бирок андан бир майнап чыктыбы? Алдыга бир кадам таштап, артка эки кадам чегинип жаткан жокпузбу?

Бейиш энелердин таманынын астында! Неге биз мынчалык таш боор болуп калдык? Колунан келген бир жаран ошол энени кыштын суугунда үйүнө киргизип алса болоор беле? Кана ошол меценаттар? Кана ошол чоң той-топур берген депутаттар? Кана ошол Социалдык фонддун кызматкерлери? Көкүрөк керип, куру чакырык жасаган жаштар, кайдасыңар? Кайдасың ошол эненин тогуз ай көтөргөн перзенти? Кайда жакындары? Өзүмдүн үйүм болгондо экинчи апамдай киргизип алат элем. Тилекке каршы бирөөнүн үйүндө ийин кысып, катуу үн чыгара албай жашап келем.

Энеге жардам бергим келди. Чөнтөгүмдөгү бир аз акчаны чыгарып, колуна карматтым. Байкуштун көздөрүнөн жашоого болгон үмүт да үзүлгөндөй, “Алла ыраазы болсун” деген гана сөздү айтып кала берди...

Андан ылдый он метр бассам бир орус кемпир эңкейип эки балдакка таянып, бир кичине баштыкты кармап туруптур, башын жерге салып. Чөнтөгүмдө калган майда акчамды ага бердим. Колумдан башка эмне келмек?

Оо агайын, бир тууган мусулмандар, замандаштар! Динибиз, улутубуз башка болгону менен, бир өлкөнүн жарандарыбыз. Ал өлкөнүн аты - Кыргызстан. Бул биздин бешигибиз. Өлсөк ушул жердин топурагын жамынабыз. Кудайдан коркпосок да, а кээ бирлери ишенбесе да, жок дегенде адамгерчилик сапаттарын жоготпосок, ушундай Кудайдын оор сыноосуна калган энелерибизди, аталарыбызды көчөгө калтырбасак. Жырткыч болбосок, кайдыгер болбосок...

Канат Абдырахманов, журналист, актер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG