Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14
Акыркы мезгилде Орусиянын "идеологиялык машинеси" Кыргызстан Бажы бирикмесине кирсе укмуштуудай жыргай турганы жөнүндө жергиликтүү сайттарга макалаларын жаза баштады.

Бажы биримдигине кирүү же кирбөө кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет. Ал ар бир кыргыз жаранынын жашоосуна таасирин тийгизет. Ошон үчүн мен да өз оюмду ортого салып жатам.

Алгач бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикалык дараметтерин карап көрөлү. Орусияда ички дүң продукция (ИДП же ВВП) бир адамга 23 миң доллар, Казакстанда - 14 миң, Беларуста - 12 миң доллар. Ал эми Кыргызстанда болгону 2,4 миң доллар. Орточо айлык Орусияда 800, Казакстанда 650, Белоруста 450, ал эми Кыргызстанда 210 доллар.

Демек биздин эл Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө караганда 5-10 эсе кедей жашайт. Бирок биздин өзүбүзгө жараша өзгөчөлүктөрүбүз да бар. Алсак, бизде эң либералдуу жана төмөн бажы салыктары кабыл алынган. Көбүнчө бизде товардын салмагына жараша бажы төлөмүн коюшат. Ошон үчүн биздеги товарлардын, машиналардын баасы Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө салыштырганда бир топ төмөн. Негизинен биздин эл арзан импорттук товарлар менен оокат кылып жатышат.

Башка өлкөлөргө экспорт кыла турган бизден чыккан товарлар жокко эсе. Бизде тигилген текстил товарлары жалпы экономиканын аз эле бөлүгүн түзгөндүктөн жалпысынан анча деле таасир бере албайт.

Маселен, Орусияда тыштан келген машинанын бажы төлөмү сатып алынган машинанын 8 - 100 пайызын түзүп, аны эки эсеге чейин кымбаттатып жиберет. Мунун себеби Орусияда өзү чыгарган машинелер бар жана чет элдик заводдор да машине чыгарышат. Биримдикке кирген соң, эгер машина үчүн төлөмдөр орустардыкы менен теңелсе, анда машине сатып алуучулардын саны бизде 10 эсеге азаяры турган иш. Албетте, орусиялыктар "силерди машинасыз калтырбайбыз, бизден чыккан жаңы машинелерге минесиңер. Бизде "Лададан" башка, чет элдик "Ниссан", "Форд", "Хундай", а тургай БМВ да чыгарылып жатат" дешет.

Орусиядан чыккан кичинекей, бирок баасы 17-20 миң доллар болгон "Форд Фокус" деген машинени, же 10-12 миң доллар болгон "Лада-Калинаны" кыргыздар сатып алаар бекен? Азыр мындан аз акчага Жапониядан кенен, татынакай минивэндерди тызылдатып минип жүрүшпөйбү. Же ал акчага бир аз кармалган европалык же америкалык бизнес класстагы машине келип атпайбы. Демек Бажы биримдиги машине сатып алуучуларга чоң "сюрприз" даярдап жатат.

Азыр негизинен элдин дээрлик көпчүлүгү кытайдын арзан товарлары менен жашап жатат. "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары кыргызстандыктардын товар жана экспорт маселелерин толугу менен чечип жатат. Ал базарларда жана алардын тегерегинде он миңдеген адамдар иштеп, үй-бүлөлөрүн багышат. Эгер Бажы биримдигине кирсек, алар иши жок калат. Араң турган өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө алар дагы бир чыңалуу жаралышы мүмкүн.

Казакстан Бажы биримдигине киргенде, расмий статистиканын маалыматы боюнча, бардык товарлардын баасы орто эсеп менен 40% өскөн. Чынында андан көпкө өстү деп казактар өздөрү айтып жүрүшөт. Эгер Орусия менен теңдешем деген Казакстанда баалар ушунчалык өссө, анда кыргыздарга "ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма" дегенден башка айтаар сөз жок. Бажы биримдигине киргенде элибиз жок эле дегенде эки эсеге кедей боло түшөт.

Кыргызстандыктар буга макулбу? Демократия куруп жатабыз деген өлкөлөрдө мындай чоң маселени элдин макулдугу менен чечет. Бизде болсо мурун деле, азыр деле бир президент жеке өзү чечет. Ал эми биздин өз ою жок өкмөтүбүз баарына макул. Биздин өкмөт азыр Бажы биримдигине кирсек, бизге преференция берилет деп элди ишендирүүгө аракет кылып атышат. Ошол айтылган преференциялар болгон күндө да, алар убактылуу болот жана баалардын кымбатташына таасир эте албайт.

Ушинтип Орусия өкмөтү бизди биримдикке киргизүүгө мажбурлап жатат. Ал үчүн чек араларды жаап, биздин айыл чарба продукциялары болгон сүт, эт, майды шылтоо айтып киргизбей жатышат. Жакында эле орустар Украина менен болгон чек арасын жаап, украин товарларын өткөрбөй коюшту. Себеби украиндер Бажы биримдигине кирбестен Европа менен ачык соода кызматташуусуна киргени жатышат. Орусияга товарлардын өтүшү орустарды башкы санитар врачы Онищенконун саясий көз карашына жараша чечилип жатат. Ал каалаган күнү товарларды өткөзөт да, каалабаса өткөзбөй коёт.

Лукашенко деген Беларустун президенти өзүм билемдикке салып орустардын бир олигарх бизнесменин чакырып алып камап койгон экен, ошол эле Онищенко жакында эле Бажы биримдигинин мүчөсү болгон Белорустун сүт азыктарын Орусияга киргизбей койду. Ошондуктан Бажы биримдиги цивилизациясы жок өз билгенин кылган ээн баш өлкөлөрдүн биримдигиби деген да ой келет.

"Мажбурланган "сүйүү" эки тарапка ырахат алып келбейт жана көпкө узабайт" деген элдик насыл сөздү эске алсак болчудай. Бажы биримдигинин келечеги да бүдөмүк. Бажы биримдиги жок эле Кытай, Түркия, Эмират, Түштүк Корея жана башка Европа жана Азия өлкөлөрү менен эркин соода кылып жатпайлыбы. Эмне үчүн Дүйнөлүк соода уюмунун (ВТО) алкагында Бажы биримдигинин өлкөлөрү менен соода кыла албайбыз?

Бажы биримдигине киргенден кийин жалпы акча, парламент жана сотторду кийрийбиз деп кам көрүлүп жатат. Европа биримдигине окшош биримдик түзөбүз деген ниет бар. Бирок Евробиримдиги кантип түзүлгөнүн ойлоп койгон адам жок. Евробиримдикте экономика жагынан бирдей жана демократияны туу туткан өлкөлөр биригишкен. Кантип "диктатор" Лукашенко, "демократ" Атамбаев мунайга, газга бай Орусия менен Казакстан жана кедей Кыргызстан биригип оокат кылаары түшүнүксүз.

Анын үстүнө кээ бир өлкөлөрдүн жетекчилери өздөрүнүн импердик каалоолорун жашырган жок. Чоң өлкөлөрдүн геосаясий оюндарында аларга оюнчук болуп калбай биз өз оокатыбызды кылганыбыз оң. Менин позициям: достукка жана кызматташууга - "макул", ал эми Бажы биримдигине - "каршы".

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG