Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

“Киргизия” деген орустарды башка чабалыбы?


Айдай Асанбекова
Айдай Асанбекова
Өткөндө маршрутта баратып таң калычтуу окуяга күбө болдум. Бир орус улутундагы жаш жигит телефондон бирөө менен сүйлөшүп келе жаткан. Сөз арасында ал “Киргизия” деп айткан экен. Көптөгөн калк (эгер орус улутун ала турган болсок) “КИРГИЗИЯ” деп айтышат. Анан ал жигит телефон менен сүйлөшүп бүткөн соң, жанында отурган кыргыз киши "Сен эмне үчүн “КИРГИЗИЯ” дейсиң?" деп, тиги жигитти элдин көзүнчө катуу кагып кирди. Ушинтип анын жаалданып тигил жигитке асылганын мен туура көрбөдүм.

Эмне үчүн ал жигит “КИРГИЗИЯ” деп айтат?

Анткени ал кыргыз улутунун өкүлү эмес. Анан дагы эгер орус тилинин фонетикасын карай турган болсок, аларда эки жолу “Ы” тамгасы айтылбайт. Ошондуктан, алар “КИРГИЗИЯ” деп айтып көнүп калышкан. Ооба, мен алардын Кыргызстанда жашап жатып, “КИРГИЗИЯ” дебей “КЫРГЫЗСТАН” деп айтуусуна каршы эмесмин. Бирок аларды тигиндей айт, мындай айт деп кыйноо туура эмес деп ойлойм. Мындай аша чапкан жол менен, бирөөнү элдин көзүнчө шагын сындырып, укугун тебелеп, кыйноо жолу менен айттырып - биз эч качан башкаларга тилибизди үйрөтө албайбыз.

Биздин мыйзамда да башка улуттун өкүлдөрүн кыйноо, укугун тебелөө тууралуу жазылган эмес. Эгер Баш мыйзамга таяна турган болсок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 3-пунктунда жазылып турат: “Кыргыз Республикасы башка улуттун өкүлдөрүнө өз эне тилин сактап калууга, аны өркүндөтүүгө кепилдик берет”.

Ошондуктан менин жеке оюмда, ашыкча патриот же (улутчул) болуунун кереги жок. Чоң проблемалардын баары ушундай майда уруштан келип чыгат. Андыктан, улутуна, динине, расасына, тилине карабай туруп - Кыргызстанды өнүктүрүп кетсе болот. Интернеттеги социалдык тармактарга бул окуяны жаза коюп, өзүм тепкиге алындым.
Мына, жаштардын пикирлерин окуп көрүңүзчү:

Равшан Абдуллаев: Туура, таптаза эле Кыргызстан деп эле айтып жүрүшпөйбү көп эле орустар, Кыргызстан эле десин.. Аларга болушуунун кажети жок...

Азамат Ахунов: Бүгүн тилиңди урматтабаса, эртең өзүңдү урматтабайт, анан баш көтөрүп чыгышат.

Билимбек Сүйүнбай уулу: Бизде сабатсыз болсо дагы патриоттор, улутчулдар керек Кыргызстанга. Кыргызстанда улутчулдар жок, аздык кылат, өзүбүздүн жерде “местный” экенибизди сезип турушу керек башкалар. Бирок аша чаап скинхеддердей уруп тепкилегенге каршымын, албетте.

Сиз кандай ойлойсуз?

Айдай Асанбекова
XS
SM
MD
LG