Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Жоголгон ыр


Айдина (пианино), Зарина (скрипка) Биримкуловалар Бундестраттын депутаты Симонетта Соммаруга катышкан жыйында ойноп жатышат. Люцерн, 4.09.2012
Айдина (пианино), Зарина (скрипка) Биримкуловалар Бундестраттын депутаты Симонетта Соммаруга катышкан жыйында ойноп жатышат. Люцерн, 4.09.2012
Мен да бир учурда ырымды жоготком... Аны кайдан издеримди билбестен таң атырар элем. Жан дүйнөм бөксөрүп, бошоп калгандай сезилген... Мен эми эмне кылам? Кантип ырымсыз жашайм? Менин ырым кайрадан жаңырабы? Ушул сыяктуу ойлор жан-дүйнөмдү кыйнап, түнү менен ойлонуп чыгаар элем...

Ошондой уйкусуз түндөрдүн биринде менин ойлорум алып учкан бойдон туулган жерим - ак мөңгүлүү Ала Тоомо сызып жөнөйт.

- Эй, менин асман тиреген Тян-Шаным, сенин мөңгүлөрүң кылым карыткан тарыхка күбө, мен ырымды жоготтум, силер аны уктуңарбы? - деп тоолорду жаңырттым.

-Уктуңарбыыыыы, уктуңарбыыы... деген үндөр жаңырды.

Мен жооп алалбаган соң, учуп-кайкып Ысык-Көлгө жеттим.

- Оо, менин мелмилдеген бермет көлүм, сенин сулуулугуңа суктанып, толкунуңа далай эркелеп сүзгөмүн. Менин эң сонун күндөрүм сени менен өткөн. Мен ырымды жоготтум, сен аны уктуңбу?

- Жок, сенин ырыңды узактан бери уга элекмин, балким сенин ырың туулуп өскөн айлыңдадыр?

Тоо этегинде менин туулган айылым Жети-Өгүз. Сенин көчөлөрүңдө далай баскамын. Мектептен чыкканда курбуларым менен далай жолу дүкөндөрдү кыдыргам. Мына атамдын кызыл чатыр, алма-бактуу үйү турган Тынчтык көчөсү. Үйдүн алдында кичине арыктан шылдырап суу агат, жанында үч чоң чынар терек жалбырактарын шуулдатып, шамалга термелет. Энемдин тандырга жапкан ысык нанынын жыты буркурайт. Атамдын кечки тамактан кийинки кызыктуу аңгеме-жомоктору алигиче кулагымда.

- Оо, менин туулган айылым, менин бактылуу балалыгыма сен күбөсүң. Менин ырымды уктуңбу, мен ырымды жоготтум?

- Жок, сенин шаңдуу ырың бул жерде жаңырбай калган... Аа балким, сенин ырың сен билим алган борбор шаарыңда чыгаар.

Мен ырымды издеп борбор шаарым Бишкекке жеттим.

- Менин сүйүктүү Бишкегим, сенин жашыл бульварларыңда далай сейилдегемин. Жаштыгымдын эң шаңдуу студенттик күндөрүм сени менен бирге өттү. Менин биринчи сүйүүмө өзүң күбөсүң. Алгачкы иш сапарымды сенде баштагам, андагы ийгиликтердин баары сенин кучагыңда жаралды, сен менин инсан катары калыптанышыма түрткү болдуң!

Мен ырымды таппай келем, кантип жашаарымды билбей келем. Менин кубулжуп, шаңшып чыккан ырым жоголду, сен билесиңби анын кайда экенин?

- Жок, сенин ырың бул шаарда көптөн бери жаңырбай калган.

Мен ырымды кайдан издеримди билбей каалгып жүрдүм, максатым, үмүтүм үзүлгөндөй каңгырап жүрдүм. Аңгыча менин ырымды досторум, туугандарым, жакындарым уккандыр деген үмүт менен аларды көздөй учуп жөнөдүм.

- Оо, менин сүйүктүү досторум, туугандарым, силер менин бактылуу, кайгылуу күндөрүмдө жанымда болдуңар, айткылычы, силер менин ырымды уктуңарбы?

- Жок, кечир бизди, сенин ырың биздин арабыздан угулбай калды, сен ырыңды башка жерден издешиң керек...

Айнагүл Мамырбаева кыздары Элиана, Зарина, Айдина менен Люцерн шаарында
Айнагүл Мамырбаева кыздары Элиана, Зарина, Айдина менен Люцерн шаарында
Үлпүлдөп күйгөн шам бир өчүп, бир күйүп жатты, көзүмдүн жаштары жаздыгыма агып атып, бир учурда көзүм илинип кетти. Менин уйкумду пианинонун жагымдуу үнү ойготту, аңгыча ал обонду скрипка коштоду. Булар менин кыздарым Айдина менен Зарина эле. Музыканын сыйкырдуу үнү үйүмдү шаңга, бакытка бөлөдү. Үч жашар кызым Элиана музыканын ыргагында айланып бийлеп жатыптыр, анан мени көрө коюп, мени бийге кошо тартты.

Экөөбүз айланып, бийлеп жүрдүк, аңгыча эле акырындык менен мен издеген ырым жаңыра баштады. Ал менин жан-дүйнөмдү толкуттуп атты. Ооба, бул жаңыдан жаралган ыр эле. Бул обон Альпынын арасында мен жашаган Люцеринде жаңы конушумда жаңырды. Мен ырымды кайра тапканыма жетине албай кубандым. Менин айтаарым, эч качан ырыбыздан айрылбайлы, ал бизди өмүр бою жандап, кубулжуп жаңырып турсун!

Айнагул Мамырбаева,
Люцерн, Швейцария
10-январь, 2013-жыл
XS
SM
MD
LG