Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Менин тээ илгертен бери жаза албай келаткан:

“Ажалдын илинбестен капканына,
Аталар өзүңөрдү сактагыла,”- деген эки сап ырым бар.

Бул сапты андан ары улай албай жүрөм. Атанын канчалык ыйыктыгын, бийиктигин, кымбаттыгын ыр кылып жазайын дегем. Аталар өлбөгүлө, кетпегиле дейин дегем. Себеби мен бала үчүн атанын баркы кандай экенин жакшы билем. Анткени атам жашымда каза болуп калган. Атасыз тагдыр кандайдыр бир деңгээлде биздин адам катары калыптануубузга тескери таасир берди деп ойлойм. Менимче, көкүрөгүнөн өксүгү кетпеген адамдар эч кимге ишенбеген, эч нерсеге ыраазы болбогон, жөн-жай турмуштан ырахат алууну билбеген, тирүүлүк жыргалына чындап кубана албаган, дайыма жүрөгү ыйлап турган бактысыз адамдар болот.

Ушундай ойлордон улам мен балдардын эл аралык майрамында аталардын жоопкерчилиги тууралуу сөз козгогум келди. Өзүм учурда карапайым турмуш кайнаган жерде жашап, үй-бүлөлүк очокту сактоодо аялдарга караганда жигиттер арасында жоопкерсиздер көп экенин байкап келем. Тегерегимде ижара үчүн берилген чакан бөлмөлөрдө далай үй-бүлөлөр жашап, тилекке каршы, алардын ичинен болбогон эле нерселер үчүн чырдашып, ажырашкандар көп болду. Албетте, буга ар кандай социалдык маселелер себепкер деңиз. Мындай учурда аталардын 95% балдарын аялынын моюнуна арта салып басып кеткенине күбө болдум.

Тилекке каршы, мен үй-бүлөсүн эч ойлонбой туруп эле туңгуюкка таштап коюп басып кеткендерди көп көрдүм. Анан байкуш апалар балдарынын курсагын тойгуза албай же ижара акысын төлөй албай, толтура көйгөйгө кептелет... Турмуштан жол таап кеткени, жол таба албай калганы болот. Табиятынан эне байкуш аталарга караганда балдарын таштап коюп басып кете албайт турбайбы.

Мындай учурда көзүн жалдыраткан балдарга жүрөгүң ооруйт. Тиреги, ишеничи талкаланган наристенин көзүн көрдүңүз беле? Мен далай жолу көрдүм. Мисалы, өткөн айда эле мен билген эки жаш үй-бүлө ажырашып, балдары мектептен чыгып, айылга таенесине жөнөтүлдү... Эми алардын балдары окуйбу же окубайбы - билбейм. Орусияга кетип ойрон болгон аталар канча.

Аялың менен ажырашсаң ажыраш, бирок баланы кароосуз, камкордуксуз калтырба да. Аларга сенин мээримиң, карааның керек. Аялың экөөң тил табыша албай калсаң эле балдарыңды да кошо талаага таштап кеткениң адамкерчиликке сыйбайт го... Ажырашсаң аялың менен ажыраштың, ага балдардын кандай тиешеси бар? Балдарың менен ажырашпа, акеси.

Чынында ушундай окуялардан улам, башкаларга салыштырып отуруп биздин улуттун жигиттери намыссыз, борпоң, жалакай, жоопкерчиликсиз болот экенбиз деп калдым. Мындай учурда “кыргыз жигиттери мекенчил, баатыр, айкөл, арий... ж.б.” деген сөздү укканда күлкүң келет. Ата деген түшүнүктү эгер кенен карай турган болсок бир үй-бүлөнүн тагдыры бир мамлекеттин тагдыры эмеспи. Өзүнүн үй-бүлөсүнө кайдыгер мамиле жасаган аталар мамлекетине, элине тирек боло алмак беле? Өз элине душмандык кылып талап-тоноп байыган намыссыз, арсыз шылуундар бийликте отурса, болбогон бир кыйынчылыктарга сынган аталар бир аялы менен тил табыша албай балдарын таштап басып кетип атса, аялыбыз сойку, өзүбүз алкаш болуп басып жүрсөк анан кайдагы баатырдык, кайдагы жигиттик, кайдагы мекенчилдик?!

Башка элдин жигиттери өзүнүн мекенчилдигин айтпай туруп далилдейт экен. Улуттун тукумун улап, көбөйтүп жаткан энелерге урмат менен мамиле кылып, урпагына кам көрөт турбайбы...

Бизди киши кылган таенем ыраматылык “Султан сөөгүн кордобойт, жигит эч качан өз канынан жаралган баланы таштап кетпейт. Кыргыз султан эл, өлүгүнүн да, тирүүсүнүн да сөөгүн таштабайт. Силер да эч качан тирүү туруп балдарыңарды таштабагыла, мал болбогула”,- дечү эле. Азыр мен көрүп жүргөн реалдуу турмушта таптакыр андай эмес. Өзүнүн сөөгүн таштап кеткен, жалдырап күтүп жүргөн баласына бир кайрылып барбаган далай аталарды билем.

Баса, бирде атамдан сегиз айында жетим калган жалгыз иним: “Аке, биздин атабыз селсаяк, колунан эч нерсе келбеген алкаш болсо деле аман жүрсө азыр төбөбүзгө көтөрүп алат элек, ээ? Анын биз менен чогуу отуруп чай ичкени эле зор бакыт болбойт беле”,-деп атпайбы. Балдар үчүн чынында аталарынан акча, ашып-ташкан байлык керек эмес. Алардын бар экени, калдайган карааны, колунан келсе акыл-кеңеши, аталык мээрими зарыл.

Эгер аталары намыссыз, тартипсиз, жоопкерчиликсиз, адилетсиз, ууру, жалакай, эзме, мээкайык, ары жок болсо анда мамлекети да алсыз болору турмуш чындыгы экен.

Кайсыл өлкө алсыз болсо, анда ал өлкөнүн жигиттери алсыз. Аталары намыссыз мамлекет сөзсүз карызга батып, системалык кризиске туш болуп, кыз-келиндери кордолуп, балдары кароосуз калат турбайбы. Чекеден салыштырып көрсөк болот. Эгер мамлекеттин өзөгү болгон улуттун уулдарынын отуз эле пайызы намыстуу - адам курганга, шаар курганга, мамлекет курганга жарамдуу болгондо анда азыр такыр башка Кыргызстанда жашамак экенбиз... Антсе да өз сөзүмдү: “Аталар, өзүңөрдү сактагыла...” деп бүтүргүм келет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG