Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Калпактын кадырын качан түшүнөбүз?


Кечээ жөн эле калпак кийгим келип, көчөгө кийип чыктым. Көптөн бери кие элек болчумун. Алгач эле кезиккен таанышым “арты кайрылуу болсун, досум” деп көңүл айтып кирсе болобу. Өзүм да чочуп кетиптирмин.

- Ким? Эмне болуптур? - дедим бүшүркөй.

- Бирөө-жарымың көз жумдубу?, - деп кайра сурайт.

- Жок. Андайды уккан жокмун,-дедим кооптонуп.

- Анда эмне калпак кийип алгансың? Бирөө кайтыш болгонсуп.

Арданып кеттим. Калпагымды баса кийдим да, жолума түштүм. Бирок троллейбустун акыркы катарында келатып шаардагы миңдеген адамдардын арасынан бир гана калпакчан аксакалды көрө алдым. Демек досумдун сөзү деле жүйөөлүү окшобойбу. Ойлоп көрсөм акыркы кездерде калпакты майрамдарда, жамандыкта гана кийип калыптырбыз. Башка учурда колго албайт экенбиз.

Албетте, кандай баш кийим кийиш керек - ал ар кимдин өз эрки деңизчи, ошентсе да калпакка мындай мамиле кылганыбыз жүрөк оорутат. Мен үчүн калпак жөн эле баш кийим эмес, калпак башта турса сыймыктанып, бир чети калпактын баркын булгагың келбей чоң жоопкерчиликти да сезесиң. Анткени “карачы, кийгени калпак, жасаганы болсо бул” деген сөзгө калбайын деп, өзүңөн мурун калпакка сөз тийгизгиң келбейт.

Мен “кыргызмын, мекенчилмин” деп төш каккылап, башкалардын көңүлүн бурайын деген деле ниетим жок. Болгону улутту айырмалап турган, буга чейин ушул баш кийимибиз менен сыймыктанып келген калпакты кадырын жыл санап жоготуп жатабызбы деген ой түйшөлтөт.

Калпак кийгендерге болгон шаардыктардын көз карашы каңырыкты түтөтөт, калпакчан жигит айылдан келген, орус тилин билбеген, замандан бир аз артта калган деп түшүнгөн замандаштарыбыз четтен чыгат экен. Ал тургай арабызда калпакты эскинин, өткөндүн калдыгы катары караган, кийүүдөн уялган жарандарыбыз да бар. Андай дейин десең Шотландиянын мырзалары деле килттерин уялбай эле кийип жүрүшпөйбү. Ага салыштырмалуу биздин калпак койкоюп, андан көркөмдүү, анан жарашыктуу да болуп турбайбы.

Чет элден коноктор келсе, ал тургай расмий кишилерге да өздөрү өмүрү калпак кийбеген чиновниктерибиз калпак менен чепкен жаба койгонду өнөкөт кылып алышты. Шаардагы чоң мончолорго кирсеңиз, атайын мончо үчүн тигилген баш кийимди кошпогондо, кадимки эле калпакты бүктөй салып, самын-сумунуна аралаштырып көтөрүп келген эки-үч кишини сөзсүз көрөсүз.

Базарларда болсо атайын кийгенге эмес, жөн гана той-топурга алып барганга деп өзүнчө бөлүнүп, арзаныраак баада сатыкка коюлган калпактар да бар экен. Аны сатып алгандар тойдон-тойго же өлүм-житимге көтөрүп, калпактын четтери кирдеп же түлөй баштаганда кара жумушка кийип коймойубуз бар. Улуттук баш кийимге болгон урматыбыз ушубу? Анан эле өзүбүз тууралуу мактанганда сөздү “ак калпактуу кыргыз элим” деп баштайбыз. Аксакалдарыбыз бата бергенде “калпагын башыңан түшпөй жүрсүн, уулум” деп бата беришет. Сөзүбүз менен ишибиз такыр дал келбей жатканы өкүндүрөт. Калпак бул бизге гана таандык улуттук баш кийим, экинчиден жарашыктуу жана жайкысын салкын, кышкысын жылуу.

Калпак кийгендерге болгон көз карашты өзгөртүп, улутту, мамлекетти сүйүү деген ушундай майда нерселерден тураарын, өзүбүздүн көз карандысыз өлкөбүздө улуттук баш кийимди кийүү сыймык экенин качан түшүнөбүз?



Бекзат Акаев, “Манас” кыргыз-түрк университетинин студенти.
XS
SM
MD
LG