Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Акынды сыйкырлаган Ысык-Көл


Алыкул Осмонов
Алыкул Осмонов

«Кыялымда көл турбаса шарпылдап,

Ырларымда анда кандай касиет…»

Кыргыз бермети Ысык-Көлсүз Кыргызстандын табиятынын толук сулуулугун элестетүүгө мүмкүн болбогондой эле, акындардын алпы Алыкулсуз кыргыз поэзиясы жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул эки көрүнүш, бул эки кубулуш бири поэзияда, экинчиси табият дүйнөсүндө биринин тереңдигине экинчиси, биринин бийиктигине экинчиси далма-дал келген, теңме-тең келген, илимдин тили менен айтканда бири-бирине конгениалдуу көрүнүштөр, конгениалдуу кубулуштар. Эң кызыгы, бул эки көрүнүш эриш-аркак айкалышып бирин-бири толуктап, бирин-бири ачып, бирин-бири жаратып, рухий жактан бир бүтүндүккө айлангандыгында. Эгер Ысык-Көл болбогондо, Алыкул акын Ысык-Көлдү ырларында «бел кылбаганда» мынчалык бийик даражага жетет беле, түбөлүк өлбөстүккө айланат беле, ким билет? Ырас, акындын талантына дүйнөлүк поэзиянын шедеврлеринин шарапаты тийгени талашсыз. Бирок сөздүн түз маанисинде да, кыйыр маанисинде да Алыкулдун алыкулдук деңгээлге көтөрүлүшүнө эң биринчи кезекте Ысык-Көлдүн керемети, Ысык-Көлдүн сыйкыры себепчи болду. Ысык-Көлгө жолугуп Алыкул өзүн тапты, көл жээгинде жүрүп өзүн ачты. Ысык-Көл Алыкулга эч кимдикине окшобогон кайталангыс акындык тагдыр берди. Кыргыздын башка көпчүлүк акындары сыяктуу Алыкул көлгө тек гана суктанып барбастан, тек гана сонуркабастан, анын «толкунуна ортоктош» болуп жашады, анын ар бир шыбыртын жүрөгү менен тыңдап, ар бир толкунун жан дүйнөсүндө тизмектеп жашады. Башкача айтканда, көлдүн ар бир тамчысы акындын күрөө тамырында кошо айланып, көлдүн ажайып музыкасы анын жан дүйнөсү болуп калды. «Уялчаак жаш келиндей» көлдүн назик толкундарын, көңүлдү өрөпкүткөн шоокумун, ай шооласына чайынган керемет түнүнүн көрүнүштөрүн акын сезим-туюмдарынан өткөрүп, Ысык-Көлдөй табигый, Ысык-Көлдөй түбөлүк кала турган ырларды жазды. Акын мейли жаз жөнүндө, мейли кыргыз тоолору жөнүндө, мейли өмүр, өлүм жөнүндө жазбасын, дем берип, «кыялында көл шарпылдап турду». Ырларынын ыргагында көлдүн сулуулугу жуурулушуп, ар бир сабына көлдүн толкундары кошо тизмектешти. Кең аалам чөйчөктөй тар көрүнүп, адамдар жамаатынан шагы сынып, эч ким түшүнбөй турганда көлгө келип арыз-арманын төктү. Акындын өзгөчө дүйнөсүн көл гана түшүндү, трагедиясын көл гана тең бөлүштү. Балким, касиеттүү көл болбогондо биринин артынан бири келген тагдырдын оор соккусун көтөрө алмак эмес. Таш боор тагдыр менен айрым бир көрө албас адамдар кысымга алган акынды көл сактап калды, колдоду. Башта айтып өткөндөй, Алыкул үчүн Ысык-Көл тек гана табияттын кооздугу эмес эле, ал түгүл эргүүсү, илхам жаратуучусу да эмес болчу. Ысык-Көл Алыкулдун өзү, жаны эле. Бекеринен акындын эң мыкты ырлары, окуган адамдын эси-көөнүнөн кеткис керемет лирикалары көлдүн жээгинде жаралган эмес. Акын көлдү «үңкүйүп» карап отуруп жан дүйнөсүн гана байытпастан, көлдөй терең, көлдөй табышмактуу, сырдуу акынга айланган.

Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым,

Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.

Күнүмдүн ичер суудай берекеси

Өөзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың, - деп акын көлдү бүтүндөй адамдык, акындык дүйнөсү, таза сезими менен берилип сүйгөндүктөн көл акынга агынан жарылып купуя сырларын ачкан, сулуулуктун, улуулуктун мөл тамчысын ичирген.

Бир сөз менен айтканда, Алыкулдун поэзиясы Ысык-Көлдүн сублимациясы, табият кооздугунун, асылдыгынын башка бир көрүнүшкө, кубулушка айланышы, башка бир формада, мазмунда жашай башташы.

Ошондуктан ал түбөлүктүү, ошондуктан ал өлбөс-өчпөс. Акын өзү айтмакчы, Ысык-Көл барда анын канаттуу поэзиясы да кылымдарды карыта бермекчи.

Аким Кожоев, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG