Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40
Мен өзүм үчүн Американы ачтым. Бул сөздү ар кандай маанисинде алып караганда да жарашып турат.

Биринчиси, албетте, Америка Кошмо Штаттарына биринчи жолу сапарга аттанганым. Кыргызстандык беш айым тажрыйба алмашуу максатында жөнөп калдык. Бир материктен экинчи бир материкке, үч жолу самолет которуп, 19 сааттык узак жолду учуп, океандын үстү менен өтүү – бешөөбүз үчүн тең биринчи жолу болуп атат. Экинчи мааниси - көп жаңы нерселерди көрүп, үйрөнүп келдик.

Бишкектен 6-март күнү жөнөгөн болсок, узак жол жүрүп Вашингтонго жеткенде дагы деле 6-март экенин түшүнүү биз үчүн бир аз кыйыныраак болду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы 11 сааттык айырма. Мындай айырманы өзүң да, организмиң да дароо түшүнгүсү келбейт. Америкалыктар бизден жарым суткага артта калып жашайт тура, биз жаңы күндү алардан жарым суткага эрте көрөт экенбиз.

Бизди жапжарык болгон түнкү Вашингтон ызгаардуу шамалы менен тосуп алды. Кар жок болгону менен өтө суук экен. Кызыгы, кар жааганда коомдук транспорттор дагы ишин токтотуп, ал күндөрү жумуш дагы болбой каларын айтышты. Ошентип ал күнү мейманканага токтоп, эртеңки иш-чарага даярдык көрдүк.

Эртеси Конгресстин китепканасында өткөн иш-чаранын расмий бөлүгү жыйынтыкталгандан кийин шаарга экскурсия жасадык. Вашингтондо асман мелжиген үйлөрдү көрүүгө мүмкүн эмес. Бирок архитектурасы кооз, тарыхый имараттар көп. Американын биринчи президенти Жорж Вашингтон Потомак дарыясынын жээгине шаар курууну пландап, 1790-жылы анын архитектурасын француз инженери Чарльз Пьер де Ланфанга тапшырган.

Революциялык аскерлердин катарында күрөшкөн бул инженер шаардын өзгөчө болушуна аракет көргөн. Шаардагы эң кооз имараттардын бири Өкмөт үйү болуп саналган Капитолий үчүн орун тандап, анын капталдарына конгрессмендер отура турган имараттарды курган. Капитолий менен Потомак дарыясынын аралыгында Улуттук аллея бар. Бул аллеяда Смитсондук комплекстин музейлери, Искусствонун улуттук галереясы, Ботаникалык бак жана көптөгөн мемориалдар орун алган. Улуттук аллеянын түндүк тарабында Ак үй – АКШ президентинин резиденциясы жайгашкан. Бул Ак үйдө президент үй-бүлөсү менен жашайт дагы, иштейт дагы. Эгерде бир жакка чыга турган болуп калса Ак үйдүн короосуна үч тик учак келип конуп, президент кайсы тик учакка түшүп кеткенин кала берсе учкучтар дагы билбей калышат экен. Бул президенттин коопсуздугу үчүн жасалган нерсе деп айтышты... Вашингтон шаарын көрүүгө бир күн жетишсиздик кылат экен.

Кийинки күнү Флорида штатына – Майами шаарына учуп кеттик. Кыштын суугу кете элек Вашингтондон дароо жапжашыл болгон, жайкы аба ырайына, Атлантика океанынын жээгине түшүп калуу биз үчүн башкача сезимдерди пайда кылды. Бул жерде эч качан кыш болуп, кар жаабайт экен. Жашыл пальмалар, кооз гүлдөр ар дайым шаарды көрккө бөлөп турат. Океанга жылы бою түшүүгө боло турган климат. Кышы-жайы туристтердин агымы токтобойт. Орусиянын эстрада жылдыздары: Филипп Киркоров, Кристина Орбакайте, Игорь Николаевдин үйлөрү дал ушул шаарда. Бул жерде ишкерлик абдан өнүккөн.

“Медалдын эки тарабы бар” дегендей, бир жаман жери маал-маалы менен катуу, куюндуу шамал (ураган) болуп турат. 2005-жылы эң күчтүү куюн катталып, шаардын баарын жайпап кеткен. Ошондуктан, турак үйлөр куюнга ылайыкталып жапыз болуп курулат. 58 кабатка чейин курулган бийик имараттар деле бар, бирок алардын көбү кеңселер. Кызыгы, биздеги эң бекем курулуш материалы деп эсептелген бышкан кыш ал жакта куюнга туруштук бере албаган материал катары саналат. Үйлөр адатта бекем бетондор менен салынып, терезенин сыртынан жаба турган темирлер даярдалат. Синоптиктер куюн болорун билдиргенде эле шаар боюнча жумуш токтоп, үйлөрдүн темир терезелери жабылат...

АКШдан үйрөнө турган нерселер көп экен. Мыйзамды баары сыйлап, жогору коюшарын көрүүгө болот. Ар бир жаран укугун коргоп алганга мүмкүнчүлүгү бар. Айрыкча, мени айдоочулардын жол эрежелерин сактаганы таң калтырды. Биздегидей “жетишем да” деп жолчырак күйүп-жанып атканда өтүп кетмей жок. Майамиде биздегидей башкы жол, өткөрүүчү жол деген түшүнүк жок. Ошого карабай, жолчырак жок жерлерден деле бири-бирине жол беришип, түшүнүү менен эле жүрүшөт. Бири-бирине сигнал берип, ызы-чууга түшкөн айдоочуну кезиктирүү кыйын.

Мамлекет дагы жарандарына жакшы кам көрөт. Мисалы, өтө аз үстөк пайыз менен насыялар берилет. Мисалы, ипотекага үй алуу үчүн жылына 3-4% насыяларды узак мөөнөткө.алышат. Биз менен салыштырып караганда, жок эле дегенде он эсе арзан.

Тамактануунун, конок тосуунун дагы жакшы жактарын алсак болчудай. Мисалы, биздегидей ысырапкорчулук менен дасторкон жайышпайт. Коноктордун каалоосуна жараша, ченеми менен тамактар коюлат. Анан дагы майлуудан качып, витаминдүү, жеңил тамактанганга аракет кылышат...

АКШда ыктыярчылык абдан өнүккөн. Көп жарандар – жашы дагы, карысы дагы негизги жумуштарынан сырткары өз ыктыяры менен коомго пайдалуу иштерди акысыз жасаганга аракет кылышат. Бул жол менен алар мамлекетке жардам берип атканын түшүндүрүшөт...

Таза кандуу америкалыкты табуу кыйыныраак. Ар кандай улуттардан куралган калк. Ошондуктан “сен түндүктөнсүң, же түштүктөнсүң” деп ич ара бөлүнгөнүн көрбөйсүң.
Дилбар Алимова. АКШ. Вашингтон шаары.

Дилбар Алимова. АКШ. Вашингтон шаары.

Кайсы жердин болсо дагы жакшы, пайдалуу жактарын алганга эмнеге болбосун?.. Ошентип көптөгөн жаңы идеяларды артынып алып, Кыргызстаныбызга кайттык.

Дилбар Алимова, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG