Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:32
Бул суроонун коюлушуна акыркы учурда биринин артынан бири чыгып аткан чек арадагы чатактар себеп болууда. Бардык чатактарды биринчи болуп кошуналар баштаганы, алар кыргыз жарандарына үстөмдүк көрсөткөндөй мамиле кылганы ачыкталып атат. Бийлик болсо чек ара көйгөйүн чечүүгө чын дили менен аракет кылган жок. Орун алган чатактарга эч кандай баа да берилбеди, күнөөлүүлөр жоопко да тартылбады.

Кечээки эле Баткен районуна караштуу Жака-Өрүк кыштагында чыккан тирешти ала турган болсок, тажик кошуналар кыргыздарды жайытка өткөрбөй, бул ишти жайгарууга аракет кылган кыргыз милиция кызматкери менен дагы бир жараныбызды сабап салганы чырдын чыгышына себеп болду. Андан соң кыргыздардын дүкөн, контейнер, май ташуучу унаасы тажиктер тарабынан өрттөлдү. Буга чейинки чатакта эл аралык келишимдерди бузуу менен Кыргызстан тарапка ок чыгарышкан эле. Эсиңиздерде болсо, ошол окуядан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга эки нааразычылык нотасын жиберген. Биринчиси - жол курууну токтотуу боюнча тажик тараптын мыйзамсыз талаптары, ок атууну биринчи баштаганы боюнча каршылык. Экинчиси - окуядан кийин эл аралык коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун бекемдөө жана иликтөө бүткөнчө чек аралар белгисиз мөөнөткө жабылары билдирилген. Кандай гана чатак чыкпасын эки тараптуу мамлекеттик комиссия иликтемей болду деп билдиришкени менен бир дагы комиссия жыйынтык чыгарып, бул окуяларга баа берген жок. Баа берилмейин чек ара ачылбайт деп нота жибергени кайсы да, эч кандай жыйынтык чыга электе чек араны кайра ачып салганы кайсы?

“Экономикалык зыян тартып атабыз, Сүлүктүдөн чыккан камаз-камаз көмүрлөрүбүздү Тажикстанга сата албай калдык” деген жүйө менен чек араны ачышты. Менин оюмча, чек арадан көмүрлөрдүн Тажикстанга өтпөй калышынан, тескерисинче, кыргыз эли пайда көрдү. Мурда көмүрдүн килограммы 12 сомго чейин чыгып кетип аткан болсо, бул жолу Баткендин эли 5 сомдон алып атты. Бул, албетте, карапайым эл үчүн пайдалуу болду. Экономикалык жактан кыргыздарга караганда тажиктер көбүрөөк зыян тартты. Анткени, курулуш материалдарынын баары, азык-түлүктөр, кийим-кечектер, күйүүчү майлар негизинен Кыргызстандан кирчү. Ошондуктан, көйгөйлөр чечилмейин чек араны ачпай, бууп турганыбыз оң болмок.

Дагы бир кайдыгерлик, жүрөктү өйүткөн маселе – бул тармакты жетектей турган кызматтарга татыксыз адамдардын дайындалышы. Мисалга алсак, күч түзүмдөрүн көзөмөлдөөчү вице-премьер-министрликке аскер тармагында эч качан иштебеген, Баткен окуясында куралдуу топтун барымтасына түшүп калуу менен белгилүү болгон Абдырахман Маматалиевдин дайындалышы. Ал эми Чек ара кызматынын жетекчилигине ошол эле Баткен окуясында барымтага түшкөн дагы бир аскер адамы Курманакун Матеновдун коюлушу. Эмне бизде барымтага түшпөгөн адам жокпу? Тарыхтан алып карасак, Ата Мекендик согуш учурунда душмандын барымтасына түшүп калгандарды кантип жазалашчу? Мен Маматалиев менен Матеновду жазалагыла дегенден алысмын, бирок, жок дегенде мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мындай адамдарды бул постторго кызматка койбош керек эле да?!

Кечээки чатак чыккандан кийин эл менен жолугушууга барган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин сөзүн эл уккусу да келбеди. “Жаш балага шоколад берип алдагандай куру убадаңарды токтоткула! Биз тоюп бүттүк! Силер келип-кеткениңерден пайда чыга элек” деп эл кесе сүйлөдү. Чек ара маселесин тез аранын ичинде чечип берүүнү, иштей албай жаткан облус бийлигин алмаштырып берүүнү, облустун жетекчилигине бир кезде иштеп кеткен Мамат Айбалаевди коюп берүүсүн талап кылышты. Андан ары окуя болгон жерге барганда ал айылдын тургундары вице-премьер-министрди бир үйгө камап туруп, алар койгон талаптарды аткармайынча, бошотпойбуз деп турушту.

Мен элдин бул кадамын түшүнүү менен кабыл алдым. Айла жоктон, үнүн бийлик укпай аткандыктан ушул кадамга барып жатышат.

Чек арада канча чатак чыкпасын президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча бир да жолу элге кайрылуу жасап койгон жок. Менимче, президенттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болмоюн, бул маселе чечилиши кыйын. Балким, мамлекеттик сыр үчүн президент көп нерсени ачык айта албай аткан чыгар, ошентсе дагы жок дегенде элдин моралдык жактан духун көтөрүп, атайын бул көйгөйлөр боюнча кайрылуу жасап турса болмок.

Мамат Айбалаев Баткен облусунун губернатору болуп турган кезде дал ушул чек ара маселеси боюнча кошуналар сестенип турушарын, Айбалаев кызматтан кеткенде кубанып, той кылышканын жергиликтүү эл айтып жүрөт. “Калк айтса калп айтпайт” дейт, бул сөздөр да төгүн жерден чыкпагандыр. Эгер ушул сөздөр чын болсо, жок дегенде, бийлик ушул кишиге бир жолу мүмкүнчүлүк берип, бул маселени жайгаруу үчүн тажрыйбасын пайдаланбайбы? Ал киши дал ошол чатактар чыгып аткан аймактан чыккан, көйгөйдү ичинен билет деген үмүт. Ишти жөнгө салып кете албаса, кайра алып салуу кыйынга деле турбайт го?!

Жакында президент Алмазбек Атамбаев Таласта сүйлөгөн сөзүндө “Чек арада жашагандардын көбү кошуналарга үйүн сатып, башка жактарга көчүп келе берген. Анчалык патриот болсо эмнеге башка өлкөнүн жаранына үйүн сатат?” деп туура маселени айтты. Анткени, 2000-жылдардан кийин Тажикстан менен чектеш айылдарда кыргыз жарандарынын үйлөрүн тажиктер сатып алган учур көп кездешкен. Буга ошол кездеги бийлик көңүл буруп койгон эмес. Экинчи жагынан алып караганда, жашоого шарт жок болсо, элдин баары жумушсуз болсо, айланаңдагы үйлөрдүн баарын тажиктер алып курчап алган болсо, ортодо калган жаран айласыздан деле ушул кадамга барат да?! Жашоого шарт болсо, жумуш менен камсыз болуп турса ким эле өз үйүн таштап кеткиси келсин?

Андан көрө бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, ошол үйлөрдү жогорку баада мамлекет өзү сатып алса мынчалык көйгөй жаралмак эмес. 2010-жылы Баткен районунун Ак-Сай аймагынын өнүгүү программасы иштелип чыгып, бюджеттен тажик жарандарына сатылып кеткен үйлөрдү кайра сатып алууга, ал жердин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 10 млн. сом бөлүнгөн. Бирок эң башкы маселе– тажиктерден үйлөрдү кайра сатып алуу иши аткарылбай эле, ФАП, мектептер ремонттолумуш болуп, бул акчанын дайыны чыкпай кеткен. Мамлекеттин акчасы максатсыз пайдаланылганы үчүн кылмыш иши да козголуп, кийин бул иш эмне менен бүткөнү билинбей калган. Бул иш дагы иликтениши зарыл.

Анан дагы Баткендеги чек ара менен чектеш аймактарга өзгөчө статус берип, аларды ошол жерде кармап калуунун аракетин көрүшүбүз зарыл. Бул үчүн пенсия-пособиелерди, айлыктарды көбөйтүп, атайын мамлекеттик колдоого алышыбыз керек. Алар биздин чек араны коргоп жатпайбы?..

Чыккан чатактар чек араны тактоо иштерин артка тартат. Менин баамымда, буга тажик кошуналар кызыкдар. Анткени, алар менен чек арабыз такталып калса, Кыргызстан айланма жолду салып алып, Тажикстан аркылуу өткөн жолго көз карандысыз болуп калат. Кошуналар болсо муну каалабайт, ошондуктан, улам чатак чыгарып аткан болушу мүмкүн.

Чек ара тактоо оңой эмес маселе экени түшүнүктүү. Айрыкча, Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен жерлерде талаш аймактар көп. Ошондуктан, кайсы өкмөт келбесин, эптеп эле өзүнүн иштеп аткан мөөнөтүн тынч өткөрүп кеткиси келет. “Эмне болсо да менин учурумда болбосун” деп жанталашат. Минтип отурсак бул маселе чечилеби? Баткенибиздин көп жерлерин алдырып койбойбузбу? Деги эле Баткен бизге керекпи? Ким ушул чек ара маселесин чечип берсе, Кыргызстандын тарыхында чоң тамгалар менен жазылып калар...

Дилбар Алимова, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG