Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Шылуундар “олжосуз” калды


Дилбар Алимова.
Дилбар Алимова.
Үйдө отурсам телефонума жашырылган номерден бирөө чалып калды. Үнү тааныш эмес, шашып сүйлөйт:

- Алло, эже, кандайсыз?
- Жакшы, ким бул?
- Мен Зайнидинмин, Москвадагы.

Зайнидин бир тууган тагамдын баласы. Москвада эл катары иштеп жүрөт.
- Зайнидин? – Ал менден 7 жаш улуу, мени эже дебеш керек эле деп шектене түштүм. - Анан эмнеге мени сиз деп жатасың?

- Эже, мен Зайнидин менен чогуу иштеген баламын. Иш чатак. Зайнидин камалып кете турган болуп атат. Ал иштеген жерде бир бала өлүп калып, баарын Зайнидиндин мойнуна илгени жатышат. Сиз Бишкекте турасызбы? Анын апасынын номерлерин бериңизчи, срочно!

- А сен эмнеге жашыруун номерден чалып жатасың?

- Менин номерим 0555631045.

Шашып сүйлөп, телефонун коюп салды. Буга чейин минтип телефон аркылуу алдагандарды көп угуп, окуп калган элем. Ошолордун бири болсо керек деп ойлодум. Зайнидиндин Москвадагы номерин таап өзүнө чалсак, аман-эсен эле иштеп жүрүптүр. Мындай кабарды угуп шок болду.

Менин номеримди ошол шылуундар кайдан табат, Зайнидин экөөбүздүн туугандык байланышыбызды кайдан билип алышат (?) деген суроолорго жооп издеп жаттым. Жообу деле көп узатпай билинди.

Көрсө, булар алгач жолдошума чалган экен. Номерди оюнан чыгарып эле терген болушу мүмкүн. Же болбосо, анын номери гезитте, жумушу боюнча жазылып жүрөт, ошол жактан көрсө керек Ага чалып:

- Жезде, кандайсыз? – дейт. Эми эркектердин баары эле бирөөгө болбосо бирөөгө жезде да.

- Жакшы, ким бул? – дейт жолдошум.

- Ээ, жезде, тааныбай атасызбы? Москвада ким бар эле өзү? – суроо узатат.

- Зайнидинсиңби?! – дейт кайырмакка илинип. Бирок эмнеге жезде деп атканын түшүнбөй. Шылуундар Зайнидин деген тууганы Москвада экенин илип алышат дагы:

- Эжемдин номерин бериңизчи?, - дейт.

Алгач эч нерседен кам санабай менин номеримди берип коет. Ушинтип эле өзүбүз кайырмакка илинип берет экенбиз да, көрсө.

Мен апасынын номерин бербей койгондон кийин жолдошума кайра чалыптыр:

- Жезде, Зайнидин экөөбүздү камай турган болуп мен качып араң келатам. Азыр чек арада турам. Мени өткөрбөй кармап атышат. Жаныңызда 1000 сом болсо, мага бирдик салып туруңузчу, мен азыр шаарга барып кайрып берем, - деп.
Бирдик сал дегенди укканда эле жолдошум дагы шылуундар экенин байкап калыптыр. Берген номерин чалып текшерип көрөлү десек, коңгуроолорго бөгөт коюп коюптур.

Мына ушинтип, бул жолу шылуундар “олжосуз” калды. А бул тууралуу маалыматы жок адамдар, жакын тууганынын кырсыкка кабылганын угары менен дароо бирдик салып беришип, акчасына күйүп кала беришет да. Балким, бул окуя дагы бир канча адамдарды шылуундардын кайырмагына илинүүдөн сактап калар.

Дилбар АЛИМОВА, журналист
XS
SM
MD
LG