Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40
Биз, кыргыздар, өзү кызык калкпыз. Бийликти “коррупция менен күрөшпөйсүң” деп жектейбиз. Бирок аны менен күрөшүү башталса, кайра кылмыш козголгондорду аяйбыз, “бизге, биздин балага тийбе” дейбиз. “Саясий куугунтук” деп чыркырап чыгабыз. “Өзүбүздүн баланы” коргоо үчүн кала берсе жол тособуз, мамлекеттик администрацияны басып алабыз, иштеп аткан өнөр жайдын ишин токтотконго чейин жетебиз. Бийликтен “коррупцияны жок кыл” деп талап кылабыз, а бирок өзүбүз анын гүлдөшүнө зор салымыбызды кошуп келебиз.

Кандай гана иш болбосун коррупциялык жол менен бүтүргөнгө аракет кылабыз. Жакшыраак карасын деп өзүбүз врачтарга акча сунабыз, балабызды мектепке орноштуруу үчүн өзүбүз акча беребиз. МАИ тоссо “мындай эле бүтүрбөйлүбү?” деп кол алышып, алаканына акча салабыз. Биз бергенден уялбайбыз, алар алгандан уялбайт.

Бир жолу дене табым көтөрүлүп, шаардагы бейтапканалардын бирине барып калдым. Ал жерде каттоом жок болчу, бирок аябай кыйналып турам. Бир эшикке кирип эле ак халатчандардан жардам берип коюусун сурандым, жашаган дарегим бул бейтапканага карабасын да дароо айттым.

- Бизге карабасаң эмне болот, билесиңби? – деп сурады ал жерде отурган врач.

- Билбейм, эмне болот?

- Акча төлөйсүң да! Эмне болмок эле? – деди акырая карап. Жаның ооруп турганда ага да карабайт экенсиң:

- Макул, төлөйм, - дедим. Ак халатчан каттоо дептерине мени жазып атты. Аты-жөнүмдү жазып бүтүп, иштеген жеримди сурады. Мен гезитте иштеримди айттым. Ээ тобоо, жанагы мага одураңдап аткан ак халатчан бир паста “периштеге” айланып кирсе болобу:

- Ии-ий, жакшы жерде иштейт турбайсыңбы? – деп жасалма күлгөнүн көрүп жакамды кармадым. – Карачы, кийимиң суу болуп кетиптир?! Ооруп атканда тердебешке аракет кылуу керек, - деп эпилдеп, рецепт жазып берди.

- Канча төлөйм? – дедим коштошуп жатып.

- А ха-ха, мен жөн эле тамашалап койгом, төлөбөй эле кой, - десе болобу. Таң калдым да, рахмат айтып чыгып кеттим. Театр актрисасы жолдо калат экен бул врачтын жанында. Журналист эмес болсом “тамашалабай” эле акча алмак...

Жакында эле бир таанышыбыз жолдошунун жаңы кызматка орношкону жатканын айтып, “Биз эчак эле сүйлөшүп, акчасын да берип койгонбуз” деп мактанды. Эл пара бергенден уялбай деле калыптыр. Мурдараак жалгыз уюн сатып баласын окууга өткөргөндөр аны айткандан уялып, “өз күчү менен өттү” деп жашырчу эле. Ал эми азыр, тескерисинче, акча берип окутканына сыймыктанышат.

Дагы бир окуя: Салык боюнча отчет тапшыра турган убакыттан кеч калган экенбиз. Салык кызматкери айып пул жазбай кое ала турган кызматы үчүн чай пулу таштоону бухгалтерден сурап калды. Ал бухгалтер “ушул салыкчылардын чөнтөгүнө салгандан көрө, мамлекеттин казынасына төлөгөнүбүз жакшы” деп барып расмий түрдө айып пул төлөдү. Ар бирибиз мына ушундай принципте жашап, пара берүүдөн качсак жакшы болоор эле. Биз бербесек, алар эмнени алат? Ошентип отуруп тазаланабызбы деген ой.

Анан дагы “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей, биз эмне кылсак биздин балдарыбыз аны илип алары турган иш. Бизден кийинки муундарга ушул паракорчулукту үйрөтпөй эле коелучу? Ансыз деле эптеп бийликке жетип, тез аранын ичинде байып кеткиси келген жаштарыбыз аз эмес. Алар ошол өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп бирок, кабат-кабат үйлөрдү салып, катар-катар машинелерди минген, кафе-ресторандарды салган чиновниктерибизден үлгү алып жатышат. Мамлекеттик кызматтын айлыгы аз болгону менен тез аранын ичинде байып кетсе болорун тирүү мисалдардан көрүшүүдө.

Ар бирибиз пара берүүдөн баш тартып, андан соң бийликтен талап кылсак жарашчудай. Акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөштө бир топ эле секирик жасалды окшойт. Буга чейин кызмат абалынан пайдаланып мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган депутат же министр камалганын уктук беле? Жок. Бул жаатта аз да болсо жылыштар бар.

Бирок кылмыш иши козголгону менен, көпчүлүк учурда алар же оорулуу болуп калышат, же сот органдарына акча берип үй камакка, же боштондукка чыгап кетип атышат. Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Нурлан Сулайманов, Марс Жусупбеков, деги койчу, баарынын эле оорусу бар. Чын эле ооруп аткандары дагы бар чыгаар ичинде, бирок ошол эле доктурларды акча менен сатып алып, жасалма жыйынтык чыгарткандары да жок эмес экенине ким кепилдик берет? Жалган жалаа менен кылмыш иши козголгон, же болбосо тоок уурдап колго түшкөндөргө соттор камакка алуу баш коргоо чарасын тандайт дагы, мамлекетке миллиондогон зыян келтирген адамдарды үй камакка чыгарып жиберет. Эмнеге? Эч кимге табышмак эмес да, соттор акча алат. Бийликтен ушул сот реформасын аягына чыгаруусун талап кылуу керек.

Мурунку мыйзамдарга ылайык кылмыш мөөнөтү эскиргенден кийин ал кылмыш иши жабылып калчу. Азыр мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, айрым кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтү алынып салынды. Бул коррупциянын тамырына балта чабуу үчүн жакшы нерсе болду деп ойлойм. Анткени, кылмыш кылдыңбы, эч жакка качып кете албайсың, качан болсо дагы ал жасаган кыңыр ишиң үчүн жооп бересиң. Жакында депутат Өмүрбек Текебаевдин ушул мыйзам тууралуу маегин угуп калдым. Ал “Бул мыйзамдын мага дагы тиешеси бар, Атамбаевге дагы тиешеси бар. Бул мыйзамдын бүгүнкү соттор менен прокурорлорго дагы тиешеси бар. Бул адамдар бүгүн кимдир бирөөнү мыйзамсыз түрдө камаса, үч жылдан кийин Атамбаевдин бийлиги кеткенде булар жооп берет. Кийин кылмыш мөөнөтү эскирип кетип, кылмыш кылгандар жоопко тартылбай калбасын деген кырдаалды, шартты түзүп берип коелу деп жатабыз” деп айтты. Бул жакшы нерсе да, ошентип саясий топтор бири-бирин тазалап отуруп, акыры коомубуз тазаланат. Жасаган кылмышы үчүн бүгүн болбосо эртең жоопко тартыларын билген адам мамлекеттин казынасына кол салгандан коркот.

Аткаминерлер ушундай жолдор менен тазалана берсин. А биз тазаланууну өзүбүздөн баштабайлыбы?

Дилбар АЛИМОВА, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG