Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Андан бери бир жыл өтүп кетиптир. Айрымдар үчүн көз ачып жумганча болсо, дагы бирөөлөр үчүн тескерисинче, убакыт ташбака сымал. Айрыкча, жакындарынан ажырап, сыздап калгандар үчүн...

6-апрель

Таласта областтык администрацияны басып алышты. Окуя ушундан башталды. Эртеси эле бийлик алмашып кетерин чынында эч ким ойлогон эмес. Бийлигин кармап калуу үчүн, Бакиевдин ок чыгаруудан кайра тартпасын баары алдын ала билчү.

7-апрелге белгиленген оппозициялык топтун курултайын мен кезектеги эле Курултайлардын бири болот, бийликке талаптарды коюп, кайра тарап кетишет деп ойлогом. 6-апрель шейшемби күн болчу. Таластагы окуяларды интернет баракчаларынан карап отурдум. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов облустук администрацияны басып алгандарды “бандиттер” деп атады...

Окуяны толук чагылдырып аткан “Азаттыктын” сайты ачылбай калды. Калган маалымат булактарынын маалыматтары толук эмес. Кызыгы, башка өлкөлөрдө бул сайт ачылып жатканын айтышты. Анан ал сайтты башка шилтеме аркылуу ачканды таап алдык. Маалыматтар менен ошол жактан таанышып турдук.

6-апрель күнү кечинде, саат канча экенин так билбейм, ал кездеги “Интербилимдин” жетекчиси, азыркы вице-спикер Асия Сасыкбаева телефон чалып “Текебаевди камаганы жатат! Тезинен үйүнө келип калгыла” деди. Өзүм тааныган 2-3 журналистти чакырып, чогуу бардык. Жетишпей калыптырбыз. “Жаңы эле алып кетти” дешти. Ошентип ал күнү оппозиция лидерлеринин баары камакка алынды.

7-апрель

Биздин кеңсе 7-апрель күнгө белгиленген Курултай өткөрүлмөк болгон “Форум” имаратында болчу. Эртең менен жумушка келдим. Курултайга карата жазуу, ленталар илинип даярдалыптыр. Бирин-экин эле адам. Саат ондордо кеңседен чыксам, 200дөй адам топтолуп калыптыр. Элден да милиция жайнайт. Иттерин ырылдатып. Чоң-чоң автобустар.

“Милицияларды алып келишсе керек” деп ойлодук. Элди “Форум” имаратынан сыртка айдап чыгышты. 5-6 журналист болуп сүрөткө тартып, маалымат чогултуп жатабыз. Укук коргоочу Т.Үмөталиева, депутат И.Карамушкина аялдаманын үстүндөгү бетонго чыгып алып “бул Бакиевдин үй-бүлөлүк режими биздин лидерлерди камады. Алар курултай өткөрүүгө каршылык көргөздү. Лидерлерибиздин чыгарылышын талап кылабыз! Болбосо Ак үйгө жете албай калыптырбызбы? Жол биздики!” деп кыйкырып сүйлөп жатышты.

Биз, журналисттер, эптеп имаратка кирип кеттик да, алыстан көз салып турдук. Убагында кирип кеткен экенбиз. Милиция картон болуп, бир-эки кадамдан басып, элди курчай баштады. Курчоого алынгандарды кармап, жанагы автобустарга сала башташты. Мына ошондо эл тарабынан аларга каршылык көргөзүлдү. Элди таратуу үчүн шуулдак гранаталарды жардырышты. Жытынан эл качкандай болот да, кайра эле жабылышат.

Милицияларды топ-топ болуп сабай башташты. Бирөөсүн беш-алтоо биригип алып тепселеп, жанчып салышты. Милиция кызматкерлери дубалдан ашып түшүп, формаларын чечип, ыргытып аткан эпизоддорду карап отуруу өтө оор болду... Баарынын ичинде граждандык кийими бар экен, Кудай жалгап, байкалбай, элдин катарына кошулуп алышты.

Машинелердин жарылганын кинолордон эле көрүп жүргөн болсок, эми көз алдыбызда жарылып жатты. Эл ызы-чуу кыйкырыктар менен Ак үйгө карай бет алды...

Түштөн кийин биринчилер окко учканы тууралуу кабар түштү. Алардын сандары улам көбөйүп отурду. Эл ал күнү Бакиевди алып түшпөсө, анда оппозиция лидерлеринин баары “репрессияга” тушугуп, темир тор артында калаары эч кимге сыр эмес болчу...

Мына тагдыр...

Аянтка жакынын узатып, анысы кайтпай, издегендер көп болду. Ооруканалардан издешет. Тапса да жакшы. Таппай калганы моргдордон издебегенге чарасы жок. Ал жактан да дайыны жок болуп, алиге чейин издегендер бар экени белгилүү болду. Жакында эле депутат Алтынбек Сулайманов кызык бир фактыны айтты. 87 баланын катарында “Ата-Бейитке” коюлуп, “Эл баатыры” наамы берилгендердин бирөө тирүү эле Орусияда иштеп жүргөнүн. Анда анын ордуна ким коюлуп калды? Мына тагдыр...

Иниси окко учкан бирөө айтат, “иним жөн эле сырттан көргөнү барган болчу” деп. Мына ушинтип, кокусунан барып каза тапкандар да болду. Мына тагдыр...

Биздин бир журналист кызыбыз 7-апрель окуясынын курмандыктарын эскерген материал жазып атып, уулунан ажыраган бир ата-эне менен маектешсе, окко учкан жигит журналист кыздын студент кездеги арзышып жүрүп, жетпей калган жигити болуп чыгат. Мына тагдыр...

Ак үйдүн астына чындык издеп барып, ок жаңылып каза тапкан бирөөнүн эки аялы бар экен. Мамлекет тарабынан берилген үйдү экөө талашып отурат. Мына тагдыр...

Бир кызга үйлөнүп, чогуу жашап жүрүп, эки балалуу болсо да, “мен айткан кызды албадың” деп апасы үйүнө киргизбей жүргөн уулу атылып кетти. Эми ал аял келининен үй талашып отурат. Мына тагдыр...

Тарых артка кайтарылса...

Каалайбызбы, каалабайбызбы, бул бийлик ушунча азаматтын каны менен келди. Ошондой жоопкерчиликти саясый элитабыз, бийлик төбөлдөрүбүз сезбейт белем? Бийлик, кызмат талашып ыркырашат... Эл жөн эле аларга курал болуп жаткандай...

Минскиде жүргөн экс-президент Курманбек Бакиевке тарыхты артка кайтарууга мүмкүнчүлүк берилсе кандай кылмак экен (?) деген кызык ой келди. Өзүнө дагы эле ушул тагдырды тандап алмакпы, же башка жолдубу?

Дилбар АЛИМОВА, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG