Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигинин вертикалын чыңдоо проблемасы актуалдуу бойдон калууда жана борбордук бийликтин таасирин региондордо акырындап алсыратуу процесси токтой элек.

Райондук мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо иш жүзүндө шайлоого айланып, инерциясы күчтүү трайбализм, регионализм, жердешчилик тенденцияларына шарт түзүүдө. Бул проблема айрым саясатчылардын ашыкча либералдык-демократиялык жана популисттик билдирүүлөрүнөн (“Акимдерди эл өзү шайласын”, “Кен байлыктарды иштетем деген инвесторлор жергиликтүү калк менен сүйлөшүп алсын”) кийин ого бетер актуалдашты.

Экинчиден, акимге кандидаттардын айылдык кеңештердин депутаттарынын добушу үчүн идеялардын, интеллектин, иш билгиликтин, программалардын таймашы дайыма эле чечүүчү роль ойнобойт. Тилекке каршы, таасир этүүнүн башка, факторлору, жеке, ал тургай ыплас кызыкчылыктар жана мотивдер басымдуулук кылат.

Эң негизгиси, бардык райондордо жергиликтүү гана кадрлар администрация башчысы боло алгыдай терс практика биротоло бекемделүүдө. Мындай көрүнүш келечекте өкмөттүн аймактардагы позициясынын алсырашына жана жергиликтүү депутаттык жана башка топтордун акимдерге таасиринин улам күчөшүнө, демек бардык маселелер алардын кызыкчылыктарына ылайык чечилишине алып келет. Натыйжада мамлекеттик маанилүү маселелер аймактардагы жергиликтүү калктын атына жана кызыкчылыктарына жамынган күчтөрдүн талашынын предметине жана менчигине айланат. А мыйзамга кайрылалычы, мыйзамда акимдерди депутаттар шайласын деген жобо барбы?

Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү” конституциялык мыйзамда "Премьер-министр жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысын жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот" деп жазылуу. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, "аким премьер-министр сунуштаган кандидаттардын (үчтөн кем эмес) ичинен жергиликтүү кеңештин бириккен отурумунун сунушу боюнча премьер-министр тарабынан дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин бириккен отуруму премьер-министр сунуштаган кандидаттардын ичинен (!) бирин тандап алат жана акимге дайындоого Премьер-министрге сунуш берет."

Көрдүңүзбү, “айылдык кеңештердин депутаттары ошол райондон чыккан инсандардын ичинен гана кандидатты аким шайлайт” деген жобо эч бир мыйзамда жок. А иш жүзүндө өкмөт бул процессте либералдык-демократиялык позицияны ээлеп, акимдерди дайындоо, шайлоого мамлекеттик кызыкчылыктар менен азыраак байланыштуу эрежесиз таймашка, акча-аламанга айланып, бул терс көрүнүш биротоло бекемделүүдө жана мамлекеттик бийликти алсыратып, кызматтын кадырын кетирүүдө.

Бул жагдайды бийликтеги көпчүлүк чиновниктер деле жакшы билет, ичинде буга каршы, бирок мыйзамга шылтап, аны өзгөртүү зарылчылыгын бетке кармашат. Же андай эмес, мындай дегенге даабайт.

А чындыгында, конституциялык өзгөртүүлөрдү күтүп отурбай, аракеттеги Конституциядагы жана мыйзамдардагы өкмөттүн ыйгарым укуктарын толук, так пайдалануу менен аткаруу бийлигиндеги вертикалды чыңдоого болот.

Буга жетишүү үчүн премьер-министр акимдин ар бир пайда болгон ваканттык ордуна ал райондон эмес, башка райондон чыккан, билимдүү, мамлекеттик кызматта тажрыйбага ээ жана потенциалы бар адамдардын кандидатураларын бириккен кеңешке сунуштайт. (Анын ичинен бирөөн акимдин милдетин аткаруучу койсо да болот.) Айрым райондордо "силер сунуштаган кандидаттар биздин кулунубуз эмес экен, өзүбүздөн шайлайбыз" деген аракеттер башталат. Өз кулунубузду аким шайлайбыз дегендерге биринчиден эч ким менчиктеп алган район жок, бирдиктүү, бүтүн Кыргыз Республикасы жана анын мыйзамдуу өкмөтү бар деш керек. Экинчиден, силердин кулунуңар башка районго сунушталды, ошол жакта иштесин, өссүн, такшалсын, элдин батасын алсын деген аргумент жетиштүү.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн акимге кандидаттардын резервин түзүп алуу зарыл. Бул ишти да адаттагыдай созуп жибербей, 40 районго ар бирине үч-төрттөн кандидатураны мамлекеттик органдарда жана башка структураларда иштеп жаткан кызматкерлердин ичинен тандап алса болот. Түзүлгөн резервдин ичинен ылайыгына жараша райондорго акимдин кызмат ордуна мыкты кандидаттарды сунуштап, дайындоо (!) оң натыйжа бермекчи.

Буга кандай тоскоолдуктар болушу ыктымал? Айрым жерлерде өкмөт сунуштаган кандидаттар өтпөй калышы ыктымал жана мындай учурлар өкмөттүн аброюна шек келтирет. Апробация учурундагы кемчиликтерди айрым күчтөр пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн. Кадрлар резервин түзүү, тандоо жана акимге сунуштоо процессинде тизмеге кирбей калган же каалаган адамын кошо албаган саясатчылар бийликти жаманатты кылууга аракет жасайт. Болду. Ушул гана коркунучтар бар.

Эми кандай жакшы натыйжаларга ээ болобуз? Алар төмөнкүлөр:

Биринчиден, өкмөт өз ыйгарым укуктарын өзү, эркин жана толук аткарууга жетишет жана аткаруу бийлигинин вертикалы бекемделет.

Экинчиден, райондордо электен өткөн, сыналган, өкмөт тарабынан максаттуу дайындалган жетекчилердин иштөөсүнө шарт түзүлөт.

Үчүнчүдөн, регионализмдин, трайбализмдин жана жердешчиликтин факторлору жок дегенде акимди дайындоо процессине таасири азайып, элдин биримдигине оң таасирин тийгизет жана бирдиктүү Кыргызстандын бардык райондорунун акимдери туулган жерине карабастан өкмөт тарабынан дайындалат деген түшүнүктү бекемдөөгө шарт түзүлөт.

Төртүнчүдөн, кадрлардын горизонталдык жана вертикалдык пландуу ротациясы жүрөт, кызматкерлердин потенциалы ачылат жана пайдаланылат, кыскасы кан алмашат, жаңырат.

Бешинчиден, министрликтерде жана региондордо иштөө тажрыйбасына ээ, тартынбай иштеген, такшалган күжүрмөн жетекчилердин корпусу калыптанат.

Алтынчыдан, кадрлардын реалдуу резерви түзүлүп, кокус адамдардын бийликке келүү жана дайындоо тобокелчилиги азаят. Албетте, резервдеги кадрларды максаттуу программага ылайык экономика, финансы, айыл-суу чарбасы, укук, социалдык саясат боюнча окутуп, такшалтып туруу зарыл.

Акырында, ушул долбоор ишке ашса, коомдук-саясый туруктуулукту бекемдөөгө дурус өбөлгө түзүлөт.

Алмаз Окин, коомдук ишмер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG