Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24
Тээ балалык чагымды эстедим. Мен анда мектепте окуган өспүрүм, эченчи класста экени деле эсимде жок. Үчүнчү же төртүнчү.

Акаевдин доору. Тилегимде мен да Акаев болгум келчү. Ошол адамдын телевизордон сүйлөгөнүн эч калтырбай көрчүмүн. Ал адам мага кандайдыр бир улуулуктун, бийиктиктин символу катары сезилчү.

Саясат менен деле ишим эч жок эле. Чынында Акаевден башкасын билчү деле эмесмин. Бир күнү баягы Акаев биздин районго келет экен деген кеп тарады. Менин сүйүнгөнүмдү айтпа, мугалимдерден, ата-энемден, айтор бардык улуу кишилерден чоо-жайын сурай баштадым. Убактысын, кайсы жакка келерин, эмне кыларын, бүт тактадым.

Айылдын ортосунда парк болор эле, ал жакта тээ совет доорунан калган айланкөчөктөр ошол кезде али бүтүн эле. Иштебесе да өз ордуларында турчу. Азыр ал жериң какыраган талаага айланган, баары Кытайга ташылып жоголгон.

Акаев ошол паркта элге сүйлөйт имиш, дос балам экөөбүз ошол жакка барып, тиги айланкөчөктүн чокусуна чокчоюп отуруп алганбыз. Эл жыйылды, бирок Акаев дагы эле жок. Ошондо бир кошуна байке, Акаев айылдын тиги бурчундагы стадионго вертолет менен конду дей салды. Мен баягы ордуман шарт секирип түшүп, дос баламды ээрчитип, ошол жакка чуркадым.

Ортосу бир үч-төрт чакырымчалык бар. Баспай чуркап бараттым. Мына, азыр Акаевди көрөм деп жерди чаңдата сызам. Бала кыялым менен Акаевди элден биринчи мен көрүшүм керек, бул милдеттүү түрдө. Мен ошон үчүн стадион тарапка безгем. Андан ары эмне болгону эсимде жок, бирок ошол тердеп-кургап стадион көздөй чуркаганым азыркыга чейин эсте.

Ошондогу менин өлкө ажосуна болгон мамилем, ошондогу Акаевге болгон урматтоом, баары алиге чейин эсте. Бул чынында абдан аруу жана улук сезим, чексиз ишеним эле. Кээде ошону эстеп күлүп койом.

Андан бери далай күндөр өттү, мен мектепти бүттүм, институтта окудум, үй-бүлө күттүм, ар өлкөдө жүрдүм, ар жумушта иштедим. Бирок ошондогудай туңгуч башчыбызга болгон эл ишеними, менин ишенимим, андан кийин эч кимде болгон жок, эч бир кызмат адамына.

Азыр карасам, ошол күндөр үмүттүн шооласы алоолонгон, кыргыздын көзү жанган кез турбайбы. Совет бийлиги ойрон болуп, жаш мамлекетибиз алгач кадамдарын жасаган эйфория мезгили экен. Кудум эле жаңы баскан баладай дердеңдеп сүйүнүптүрбүз.

Мен ошондо кең келечекке ишенчүмүн. Мен президент болгум келчү. Өзүм ал убакта жаш бала болсом да, ошол доордун өзгөчө бир даамын сезчүмүн. Мен гана эмес, ошол доорду башынан өткөргөн ар бир кыргыз сезсе керек. Азыр андай жок, менин президент болгум келбейт.

Эгерде менден ошол 90-жылдардын ортосун сүрөткө тартып бер десе, жашыл шиберди, чайыттай ачылган асманды, көктө учкан бүркүттү тартар элем. Ал бүркүт менин Кыргызстаным, ал бүркүт менмин. Келечекке кыраан караган, көк асманда тоо жаңырта шаңшыган.

Ал күндөр өттү, Акаев кетти, Бакиев качты, Отунбаева эжекебиз келди - кетти, мына эми Атамбаев байкебиз көч башында. Бирок мен аны менен кезигүүгө шашылбайм, кезикким деле келбейт. Атамбаевдин мында күнөөсү деле жок чыгар, буга биздин ушул жыйырма жыл ичиндеги болгон тарыхыбыз күнөөлүүдүр. Баягы балалыктагы алоолонуп жанган үмүт мына минтип өчүп бараткансыйт...

Менден азыркы учурду сүрөткө тартып бер дегениңерде, мен биздин айылдын мал базарын тартар элем. Апам экөөбүз ошол жакка кара кочкорду, көк уйду, кара кунаажынды жетелеп далай барганбыз. Ал жерде эч нерсе түшүнүксүз, баары бака-шака. Тиягында тоодон малын жаңы алып түшкөн кызыл беттүү жаш жигитти алдоо менен алек болгон шумпуй касапчы, быягында тыржыйган өлөр эчкисин аз акчага сата албай турган кемпир....

Эч ким билбейт эмне болорун, кантерин, сатаарын же коерун... Баарынын жүздөрү басыңкы, жамалдарынын нуру өчкөн, тек гана алып-сатармандан шайыр-шатман. Мал базар бул башаламандыктын бир эпизоду. Бирок биздин заман да ушундай мал базардын доору.

Ооба, мен азыркы кыргыздын турмушун дал ушундай кылып сүрөткө тартар элем. Мен журналист эмесмин, саясатчы да эмесмин. Мен жөн гана өз жеримден четте жашаган бир адаммын. Четте турсам дагы мен кыргызмын. Мен кыргызмын деген сезимим менден эч качан кетпейт, анткени мен эч качан кыргыз болбой калбайм. Мен кыргыз болуп жаралгам, мен кыргыз бойдон өлөм. Менин балдарым да кыргыз. Ошол балдарым мен Кыргызстанда жоготкон үмүтүмдү тапса экен дейм. Мендей болуп ажо тозгону стадионго чуркаса экен дейм. Меникиндей болуп көз алдында мал базар тартылбай, ар дайым кыргызымдын кымыз жыттуу жайлоолору тартылса экен дейм. Менин тилегим ушул.

Мен сулуу сөздөрдү жазгым келбейт, бирөөгө жаккым келбейт, тек гана өз оюмду айткым келет. Анан дагы тээ балалык чактагыдай ишенгим келет, кең келечекке, ачык асманга, көк шиберге, өзүбүз шайлаган ажобузга. Мен ишенбесем да, балдарым ишенсинчи. Касапчысын да, кемпирин да кучактап алып, балдарымды кошуп алып тээ кырдагы шиберге кетким келет....

Амантур Рыскулов

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG