Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26
Жайлоого келебиз. Эс алганы. Кымыз, сүт, айран ичкени. Эт-сет жегени. Ушул үчүн гана келебиз, убактыбыз ушуга гана кетет, ушуга гана жетет. Ага аябай жетет.

Учурашып, атайын ал-абалын сурап, жеңилин жерден алып, оорун колдон алып, жанына жандай басып, жардамдашып, жөн гана көңүлдөрүн көтөрүп, атайын "силерге келдик" деп койгонго кайдан убакыт табылсын. Андайга жарабайбыз. Ага убакыт тартыш, болбосо такыр эле жок. Өтө "важныйдай" көрүнүп келебиз. Баарын кыйратып, ойду омкоруп, тоону томкоруп, жоо чаап салгансып келебиз, жыл сайын, эс учту жоготуп койгон немедей, эс алганы да. Жайлоолоп, жамбаштап жатканы келебиз.

Чебелектеп, үйрүлүп түшүп, келгенден кеткиче жаны тынбай болгонун жайнатат, байкуш эне менен ата. Каткан-кутканын, колунда барынын баарын алып чыгат, тасмалына төгөт. Куруту, сары майы, боорсогу, каймагы, жуураты, чөбөгөсү, айраны, сүтү, кымызы, саамалын... деги койчу, баарын. Ыпысык нанычы?..

Келип-келелекте, кирип-кирелекте борсойгон бир козунун башы ыргып, куйкаланып барып казанга түшөт. Этинин эскиси деле бар, сүрсүгөнү деле бар, аны жебей калалы, эски деп, сөзсүз "свежий" жаш козунун этин жедирип, сорпосун ичириш керек. Ал кадимкидей салтка айланып калган. Биз анан аны жаңы эле "жалмап" бүткөнчө башка кызы же баласы келип калса болду, баягы эле байкуш козунун шору, дагы биринин башы ыргыйт.

Ушул. Атам менен Апамдын жайнап турса да берээрге ашын, ал эмес алапайларын таппай, айлан көчөк атып, жаны төрт чарчы болуп, кагылып, карегибиз менен тең айланып, садага кеткенге даяр турган муңайым кебетелерин эстейм. Сагынам. Кусаланып бук болом.

Үрүң-бараңдан туруп алып каш карайып, жапырт баары жаткыча тикесинен тик турганы турган, тызылдап чуркаганы чуркаган. Баарына жетишет. Уйун саайт, сүтүн тартат, бышырат, анан анысын уютат. Аңгыча бээси саан болот, бээсин саайт, аны да сабаага куюп, аралаштырып, чалып, бышып, саамалынан баарыбызга бир кеседен куюп, ичиргенге да жетишет.

Отурбай эле чуркап жүрүп от жагып, казан асып тамак жасайт, алеки саатта сонун кесмеси да даяр болот. Андай даамдуу, ширин казандын кесмесин кайдан ичесиң?..

Тамак ичип-ичелегинде кайра бээси саан болуп калат, чакасын көтөрө чуркаса, кулун салганга киши жок. Басып барып, кулунду салып кайра тартып койгондон эригип, үргүлөп, бири бирибизге атаандашып отураар элек, кымызга чоң тоюп алып, ныксырап. Ошентип чуркап жүрүп жүндү да сабайт, кийизин да жасайт, тери-көрпөлөрүн ашатат, бүтпөгөн майда-чүйдө оокаттарын бүтүрөт, кирин жууйт, кийим-кечесин салыштырат.

Андан тышкары ары-бери өткөндөрдүн, кирип-чыгып кымыз ичкендердин баарын кабыл алып, берчүсүн берип, куйчусун куйуп, кадимкидей узатып жолго салган да ошол эле апам. Анан бир маалда карасаң эле мештин маңдайында отту улуу жагып коюп нан бышырып отурган болот, жөн отурбай байпак, тор токуп отурган болот. Эс алгандагысы ошол тура көрсө.

"Уй эмди" дегенди укса атып чыгып, бала-бакырадан мурун учуп жетип, торпокту энесине жеткирбей кармап калат. Аны өз көзүм менен далай көргөнүм бар. Балдарга эмне, шашпай барып торпогун бияка, энесин тияка кубалап коюп кайра келжейип баса берет. А ал балдарың ыңгыранып жеткиче дүкүлдөгөн торпок энесинин эмчегиндеги сүттү эки эле соруп жок кылаарын апамдан башкасынын кум кулагына, көпшөк мээсине жүз ирет куйсаң да кирбейт, түшүнбөйт. Аны ошол апам өзү гана соруп-соро электе, ооз тийгизбей, ал эмес эмчегине оозу жетелекте тартып калат. Жетишет ошого. Ал апама гана керек, кечкисин айран уютуп, илинип турган дардыйган эки мүшөктөгү сүзмөгө жаңысын куюш керек. Сүзмөнү да күнү кур эмес куюп, жаңыртып туруш керек, сүзмөдөн курут да жасаш керек. Антпесе экөө тең жок.

Ушул тынымсыз жумушу таңдан кечке, күндөн жумага, жумадан айга, айдан жылга, жайдан кышка тынбай кайталанганы кайталанган, эң кызыгы - эч качан бүтпөйт. Бул өзү апамдын бүтпөгөн жумушу, эч качан жок калбайт, жок калса да өзү кайра таап алат, бат эле табат. А бирок апамдын "чарчадым, эс алып алайын, бир аз уктап, тук этип алайын" дегенин эзели укпаптырмын. "Уктап ал, эс алып ал, апа, чарчадың апа" деп койгонго бир ирет да жарабаптырмын. Антип айткандарды да укпаптырмын.

Роботтордун тыным алып токтоп, эс алганын көрдүм эле, эзели апамдын тыным алганын, токтогонун, эс алганын көрбөптүрмүн. Апамдын роботтон да тың, роботтон да күчтүү, роботтон да акылдуу экенине эми, элүүдөн ашканда гана мээме жетип, эми араң акылыма келип отурбайымбы, кашайып. Кыйсыпыр түшүрүп жүрүп бир күнү "кетмекчибиз" дейбиз, кыйратып салгансып. Ошондо эле кабактары бүркөлүп, кайгыра баштаганы байкалат. Балдары, кыздары келгенде бактылары тоодой болуп, бапырап калган немелер анын бөксөрүшүн, балдарынын кетип калышын каалабай кыйылышат, кыжалат болушат.

Жактырышпайт. Кетиргилери келбейт, кыйналып кысталганына кайыл, "кашыбызда эле жүрө беришсе" деп тилешет экен да көрсө, байкуштарым. Аны кайдан билет бала кургуру. Шаарыбызды сагынып, дос-курбубузду сагынып, кыйратып аткан "кирешелүү" жумушубузду сагынып, улунуп-жулунуп эле калат эмеспизби. Кетели-кетелини кайра-кайра кабаттай айтып...

Байкуш апам эмне кылсын, берчүсүн берип, салчусун салып, аттап-тондоп узатып ийип, ичи, жан дүйнөсү эзилип, куса-бугу жазылып-жазылбай курушуп боз үйдүн түбүндө көпкө ойлонуп, толгонуп, телмирип, тегеренип келип отуруп калганын кайсы баласы, кайсы кызы, дегеле адам аттуу болот дейсиңерби туюп сезген. Билген. Туюп, сезбей калалы. Тултуңдайбыз да, кайра. Эс алганы келбей эле эне менен атанын эсин, жан дүйнөсүн кошо эзип, эңшерип, оодарып кеткенибизди кайдан билели, билбептирбиз да.

Байкуш энем менен атам, чабылып-чарпылып, баарына чыдап, баарын көтөргөн асылдарым... Эмгегиңер баа жеткис. Ошон үчүн Асылсыңар силер! Ошон үчүн алтындан да кымбатсыңар силер!

Баарын тартыптырмын, тоосун, суусун, айылдарын, шаарын, аткаминерин, министр-депутатын, бала-бакыра, кыз-кыркын, итибай-чотубай, тели-теңтуш, пайда-батасы жок президенттердин баарынын сүрөттөрү жүрөт архивимде, шагырап, тизилишип.

"Асылым, ардагым" деп коем, ар деген жок да менде, ушул апам менен атамды тартпаптырмын сүрөткө. Сүрөттөрү жок негедир. Же аларды анда-санда көргөнүмө ыраазы, ошого корстон болуп жүрүп тарткан эмесминби, айтор атам менен апамдын сүрөтүн таппай кыйналып жүрүп, апамдын береги сүрөтүн араң таап алдым. Тогуз жыл мурун кезектеги эс алууга барганымда тартып калган экенмин. Ара-чолодо балдары менен неберелеринен тышкары мобу көзү ачыла элек кыбыраган күчүктүн, Балтектин кардын тойгузуп, камын көрүп аткан апамды кадимкидей эстеп, элестетип алып ыйлагым келип...

Тогуз кар баскан ошол Балтектин азыр бар жогун ким билсин, тогуз жылдан бери Алтыным Апам аябай эле карый түшкөндүр. Бирок «баягыдай эле тызылдап чуркап жүрөт, баягыдай эле тың» дешкенин угуп көкүрөгүм ачышканы менен көңүлүм бир топ көтөрүлүп, жайлангансып калат.. «Ар дайым чуркап жүрө бер "АПА", ошонуңдан эч качан жазба» деп коем, ичимден күбүрөнүп...

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, 1-июнь, 2012-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG