Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23
"Өлчөп жегендер өмүр табат,
Ашыра жегендер азапка калат"

(ФИРДОУСИ)

Тээ илгери кыргыздардын бир айылында жашаган карыя ошол эле айыл ичинде болгон ар кыл окуялардын баарына көз салып, баамдап, ал эмес, тетири баскандарды да теске салып, оң жолго буруп турчу тура.

Ошол айылдын өзүнөн бир ашынган ууру чыгып, күндөп-түндөп жортуп, жанды койбой турган экен. Ал уурулугун адеп баштаганда эле карыя бир шишти алат да, ууру кылган сайын бир чымчым эттен шишке сая берет. Анан ошол шиш бир күнү сайаарга жери калбай толот.

Ошондо карыя жанагы ууруну жанына чакырып алып: "балам, сенин шишиң толду, бүттү, уурулугуңду токтот" деп этке толгон шишти көрсөтөт экен. Ал ууру жигиттин ыйманы бар көрүнөт сыягы, аксакалдын айтканын угуп, кечирип сурап, ошол күндөн тарта уурулугун тыйып, андан кийин элине жалаң ак кызмат өтөп жашап калган экен.

Муну менен мен эмнени айтмакчымын? Бүгүн биздин өлкөбүздөгү уурулардын шиштери толмок турсун, үстү-үстүнө сайылып, эчак эле ашып-ташып бүткөн. Андай шиштери толуп, чектен чыккан жемкорлордун саны жүз эмес, миңдеп саналат. "Ууру-кескиликти тыйып, ак, таза кызмат кылалы" деген аткаминерлер жокко эсе. Дегеним, кол туткактыкты, уурулукту деле убагы келип, шиши толгондо акырын токтотуп койсо болот тура.

Кыргыздын көрүнүктүү уулу, коомдук ишмер Исхак Раззаковдун айткан сөзү аргасыз эске түшөт: "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот". Мен бүгүнкү кебимди ошол коомго бир аз байланыштырсам дейм. Биздин, кыргыз коомубузга.

Коомчулук дегенибизге ар кандай катмардагы адамдардын баары кирет. Айылдагы карапайым адамдардан баштап, Ак үй-Көк үйдө отурган аткаминерлер менен эл тандаган депутаттарга чейин коомдун мүчөсү болуп саналат.

Ошол коомубуз кандай жол менен тазарыш керек? Ал үчүн сөзсүз эле ошол коомду чогултуп келип, кир жуугуч машинеге салып, адеп эле айланта берүүнүн кереги жок. Коомдун ар бир мүчөсү өзү жашаган коомго ак дилинен кызмат кылып, акактай болбосо да азыраак тазарып турса кана? Ошондо айлана-чөйрөсүнө кошулуп, коом да тазара баштайт эле. Коом таза болгон соң өнүгүп-өсүү эч кайда качмак эмес, өзү эле келмек.

"Мен муну бир эле жолу алдап, бул кичинекей немени алып койсом эмне болмок эле" деген сасык түшүнүк калыптанып калган да, кашайып. Элестетип көргүлө, беш миллион элдин, айталы, эки эле миллиону ушинтип, кичинекей бир нерсени кытып алганын. Күнүгө эмес, жумасына бир эле жолудан дейли. Же миллион сом эмес, жүз эле сомдон акырын алып койду дейли. Эсептей бергиле! Ушундай элде, өлкөдө өнүгүү болобу? Болбойт. Эч качан!

Бир дагы адамдын ичинде бузукулук ою болбош керек. Алам, жутам дегендин арты оңдурбай жатат го! Биздин коомдун булганычы ушундай чекке жетип бүттү, алмайынча туралбайт, айласы кетсе берет. Экөөнү тең жасайт. Анча-мынча топтоп койгонун бир «мен кыйынга» берет. Ал «кыйын» аны алат да бир жерге кызматка отургузат. Ал эргул ошол кызматка отурары менен "сугуна" баштайт. Антпесе жетишпей да калышы мүмкүн. Баш отун сайып эге кызмат кылып бергенге эмес, парага бергенин тезирээк топтой коюп, анын үстүнө жок дегенде ошончо чогулта койбосо, куру кол бойдон кызматтан түшүп калышы толук мүмкүн. Анда эле шерменде болгону ошол. Заңгыраган бир үй, эки же үч машине албаса андан көрө өлүп калганы артык эмеспи. Тууган, доско шылдың болуп, алардын бетин кантип карайт, кокуй! Кыргыз коомчулугунун кокосун так ушундай дарт бекем кысып, муунтуп турат. Бул оору таптакыр айыкпачудай болуп, кан-жанга терең сиңип кеткендей? Бирок айыктыра турган жолдору деле бар.

Карапайым калкка тийишпей тек койолу, алар эптеп курсагын тойгузуп, болгонуна ыраазы, болбосо "аныңа деле макулмун" дегендей кылдыраган жашоосун көрүп жүрө берет.

Ал эми жанагы өздөрүн элдин каймагы, элита сезип алгандардын амалын айталы. Алар баарын билет, кантип уурдап жегенди, кантип аны байкатпай, көргөзбөй, дымын чыгарбай катканды, анан кантип ошону коргоштун жолун мыктылап билип, терең өздөштүрүп алышкан. Коркушпайт, анткени бардык жагынан түрдүү кепилдиктер тосмолоп, кол тийгизбей коргоп турат эмеспи. Анын баары бири менен бири чырмооктой чиеленген байланышта. Жеген-ичкендери, улуп-жулуп уурдагандары койондой окшош.

Байлыкты уурдап, тоноп, кайра эле аларды буртулдата чачып депутат, болбосо чочоңдоп чоң болуп алышат. Жыйырма жылдан бери жалаң "жепутаттар" эл депутаты болуп, кыпкызыл мандатты чөнтөкө кыстарып коюп, кыроо деп койбой каалагандай майкандап, ичип-жеп, дооранды ченебей сүрүштү. Чоң-кичине кызматтан "кыйшайганы" түз эле депутат болууга ашыгып, айылын, дос-тууганын, илме-чалмасынын бирин койбой үйүнөн көчөгө айдап чыгып, үгүтчү кылып бакыртып салышат. Алар анысын ай менен күндөн ылдый түшүрүшпөйт. Акчасын буртулдата чачып, кыйкырып-кыйкырып, мактап-жактап жатышып акыры мандатына жеткирип тынышат.

«Жепутат акең» эми бакыйган эл депутаты болуп, кабакты карыш түйүп коюп эл-журтка насаат окуп кирет. Кандай жашап, эмне кылыштын жолун үйрөтүп, шакылдатып мыйзам жаза баштайт, жанды кашайтып. Ошол отурган жеринде да жөн отурбай алып-жулуп отурат. Эч ким аларды чекеге черте алган эмес.

"Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт" болуп Акаев доорун аймап, андан кийин Бакиев доорун жабыла жайлашты. Чынын айтканда жер менен басканы болгон жок. Асманда гана каалгып, уйкусурап, учуп жүрүшүп апрель окуясынан кийин көздөрү чанагынан чыга жаздап барып, качып-бозуп жүрүшүп, кайра акырын «өлүмүш» болуп эл аралап кетишти.

Келип-келбей жатышып баягы адаттарын карматып, кайра эле бакыйган депутат, министр болуп чыга келишти. Өздөрүнө келип, өңдөрүнө кызыл жүгүрүп, ичкен жегендери кайрадан сиңе баштаган. Күпүлдөп, сөөмөй кесешип, ал гана эмес «эй, эсиңе кел» деп эмки бийликке үстөмдүк кылгылары келип, Беларуста бекинип жаткан бети жок Бакиевин «алып келебиз» дегенге чейин оозанып барып араң токтошту.

«Таалайыңан көр» дейт эмеспи. Таалайлары тайкы боло баштаган «жемкорлор» менен «мансапкорлорду» магдыратып турган мандаты бүгүн ашык кеми жок «маңкага» айланып турган чагы. Кыскасы бүгүн булардын «маңкага» айланган мандаты аларды арачалап, ортого түшүп коргоп калышы кыйын болуп турат. Эми буйруса эсирип, ээ-жаа бербей көпкөндөр эл депутаты боло калам дегенден да чочуп калышат. Коргоп кала албаган «маңка» мандат үчүн самандай акчасын чачып жинди болушуптурбу? Кой, андан көрө алкымымды азыраак болсо да тыйып, тынч оокат кылайын дешээр.

Чала гана болду дейсиң. Себеби бул жемкорлордун жегендери бириникинен-бири ашып кана тураары бышык, а бирок эч качан кем болбосу турган иш. Демек эртели кеч темир тор артына бараары бышыкталып калды. Түлеевди алгач кармап келишкенде арты булганып бүткөн шериктери айгай салып атып сууруй качышты эле анысын андан кийин бекемирээк кылып тыгып салышканда элейген бойдон эстеринен танып отуруп беришти.

Ушул күндөн баштап муздаткычтын артындагы үйүлгөн таракандай тапырап кача баштагандары да айтылууда. Сулайманов деген суңкуйган неме бар эле, жол салып жүрүп эле акчаны жыйып алган, ошол дароо «фырр» коюп качып жоголгон экен, сыйпалап таппай калышты. Ушуга окшогон шектүүлөрдүн баарына «эч жакка чыкпайсың» деген кагазды колдоруна бек карматып коюш керек эле да, алдын алып. Четинен житип жоголо беришсе кайдан табышат?

«Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей, асман алай-дүлөй болуп, чагылган чартылдап жатса бакыйган Сабиров деген министри кылтакка түшүп калганына жол болсун. "Мен министрмин, мага боло берет" деген го?

Ууру деген түрмөдө отуруш керек. Ушундай үмүттүн ишке ашышы азап болуп, коомубуз кыйналып жатканда жоругу жолдо калган Нарындын шаардык депутаттарынын бөйрөктөн шыйрак чыгарганы күйгүздү бейм. Аймап сугунуп, жегенден башканы билбеген "жемкорго" уялып койбостон «Ардактуу атуул» деген наам ыйгарып атса, аларда кайдагы ыйман да, кайдагы абийир? Балким ал байкуштардын «Ардактуу уулунан» учурунда ченебей алып койгон жагдайлары бардыр? Алгандын бермеги бар эмеспи.

Эми жемкорлор менен паракорлорду Финдердин өлкөсүндө кандай жазага тартаары тууралуу учкай сөз. Аз жедиби, ашыра жедиби, кылмышка тиешеси бар жемкорду Финляндияда кандай, ким экенин карап, териштирип отурбайт. Министрби, депутатпы, желмогузу болсун, эл арасындагы даражасы, кадыры мага демектен ай чапчып турса да дароо жоопко тартышат.

Бир-эки мисал: 1993-жылы согуштан кийинки ондогон жылдар аралыгында биринчи жолу Финляндияда мурунку соода жана өнөр жай министри, ошол учурдагы парламенттин депутаты Кауко Юханталонун кылмыштуу ишин кароо үчүн атайын Мамлекеттик соттук отурум түзүлгөн. Ал министр болуп турганда банкрот болуу коркунучуна кабылган катардагы эле бир банкка мамлекет тарабынан кепилдик көрсөтүүгө жардам берип койгон. Ал кылган кызматы үчүн аталган банктын көмөгү аркылуу өзүнүн жеке бизнеси үчүн кредит алганы ачыкталып калып, Мамлекеттик соттун чечими менен депутаттык мандатынан ажыраган.

Бирок бул саясатчы адам катары өзүнүн аймагында кадыр-баркы абдан жогору болгондуктан кийинки шайлоодо кайра депутат болуу укугуна ээ болгон. Ошол эле жылы дагы бир мурунку министр, парламент депутаты, СДП лидери Ульф Сундквист да банкрот болгон банкка мамлекет тарабынан кепилдик кылып берип, банктын бутуна туруп кеткени байкалып калып, мындай кылмышы үчүн өзүнүн арызынын негизинде СДПнын төрагалык кызматынан кеткен.

Дал ошол учурда Ульф Сундквист Финляндиянын президенттигине бирден-бир эң татыктуу талапкер катары оозго алынып турган. Кийинчерээк Хельсинкинин аймактык соту анын мамлекетке келтирген зыянын толук эсептеп чыгып, тезинен төлөп берүүсүн талап кылган чечимин чыгарган. Акыркы он жыл ичинде Финляндияда «аз-аз мыйзамды кыйгап өтө койом» деп эң жогорку кызматынан айдалып же аргасыз арыз жазып, өз ыктыяры менен кеткендердин саны 29 адамга жетти. Алардын алтоо өкмөт мүчөсү, 23ү жогорку даражадагы мамлекеттик аткаминерлер.

Байкап, баамдап жаткан чыгарсыздар, бакыйган министр, депутаттары миллиондоп жеп жиберген эмес, болгону бир аз гана мыйзамды кыйгап өтүп, кредитке акча алып койушкан. А кредит дегенибиз кайра эле мамлекеттин казынасына үстөгү менен кошо төлөнүп, кайтарылып келе турган акча.

Мынакей мыйзамдуулук, мынакей тартип жана коомдогу тазалык. Дал ушундай тазаланган коом болуп көрбөгөндөй өсүп, өнүгүп жатат. Өнүгүп, өсүп жаткан өлкөнүн карапайым адамы менен капчыктуусунун, үйдөгүсү менен акүйдөгүсүнүн эч айырмасы жок, баарынын тең укугу бипбирдей, телегейи тегиз, теңдик заманда жашашат. А адам баласы үчүн абдан мыкты шарт түзүлгөн жашоо деп ушундайды айтса жарашат.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Эркин журналист, публицист, Финляндия. 2012-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG