Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23
Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылы кичинекей Кыргызстанды элестетет. Айылда учурда 33 улуттун өкүлү жашайт. Ошол улуттардын ичинен орус улутундагылар басымдуулук кылат. Екатерина Ильченко - бир кыздын энеси. Ал өзүн кыргыздын кызымын деп эсептеп, биздин улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн жаздыкчаларды жасайт.

"Албетте, мага кыргыздын буюмдарын жасаган жагат. Алар ушундай кооз болот. Жасаган сайын кумар аласың. Кыргыздар илгертеден эле 2 оюунун түрүн түшүрүшкөн: жаныбардын, өсүмдүктүн. Мен тиккен жаздыкчалар өсүмдүктүн элесин берет", - дейт айыл тургуну Екатерина Ильченко.

Анын бул өнөрүн үй-бүлөсү да колдоп келет. Анткени жолдошу Сергей кыргыз балдары менен өсүп, кыргызча так сүйлөйт. Сергей: "биздин үй-бүлө кол өнөрчүлүк менен гана алектенбестен, жайкысын көчмөн кыргыз элинин салтын улап, жайлоого боз үй тигип, бээ байлап, кымыз жасайбыз", - дейт.

Ал эми айыл ичинде каалоочулар үчүн атайын боз үй жасаган үй-бүлөлөр бар. Алар бул өнөрдү укумдан тукумга улаган кесип кылып алышкан. Ошолордун бири Фидел Бейшембаев учурда 45 баш боз үй жасап жаткан кези. Анын бул кесипти аркалап калышына чоң атасы түрткү болгон. Фидел да ата салтын улап, бир жыл мурун боз үй жасоону чечкен. Максатына жетүү үчүн атайын билим алып келген.

"Бул боз үйдүн уугунун узундугу 2 метр 10 сантиметр, ал эми керегенин бийиктиги 1,80 болду. Негизи эле кыргыз эли эзелтеден боз үй жасоодо кереге бийиктигин адамдын төшү менен ченешкен. Үй 4 канат деп аталгандыктан анда төрт кереге бар. Алардын ар бирөөндө 22ден жыгач таягы болот. Ал эми түндүктүн диаметри 1 метр 30 сантиметр", - дейт уста.

Уста жасаган боз үйлөрдү учурда бардык тургундар колдонот. Ал эми бул бир адамдын үйү болсо, Липенка айылын көбү өз айылындай көрүшкөн. Ага бул жердеги "Кой-Сары" курорту жайгашканы себеп болгон. Алардын бири - Алыкул Осмонов. Бул курорт айылдын четинде, көлдүн жээгинде орун алган. Ал жерде ошол кезде кургак учуктан жабыр тарткандар дарыланып турган. Акын да дартына даба издеп, жылдын кыш айларында бул жерге келип турган.

Мелис Түмөнбаев кыргыз тили мугалими болгондуктан, кыргыз адабиятына зор салымын кошкон Алыкул Осмонов тууралуу кененирээк изилдеп келет. Улуу акындын жолдорун басып, анын ырларында катылган сырларды туйуп, балдарга жеткирүүгө аракет жасайт. "Бул жерге акын көбүнчө кыш айларында келген. Себеби айылдын кышы жылуу болгон. Ошондой эле абасы да таза болчу. Мына ушул көлдүн жээгинен кыргыздын акыны Алыкул Осмонов өзүнүн "Ысык-Көл" аттуу ырын жазган экен", - дейт адабиятчы.

Липенка айылында Советтер Союзунун баатыры Пасько Евдокия Борисовна төрөлгөн. Пасько 800 жолу согуш майданына учуп чыгып, 100 тоннага жакын бомбаны душмандын чордонуна таштаган. Бүгүнкү күнү Паськонун ысымын жердештери сыймыктануу менен айтышып, анын эрдиктеринен тарбия алышат. Айыл ичинде жайгашкан Шевченко атындагы орто мектептин дубалында Пасько Евдокия Борисовнанын сүрөттөрү илинген. Мындан эки жыл мурун баатыр мектеп менен кат алышып турган. Бул жерде анын жиберген каттары, куттуктоолору да сакталган.

"Мен айылга келип, бул жерден кандай инсандар чыккан деп изилдей баштадым. Анан ушул Паського токтолуп, ал тууралуу маалымат чогулта баштадым. Анан ушул дубалды ачтык. Мындагы сүрөттөрдүн көпчүлүгүн Пасько өзү жиберген", - дейт мектептин директору Эсенгелди Бектуров.

Евдокия Борисовна 1938-жылы мектепти аяктап, Москва шаарындагы МГУга тапшырган. Төртүнчү курста окуп жатканда өз ыктыяры менен аскерге жөнөгөн. Энгельс шаарынан учак мектебин тез арада бүтүп, 1942-жылы май айында согушка аттанган. Ал жерде 46-түнкү бомбалоо авиациялык бөлүмдө кызмат өтөгөн. Евдокия апа бардыгы 1220 саат учуп, душмандын көптөгөн талуу жерлерин талкалаган. Душмандын күйүүчү май сакталган 4 сарайын, ок-дары катылган 3 жерин, төрт жарык берүүчү жабдуусун, 11 машинесин, бир учагын жардырган. Андан тышкары душман талаасына 2 миллион баракча таштаган.

Бул эрдиктерин Пасько аскердик учак менен эмес, талаачылык ишине ылайыкталган "Кукурузник" деп аталган учак менен жасаган. Бул учак эки киши отурганга ылайыкташып, согушууга ыңгайсыз болгон. Анын мындай эрдиктери тууралуу айылдашы Айсулуу Айтбаева дил баян жазып, Орус элчилиги уюштурган сынакта жеңип алган.

"Бул сынак тууралуу гезиттен окугам. Анан катышууну чечип, окутуучуларыман кеңеш сурагам. Негизгиси мага бул теманы жазууга баатырдын жердештиги түрткү болгон. Дил баянга керек материалдарды Пасько менен кат жазышкан айылдаштарыман топтогом", - дейт Айсулуу Айтбаева. Баатыр учкуч бүгүнкү күнү жалпы кыргыз элинин сыймыгы.

Айылда учурда 1300 киши жашайт, 360 кожолук бар. Булардын баары - менин кичинекей Кыргызстаным. Мен сени сүйөм, Кыргызстан.

Сайкал Аттокурова, Каракол

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG