Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Аваз Жокей эскертет: Жылуу жылмаюу пейилди оңойт


Чолуш башын салаңдаткан бойдон илкип-калкып ойго түшүп келатып кайрылыштагы там бурчунан өтө бергенде капысынан алдынан чыккан бирөөнү сүзүп ала таштады. Ачуусу чукул неме жарым-жартылай сөгүнгөн бойдон оозун ачып туруп калды.

- Ой, кечиресиз!.. Саламатсызбы?!. – деген коңгуроодой назик добуш жүрөгүнүн түпкүрүнө жеткидей болду.

Маңдайында ак пальто, ак өтүк кийген, жаз күнүндөй маңдайы жарык, узун бойлуу, эки өрүм узун кара чачын ийининен ылдый кое берген, жомоктогу перидей болгон сулуу селки көгүлтүр көздөрүн жоодуратып карап турду.

- Келе жаткан Жаңы жылыңыз кут болсун! Жаңы жылда ишиңиз алга жылып, өзүңүз да ден соолукта болуңуз! Үй-бүлөңүз менен бактылуу жашаңыз. Ооба, Сиз бактылуу болосуз, - деп жомоктогудай Пери кызуу куттуктады.

- Ээ... качан? Тааныбай турам... Кечиресиз, тиги, жеңемдин сиңдиси, кудачасызбы?.. – деп Чокең алдастап шашып калды. Өзү тааныган кыз-келиндердин бирине да окшобойт.

- Убара болбоңуз, мени сиз тааныбайсыз... Демек Сиз жетимиш жетинчи болдуңуз! Куттуктайм! Бактылуу экенсиз!...

- Албетте, Сизге окшогон Пери куттуктап жатса, анан мен бактылуу болбогондо ким болмок эле?! – деп Чокең белин түзөп, баш кийимин оңдоп, өңү өчкөн галстугун өйдө жылдырды.

- Сизге “77” туш келбедиби, ошон үчүн бактылуусуз.

- Ага, демек мага 77 сом бересизби? Андан ашык болсо деле мейли, – деп Чолуш алакандарын ушалады.

- Жо-жок, байке, жакшы жышаан бар: Жаңы жылга жети саат калгандан баштап жетимиш жети кишини жылуу жылмая куттуктасаңыз, сөзсүз бактылуу болосуз. Мен, мынакей, Сиз менен 77 кишини куттуктап койдум. Мен да бактылуу болгум келет!

- Аа... Ошондойбу?.. А мен... тиги, акча берет экен деп...

- Капаланбаңыз, Сиз сөзсүз бактылуу болосуз!

- Толук бактылуу болуш үчүн... аа... та-аак... азыр мага бир... бир жарым... жок, эки миң сом... жок, эки миң доллар жетпей турат, чын айтам, эсептеп чыктым! Доллар жок болсо мейли, сом менен деле ала беребиз, курс боюнча... жүз миң сом эле... Карындаш, капа этпе, тамаша... Э, мейли, жүз сом берип туруңуз?! Кетпесеңиз, шашпаңыз эми...

- Байке, Сиз да 77 кишиге чын ыкласыңыз менен салам берип, жылуу жылмая куттуктасаңыз жашооңузда жакшы жаңылыктар күтүлөт. Мейлиңиз, байке, кеттим, шашып жүрөм! – деп Пери кыз күтпөгөн жерден Чокеңдин үч күндөн бери алынбай, чогойного окшоп сакал басып кеткен бетинен "чоп" эте өптү да, андан ары балеттеги бийчи кыздардай жүгүрүп эл арасына сиңип кетти.

Чокеңдин эси эңгиреп туруп калды. “Кетип калды, ээ? Балким, элүү эле сом сурасам берет беле?.. Бирок, эмнеси болсо да керемет кыз экен! Жомоктогу Пери! Ушундай Пери бетимден өптү десем ким ишенет? Акыркы жолу кайсы аял заты өптү эле?.. Эсиң оогур, эсимде жок... Аа, эстедим, өткөн жылы элүүгө толгондо апам келип өөп кетпеди беле?! Карачы эми, бул бийкеч бүт делебемди козгоп коюп кетип калды... Жыпар жыты аңкыды го... Эх-х! Кайран жаштыгым ай, кайда калдың? Сайда калдың!.. Ансыз деле жуулбаган бетимди таптакыр эле жуубай койсомбу?..”

Чокең сакал баскан жаагын сыйпалап көпкө турду. Бир сыйра улутунуп да алды, кылгырган көз жашын сүртүп жолун улантты.

Эмне кылсам? Анын айтканын аткарсамбы? Эмнеси болсо да аракет кылып көрбөйүнбү? Салам айткандан менин бир жерим кемип калмак беле? Бирок жылмайып айтыш керек да... Тобокел!..

- Ээ... саламатсызбы?! Жа-жа-жаңы жылыңыз менен! Жо-жо-жок, жөн эле... тааныш эмеспиз... Салоомалейкум! Жанагы... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан... Саламатсыңбы!? Жаңы жылың... келе жаткан... кут болсун!... Салам жигит! Жаңы жылың менен!.. Мен сизге тийишкен жокмун... Соо элемин... Кечээтен бери ичелекмин... Эмне, барбы?.. Шиш, өзүңө! Карасаң муну, атаңды... Эмне дедим? Кой, сөгүнбөш керек... Канчоо болду? Бешөө... Өх-х!.. Салам айтыш деле оңой эмес окшойт... Салоомалейкум!? Жооп жок, тултуйган челек!.. Сөгүнбөйүн... Эми эптеп чыдайын, баштаган соң аягына чыгыш керек да... Алтоо... Жети... Он... Он үч... Он тогуз... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан!..

Чолуш чын ыкласы менен алдынан чыккандарга тегиз салам айтып, куттуктап келе берди. Өтө кылдат эсептеп, жаңылбоого аракет жасады. Эл калың эмеспи деп базарга кирди.

- Лотерея алгыла, лотерея!.. Арзан, болгону 20 сом! Утушту заматта айтат! Жүз миң сомго дейре утасыңар!.. Акыркысы калды!..

- Акыркысы дейби?.. Мүмкүн ушунусу утуп калаар!.. – Чолуш чөнтөктөрүн аңтарып атып араң 20 сом чогултту. – Ме, жигит, ошол акыркысын мага берчи!..

- Меңиз, мына бу жерин акырын сүртүңүз... Та-аак, эмне деп жазылып турат?.. “Лотерея уткан жок” дептир? Эч нерсе эмес, байке, эмкиде сөзсүз утасыз... Эми мындай туруңуз, жолтоо болбоңуз... Эл-журт лотерея алгыла!.. Келиңиздер... акыркысы калды... жүз миңге чейин утасыңар!.. Акыркысы калды...

Чолуш утпаган лотереясын кармалап чатак баштасамбы деп туруп калды. Өтүп жаткандар түртүп кеткенде гана эсине келип четке чыга берди. “Мунун “акыркы” лотереясы бүтпөйт экен да, аңга түшкүр... Кой, бүгүн урушмай жок, баштаган ишимдин аягына чыгайын. Тиги Пери жолугуп калып сураса уят болбоюн... Саламатсызбы?!. Жаңы жылыңыз менен келе жаткан... Салам, карындаш!.. Келе жаткан Жаңы жылың менен... Жок, жөн эле... Бир жакка баралык дейсиңби? Жок, ырахмат! Башка күнү, макулбу? Ким жинди? Менби? Ооба, өзүм деле билем. Саламатсыңбы, иним?! Жаңы жылың кут болсун келе жаткан...”

Базарды тегиз кыдыргыча каш карайды. Тили күрмөөгө келбей, аягында булдуруктап, 70-кишини куттуктаса анысы коркуп качып да кетти. Үйүнө келатып жолуккан кошуналарын баарын куттуктады. Алар болсо, демейде алдынан чыгып салам айтсаң да алик албаган Чолушту таң кала карап, бирок кубанычтуу жооп берип жатышты.

Жанындагы бир топ күндөн бери унчукпаган "уюлкасы" шыңгырады эле Чолуш чоочуп кетти.

- Але, але! Чолуш агай, деректир келип айтып кетти, эртеңден баштап
баарыңарды жумушка чыксын деди. Заказдар келе баштады... Алты миң сом аванс жазып койдум, аны да эртең аласыз, - деп көптөн бери иштебей турган ишкананын бухгалтери "уюлкадан" чаңкылдады.

- Ооба, ооба, уктум, түшүндүм... Оозуңа май, ардагым. Эртеңди күтпөй эле азыр
эле бара койсом жакшы болот эле?.. Ка-аап, үзүлүп кеттиби?...

Мына сага! Ура-аа! Эртең жумушка чыгам!.. Чолуш уккан кулагына бир ишенип, бир ишенбеди. Үйүнө кирип баратып эшик алдынан кыйкырды:

- Салам, сага Эркетай! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сен 75-чисиң!

- Ии, андан көрө токсон тогуз кылып койсоң болмок?... Карасаң, дагы тоюп келген тура! – деп Эркеси эки бөйрөгүн таянып тосуп алды.

- Ии-ий, жаным, каяктагы арак, же сен акча бердиң беле? Деги, бир, оң сүйлөп тосуп алган күнүң болобу, ардагым?.. – деп Чолуш чоочугансып жылмая сүйлөп, ал аз келгенсип аялынын бетинен "чоп" этти.

Өпмөк түгүл күйөөсүнөн мындай жоошуткан жоопту күтпөгөн Эркеси эси ооп карап калды.

- Олтур, чай ич! Чарчагандай түрүң бар... – деп аялы да күтүүсүздөн жумшара сүйлөдү.

-Ошентсең, берекем... Чай элеби? – деди Чолуш да шашпай отуруп жатып.

Эркетайынан адатынча “башка бирдеме алып келип койдуң беле?” деген жоопту күттү.

- Чай, нан жана сууга бышырылган картөшкө... Анан, апам айылдан бир чучук берип жибериптир, бир сааттан кийин бышат... Камырын жайып койдум.

- Оо-уу, бүгүн жыргайт турбайлыкбы! Балдар кайда?... Аа, кызым келе гой! Жаңы жылың менен, кызым, келе жаткан Жаңы жыл Жаңы бакыт-таалай алып келсин! Муйдуңдан жыттатып койчу?.. Охх! Жытыңдан!.. Сен 76-чы болдуң! Байкең кана?

- Тиги тамда телевизол көлүп отулат.

Аңгыча уулу жүгүрүп кирип:

- Ата! Апа! Сүйүнчү!.. – деп кубанычтуу кыйкырды.

- Ии, болсун! – деди ата-энеси жарыша.

- Лотереядан төрт бөлмөлүү квартира уттук, азыр эле телевизордон айтты!

- Оозуңа май!.. Тамаша эмеспи?..

- Мына баягы сиз жумуштан алып келген эки Жаңы жылдык лотереянын бирөөсү утту!

Ишенбей баары телевизордун маңдайына жүгүрүп барып, телестудиядагы алып баруучунун айткан ар бир сөзүн кунт коюп угуп, уткан лотереянын номурун улам карап отурушту.

- Рахмат, уулум, жакшы жаңылыгына. Сени да келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сен 77-чи болдуң!..

... Бул түнү баары жакшы түш көрүп, уйкулары тынч өттү.

Чолуш болсо түшүндө Перини көрдү. Ал экөө кол кармашып Жаңы жылды тоскон таңкы калаанын үстүндө каалгып учуп баратышты...

Аваз Жокей
XS
SM
MD
LG