Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Талас шаарынын тургуну Аваз Жусупбековдун блогу

Аскар Акаевди сыналгыдан көрсөк, жаш-кары дебей кубанып кол чаап турган убак. Айрыкча таластыктар биздин күйөө бала деп өпкөбүз көөдөнгө батпай сүйүнүп да, мактанып да жүрөбүз.

Ошол кезде абройлуу ажобуз өлкө элин чет өлкөдөн келген “кумжардамдар” менен багып калбадыбы. “Гумпомощь” дегенди раматылык апам ушинтип “кумжардам” деп атап алган. Анткени жогортон ылдый келгиче ал жардам кумга сиңгендей жоголот дечү эле.

Кыргызстандын эгемен элине деп эл аралык фонддордун бири “кумжардам” катары жапжаңы компьютерлерди берип жибериптир, элдин саламаттыгына салым кошуп, медициналык тейлөөнү жакшыртуу максатында медициналык мекемелерге деп. Ошолордун бири кудай жалгап биздин шаардык эмканага туш келиптир. Ал кезде компьютерди сыналгыдан эле көрүп жүрчүбүз. Мунусу “Пентиум” деп аталса керек. Башкы врач көпкө ойлонбостон аны кампага каттырат. “Антпесек ар ким чукулай берип бузуп койот. Азырынча муну билген адис да жок, бирөөнү Бишкекке жиберип окутабыз да, анан колдоно баштайбыз”, деп борбор шаарга бир кызын жөнөтөт. Компьютер кампада катылып жата берет.

Аңгыча канайым – ажобуздун аялы, биздин эжебиз, Таласка келатат деген сөз угулат. “Мээрим” фонду шаарга Балдардын билим берүү борборун ачат экен. Ал анан облустун, шаардын чоңдору тызылдап эжекесине жагынуу амалын издеп, ары-бери жүгүрүп, алапайын таппай калышат. Ошондо башы иштеген аткаминерлердин бирөө баягы компьютерди эстейт. Ошол замат эмкананын башкы дарыгерине барып, алдап-соолоп, көнбөй баратса, коркутуп-үркүтүп кампасын ачтырып, “Пентиумду” облустук акимчиликке апкелишет. Канайым келери менен аны машинесине жүктөшөт. Анан эжекебиз баш болуп, губернатор төш болуп, Балдардын билим берүү борборуна келип, салтанаттуу түрдө шаңдануу менен борборду ачышат. Эженин дарегине жалындуу узун сөздөр айтылат. Албетте, анан биринчи леди атайын ала келдим деп компьютерди тартуулайт. Дүркүрөгөн кол чабуулар менен ураалаган кыйкырыктар. Айрыкча балдар менен кыздардын кубанычтарына кулач жетпейт...

Ошентип Балдардын билим берүү борборунан чыккан соң эжекебиз дагы бир мекеме – Соцфондго барарын губернаторго айтат, ал башкасына шыбырайт... Кыскасын айтканда “ит итти жумшайт...” Ооба, ошондой. Анткени Соцфонд да жаңы имараттуу болуптур. “Аткошчулар” лаппай дешип, баягы компьютерди кайра коробкасына салышат да, скотч менен чапташат... Балдардын билим берүү борборунун кызматкерлери менен балдар-кыздарына терезеңердин темир тору жок экен, кароолчусу бар, бекем сакталуучу жайга убактылуу коюп турабыз деген шылтоону айтышат.

Соцфонддо да узун сөздөр менен эжекени аябай макташат... Жаңы имаратта жаңы ийгиликтерге жетишин каалап, канайым Соцфондго жаңы үлгүдөгү “Пентиум” белекке берет. Дагы да дүркүрөгөн кол чабуулар. Салтанаты бүткөн соң, албетте, “чай-пай” деп, тамак, бешбармак уюштурулат. Бирок эжекенин шашылыш жумуштары чыгып, кичине ооз тиет да губернатор менен кетип калат.

Дасторкон толугу менен жүгүрүп жүргөн аткаминерлерге калат. Канайымдан калган “кешик” дешип, калтырбай жеп-ичишет. Албетте, башкы дарыгерди да чайга чакырышып, ыраазылыгын билдиришет. Аягында буттарына араң турушса да унутпай, “Пентиумду” машинесине жүктөп беришет. Анткени “Пентиум” дагы бир топ ишке жарап, ушундай учурдан далай куткарарын алар сезишкен окшойт.

Ооба, туптуура ошондой болду. Башкы дарыгер окууга жиберген эмкананын кызы кайрылып келбей, ошондон ары “элекке жиберсе, эрге тийип кетти”. Компьютер болсо дагы далай жерлерде “тартууланып” борбордон келген чоңдорду – депутаттарды, министрлерди “куткарып” жүрдү. Аягында “чапаны” жыртылып калса да башка жаңы коробкага салып көпкө “колдонуп” жүрүштү. Ошентип жапжаңы “Пентиум” бир да жолу токко сайылбай арманда кетти. Өзүнүн негизги функциясын аткарбаса да морально картайып, өткөн кылымдын чаңына аралашып, эмкананын кампасында дале жатат деп угуп жүрөбүз.

Таластагы компьютеризация ушинтип башталган.

Аваз Жусупбеков, Талас шаарынын тургуну

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG