Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Эркиндиктин кадырына жетели


Апам базарда соода кылат. Дем алыш күнү тойго кетип, ордуна мени калтырып кетти. Базардын бир бурчунда Лениндин ден соолук тууралуу айткан учкул сөзү жазылып турчу эле. Бу жолку барганымда ээси жок аттай кылып, авторун өчүрүп койгондорун байкадым. Жанымдагы эжеден сурасам, араң турганбы “базар жетекчилигинин кылганы, жөн койсо бир жери кемийт беле, Ленин менен орустар болбосо кыргыз эмне болмок?” деп наалып кирди. Жайкы аптапта кардар күтүп, зериккен башка сатуучуларга эженин сөзү майдай жага түштүбү алеки заматта ушул темада талкуу башталды.

Бул жерде тургандардын эң жашы мен экем. Калганы 50-60ка барып калгандар. Азыркы менен өткөндү салыштырып, кудум теле таймашка чыккандай кызыл чеке талашка түштүк. Алар “союз кезде жакшы болчу, баары арзан, ширеңкени бир тыйынга, унду он үч сомго алчубуз, өкмөт бекер курортко жөнөтчү. Жумушсуз колоктоп жүргөндөр аз эле. Азыр эмне байлар менен чоңдордун эле күнү тууду, элдин эсебинен тайраңдап атышат”-деп бүтпөгөн ыр-жомокту баштады.

Эскини эскерип, бир сыйра буктары чыкканда сөздү мен алдым. “Ой, ошол ак падыша келгенде кыргыз тоого сүрүлүп, уруксатсыз куурай да жага албай калганын эмнеге айтпайсыңар? 1916-жылдагы Үркүндү унуттуңарбы? 30-жылдагы репрессия, аталардын төгүлгөн канычы? Андан кийин эле өз шаарга батпай, түрткүнчүк болгонуңар эсиңерден чыктыбы? Ушунун баарына силер мактаган Ленин менен Сталиндин түптөгөн системасы себепкер”-деп айтып бүтө электе талоонго калсам болобу...

“Ленинге сөз тийгизбе, Ленин бизге атадай камкор болгон, орус эли улуу эл, аларсыз бизде жашоо жок”-деп туш-туштан талап киргенде, товарды арыдан-бери жыйнап кеткенге шаштым.

Үйгө келе жатып бир чети ачуум келип, бир чети мени “мат” кылган агай-эжелерди аядым. Буларды деле түшүнсө деле болот. Кантсе да балдай таттуу балалыгы, өрттөй ысык жаштыгы союз доорунда калган эмеспи. Ачуу сөздөрүм алардын жүрөгүндө сакталган эскерүүлөргө урулган камчы болду көрүнөт. Анүстүнө муундар кагылышы дайыма болуп келген жана боло берет эмеспи. Бир аз түшүнүшө албай калдык көрүнөт. Бирок....

Биз качанга чейин күнкорлук, кулчулук сезим менен жашайбыз? Кары турмак, жаш муундар деле “улуу элдердин” этегине намаз окуган ооруга чалдыкты. Бири “биздин келечек Орусия менен, буларсыз оокатыбыз өтпөйт” десе, экинчилери ислам мамлекетин курууну кыялданат. Бул пикирин алтургай интернет форумдарга чейин чыгарып жатышат. Непадам булардын бирине акаарат жазып көр, төө бастыда каласың.

Ушундан улам ой келет. Биз эмнеге колдо барды баалабайбыз? Дүйнөдө биздикиндей эркиндикти, чакан болсо да өз мекени болуусун самагандар канча?А биз бар нерсени жок кылууга бараткан жокпузбу? Ошол эле союз маалын мисалга алалы? Атамдардан укканыма караганда, ал кезде адамдар ашык сүйлөгөндөн коркуп жашачу экен. Эртеден-кече талаада пахтада, тамекиде иштеп, жумушка чыкпаса бригадирден тил угуп. Жолбашчылардын гезитке чыккан сүрөтүн байкабай тытып алса да суракка алынып...

Же болбосо айрым жаштар үлгү туткан араб өлкөлөрүн алалы. Баарында эле май көл, сүт көл жашоо өкүм сүргөн жок да. Эртең менин мамлекетимде көчө сайын жарылуу болушун, караңгылык торуна түшүп, илим-билимдин четке сүрүлүшүн каалабас элем.

Ошол себептүү, Эгемендикти баалайлы деп айткым келет. Өткөнгө кылчаюудан, бирөөлөрдүн көлөкөсүнө жашынып, этегине жармашуудан арылып, ар кимди туурабай өз жолубузду издейли. Эң башкысы ЭРКИНДИКТИН кадырына жетели!
XS
SM
MD
LG