Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Акыркы кездери Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков кыргыздын баалуу улуттук мурастарын ЮНЕСКОдо каттатып жатканы тууралуу бир катар позитивдүү маалыматтар жарык көрүп келет. Албетте бул жакшы көрүнүш. Муну менен сыймыктанышыбыз керек. Бирок ушул эле маселенин артында шибеге сындуу оркоюп турган талылуу маселе бар. Аны кайсы капка жашырабыз?

Биринчиси - ЮНЕСКО каттоого алган кыргыздын баалуу мурастарынын маңызын түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле “Самаков “Манасты” сактап калды, болбосо ал мурастар жок болуп кетмек” деп бакыргандар көбөйдү.

Ооба, башка элдер сыяктуу эле кыргыздын бааалуу мурастары да бул уюмдун тизмесинен орун алганы жакшы көрүнүш. Бирок ошол уюм каттоого алса эле “Манас” эпосу өнүгүп кетет, же болбосо Кыргызстандын тарыхый жерлерин, объектилерин ЮНЕСКОго каттатып койсо эле мекенибизге туристтер агылып келет деген түшүнүк бул маселедеги сабатсыздыкты билдирет.

Кандай гана мурас болбосун, аны ээлик кылган эл өзү аздектеп, баалап, жадына түйүп, сыйлабаса, анда ал мурасты алтынга чулгап койсоң да ал өлүк болуп калат. Себеби ЮНЕСКО анча-мынча каражат бөлүп, сыйлык берип, фестиваль өткөрүп койсо эле андан маселе чечилип калбайт. Анткени манасчылык өнөр болобу, же ооз комузу болобу, же төкмөлүк өнөр болобу, айланып келип эле жеке кыргыздын өзү үчүн керек. Маселен казактардын “Алпамыс” деген эпосу бар. Бирок анын бизге бир тыйынчалык зарылчылыгы жок. Анткени ал эпосто казак элинин тарыхы, ыйык мурастары камтылган.

Ошол сыяктуу эле бүгүнкү ааламдашкан, адамдын аң-сезими, дүйнө таанымы саат санап өзгөргөн доордо ар бир улут башканы кой, өзүнүн баалуу мурастарын окубай калды. Ошол эле “Манасыбызды кытайлар тартып алды” деп бакырып жүргөндөр өздөрү жок дегенде Манастын бала чагынан жок дегенде 20 сап жатка билээринен күмөнүм бар.

Эми “Манасыбызды кытайлар тартып алды” деген маселеге келели. “Манасыбызды” эч ким тартып алган жок. Болгону Кытай Эл Республикасы өзүнүн тутумунда жашаган Кызыл-Суу автоном облусунун кыргыздары аздектеп жүргөн, айтылуу манасчы Жүсүп Мамай даңазалап келген “Манас” эпосунун вариантын коргоого алып, акчасын бөлүп, китебин бастырып, кытайлык кыргыздардын ыйык мурасы катары ЮНЕСКОго алып барып каттатып койду. Мунун эмнеси жаман?

Биз кайра ошол алакандай 170 миң калкы бар кыргыз бир боорлорубузду сыйлап, мурасын коргоп жаткан Кытай мамлекетине рахмат айтпайлыбы? Эгер алар Саякбайдын үчилтигин алып каттатып жатса башка кеп эле. Ага удаа Кыргызстандын атынан Карганбек Самаков Саякбайдын үчилтигин алып барып, колдоо көрсөтүп, каттатып койду. Айырмачылыгы ошол.

Атын атабай эле коеюн, кечээ бир гезит жазып чыкты: “Кыргыздын боз үйү менен калпагын казактар тартып алып жатты эле, Карганбек мырза аны да коргогонго жөнөп кетти” деп. Айланып кетейиндер, алысты байкай албасак дагы жок дегенде айланабызда бизден башка дагы көчмөн калктар болгонун жана азыр да жашап келатканын унутпайлы. Айланабыздагы кылымдар бою кыргыздар менен канатташ жашап, бирде жоолашып, бирде достошуп келген калмак, казак, түркмөн, монгол, кумык жана башка толгон-токой элдердин дагы өздөрүнө тиешелүү музыкалык аспаптары, боз үйү, ээр-токуму, калпагы, улуттук тамак-ашы бар да. Эгер ошолордун арасынан бирөө кыргыздын өзүнө гана тиешелүү болгон комуз аспабын менчиктеп алса, анда каршы чыксак жарашат эле.

Биз дагы алардын тарыхы менен үрп-адатын сыйлашыбыз керек. Эгер казактар калпак, боз үй ж.б буюмдарын өздөрүнүн атынан каттатып жатса, анда биз да барып параллелдүү түрдө “бул нерселер биздин да буюмдар болгон” деп каттатып коёлу. Анткени алар да, биз да көчмөн болгонбуз. Ошого жараша колдонгон буюмдарыбыз, жеген тамагыбызга чейин окшош болгон.

Акырында дагы бир жолу айтарым, кандай гана баалуу мурас болбосун, аны өз эли гана барктап, баалабаса, ал нерсе музейдин гана көркү болуп калат. Анткени кыргыздын тарыхы, өзгөчөлүктөрү өзүнөн башка эч бир элге керек эмес.

Адилет Айтикеев, журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG