Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25
Мен 2004-жылдан бери Римде жашайм. Кыргыздын башка аялдарындай эле, кыйынчылык тооруганда чет элге жөнөп кеткем. Төрт баланын энесимин, төрт неберем бар. Кезинде Илимдер академиясында, гезитте, энциклопедиянын редакциясында иштегем. Кийин мектепте орус тилден мугалим, андан кийин жеке ишкананын жетекчиси болууга да үлгүргөм.

Азыр Римдеги кыргызстандыктардын диаспорасын жетектейм. Кичүү кызымдын жаныма келгенине 3 жыл болду. Учурда Римдеги Чарльз Дарвин атындагы Туризм институтунда окуп жатат. Бош убактысы дээрлик жок десем болот. Күндүзү башка студенттер сыяктуу эле шаардын чок ортосундагы атактуу ресторанда иштейт, кечкисин сабакка барат. Араң эле 19га чыкса да, эч кимге камчы салдырбайт. Ушуга каниет кылам. Өзүмдүн баламан улам чет жерде окуп жүргөн кыргыз жаштарынын абалын жакшы түшүнөм. Качандыр бир кезде булар ата-конушуна кайтып барып, мекен жүгүн көтөрөт деген үмүтүм зор.

Бирок мага Кыргызстан 20 жылдан бери бир орундан жылбай тургандай сезилет. "Мына өнүгөбүз, ана өнүгөбүз" деген сөздөргө кулак көнүп, айтылгандын баары утопиядай болуп баратат. Албетте, башкаларга салыштырганда бизде мүмкүнчүлүк көп. Аны туура пайдалана билген ишбилги жетекчилер болгондо, өз милдетин ак ниеттүүлүк менен таза, так аткарганда турмуш эбак эле оңолмок. Ага азыр деле жетсек болот дечи, анүчүн коррупция, паракордук, алыш-бериш, обу жок аш-тойлорду өткөрүү, жердешчилик жана башка терс көрүнүштөрдү токтотуу керек. Суу ресурстарын энергетикада туура пайдаланып, экспортко сатсак деле ийгиликке жетерибизге ишенем.

Кыргызстанда санай берсең, өргө жетелечү шарт жетиштүү экенине ынанасың. Айталы жеңил өнөр жайы. Аны өнүктүрүп, биз тиккен кийимдерди экспортко чыгарсак болчудай. Мисалы, "Илбирстин" токулган кийимдерин жактырып, Италияга ала келгем. Түнкүсүн кийип жатчу көйнөк-кечелери, байпактары сапаты жагынан Европаныкынан кем калышпайт экен. Түсү да ошол бойдон, оңо элек. Дизайн жагынан гана бир аз аксаганы байкалат.

Экинчи жагдай -туризм тармагы. Азыр биз, Италиядагы кыргыздар экотуризмди өнүктүрүү максатында өз аракетибизди баштадык. Кыргыз диаспораларынын Сан-Маринодо өткөн форумуна келип катышкан мекендештерибиз бизге ушул идеяны таштап кетишти. Италиянын кооздугу өзүнчө керемет болсо, биздин Кыргызстаныбыздын кооздугу андан кем калышпайт эмеспи. Бир гана айырмасы, Италияны көрөм деп келгендердин саны бир жылда 30 млн. 300 миңге чамалап барат, ал эми биздин мекенибизге ушунча турист келсе канчалаган жумушчу орундары пайда болуп, далайды артка таштабайт белек.

Туулган жердин кадыры сыртта жүргөндө билинет экен. Кээде Кыргызстанды сагынганда, бир барганда ала келген сүрөттөрдү, чакан буюм-тайымдарды колго алсам бугум жазыла түшөт. Жогорудагы сүрөттөгү куурчактарды «Меке чал менен жез кемпир» деп атап койгом. Жомоктогу образдарга окшош бул эки кийиз куурчакты 2012-жылы август айында, Чолпон-Ата шаарында өткөн "Оймо" көргөзмөсүнөн сүрөткө тартып алган элем. Балким, автору минтип деле атабаса керек, бирок менимче окшоштук бар.

"Кышында отун керек"

"Кышында отун керек"


Тоодон эшеги менен отун түшүрүп келе жаткан баланы да 2012-август айында Ысык-Көлдөлгү Каракол капчыгайынан жолуктургам. Биз тоого эс алганы барсак, бир бала кыштын камын көрүп, отун сүйрөтүп келе жатыптыр. Ата-энесине жардам бергени жакшы дечи, бирок, кичинекей балдарды кыргыздар көп жумшайт, баягы эле куу турмуш, жокчулуктун айынан. Балким отунду сатканы баратат, эне-атасы бары-жогун да сурабай калыпмын. Кандай күнгө туш келсе да аман жүрүшүн тилеп, сүрөттү "Кышында отун керек" деп атадым.

Миргүл Өмүралиева,
Рим шаары, Италия
XS
SM
MD
LG