Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37
Жаз сайын кабатыр болгон кыргызстандыктар үчүн быйылкы жаз мезгили жаңылануу жана жаңы үмүттөр мезгили болчудай. Анысы сыңары, 1-марттан тарта өлкөнүн жарандык авиация тармагында жаңы жөрөлгөлөр күтүлүүдө.

Ички каттамдарга жол киренин арзандашы, өлкөдөгү майда аба майдандардын учуу-конуу тилкелеринин оңдолушу жана жаңы каттамдардын ачылышы белгиленген.

Учактарды күйүүчү май менен камсыздоочу ишканалар бир тонна күйүүчү майдын баасын 150 долларга арзандатуу сунушун кабыл алды. Ошонун негизинде Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга жана Исфанага 1-марттан тарта учактын жол киреси 300 сомго, ал эми Ошко билеттин баасы 500 сомго арзандайт. Бул маалыматты 18-февралда жергиликтүү авиакомпаниялардын башчыларынын билдирүүлөрүнө таянып, Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Ошондой эле студенттер үчүн “Скай Бишкек” авиакомпаниясы тарабынан кышкы жана жайкы эс алуу убактарында ички каттамдарга жол кире 300 сомго арзан сатылаарын аталган мекеменин жетекчиси Жумабек Абдылдаев 20-февралда “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Андан тышкары кыргызстандык жарандык авиация адистеринен турган жумушчу топ 15–17-февралда Баткен, Жалал-Абад жана Ош дубандарындагы аба майдандарына жасаган иш сапарынан соң, оңдоо иштерине 286 миллион сом каражат бөлүүнү сунуштады. Учуу-конуу тилкелерин оңдоого Баткен аба майданына 124 миллион сом жана Жалал-Абад менен Исфанадагы аба майдандарына 81 миллион сомдон ажыратылат.

“«Жарандык авиацияны 2020-жылга чейин өнүктүрүү» стратегиясынын алкагында Кыргызстандын башка аймактарындагы аба майдандары 2020-жылга чейин оңдолот”, деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин башчысынын орун басары Мураталы Токтобеков “K-News” маалымат агенттигине 19-февралда курган маегинде.

Сары-Челекке учак менен

Жалал-Абад дубанынын Аксы ооданындагы Кербен шаарчасына 1-марттан баштап аба каттамдар аткарыла баштайт. Транспорт жана байланыш министрлиги билдиргендей, Кербенден жумасына бир ирет Бишкекке жана Жалал-Абадга кыргызстандык “Скай Бишкек” авиакомпаниясынын швециялык Сааб–340А үлгүсүндөгү 33 жүргүнчүлүк учак каттай баштайт. Бишкек – Кербен – Жалал-Абад – Кербен – Бишкек аба каттамына билеттер сатыкка коюла элек.

Мурдагы Караван шаарчасына акыркы аба каттам 2008-жылы “Кыргызстан” мамлекеттик авиакомпаниясынын АН–24 учактары менен өлкөнүн жетекчилигинин сунушунун негизинде аткарылган. Билеттин баасы 1000 сом болчу. Кербендеги 1982-жылы курулган аба майдан 250 миң калкы бар Аксы, Ала-Бука жана Чаткал оодандарын тейлейт. Сары-Челек көлүнөн бир саат алыстыкта жайгашкан аба майдандан Кеңештер доорунда Бишкекке ЯК–40, ал эми Каныш-Кыяга, Жалал-Абадга жана Ошко АН–2 учактары каттачу. Кербен аба майданы деңиз деңгээлинен 1280 метр бийиктикте жайгашкан жана узундугу 1740 метр болгон учуу-конуу тилкесине ээ.

Дубандагы 22 миң калкы бар Тогуз-Торо ооданындагы Казарман аба майданы 2008-жылдан бери иштебей турат. Бишкек – Казарман аба каттамдарына жол кире 2008-жылы 1548 сом болчу.

Жалал-Абад – мини-хаб эле

Жыйынтыгында, “Скай Бишкектин” борбордон Жалал-Абадга аба каттамдары жумасына үчтөн төрткө көбөйөт. Андан тышкары Кербенге аба каттам ачылат. Учурда Жалал-Абадга “Скай Бишкектен” тышкары, “Кыргызстан”, “Авиа Трафик” жана “Эйр Бишкек” авиакомпаниялары учат.


Советтер доорунда, жада калса, 1990-жылдары Оштогу эл аралык аба майданынан көбүнчө мурдагы СССРдин башка республикаларына көп аба каттамдары болгондуктан, Жалал-Абаддын аба майданы аймактагы мини-хаб болчу. Башкача айтканда, ички каттамдардын көбү дал Жалал-Абаддан дубандын алыскы оодандарына жана Кыргызстандын ар тарабына уччу. Албетте Оштон дагы ички каттамдар аткарылчу. Алардын эң татаалы Ош – Дароот-Коргон каттамы болчу. Чоң-Алайга 20 мүнөт ичинде ЯК–40 менен алгачкы ирет кыргызстандык учкуч Фиат Дамин жол салган.

Убагында Жалал-Абаддан дубандагы Казарман, Токтогул, Каныш-Кыя жана Кербен айылдарына, коңшулаш Ошко, Кыргызстандын башка аймактарындагы Талас, Нарын, Каракол, Чолпон-Ата шаарларына жана Тамга кыштагына түз каттамдар аткарылчу. Бишкекке 1990-жылдарга чейин күнүнө 12 каттам аткарылчу.

Жалал-Абад эмес, жада калса, Сузак ооданындагы кичинекей Кашка-Терек айылындагы айыл чарбалык учуу-конуу тилкесинен ак пахта талааларга алтын күкүрт чачкан "Кукурузник" учагы менен учкучка үч же беш рубль “чай пул” төлөп, Ошко чайканага учкан кездер жок эмес эле.

Жалал-Абаддан Токтогулга, Каныш-Кыяга жана Тамгага аба каттамдар 1990-жылдардын башында жоюлган. Ош 1993-жылы, Кербен 1994-жылы, Талас 1995-жылы, Нарын 1996-жылы, Казарман 1997-жылы, Каракол 1998-жылы жана Чолпон-Ата аба каттамдары 1999-жылы токтотулган. Учурда болгону Бишкек аба каттамы бар жана 1-марттан тарта Кербен аба каттамы ишке киришет.

Жалал-Абад шаарына такай аба каттамдар 1940-жылдары башталган жана аба майдан деңиз деңгээлинен 790 метр бийиктикте жайгашкан. Жалал-Абад аба майданынын азыркы учуу-конуу тилкеси жана имараты 1975-жылы курулган. Аба майдандын учуу-конуу тилкеси салмагы 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алат. Учуу-конуу тилкесинин узундугу 1740 метр. Аба майдан күндүзгү убакытта гана иштейт жана “3С” даражасындагы жергиликтүү аба майдан болуп саналат.

Түндүк–түштүк “оорусу” жок кезде

Мурдагы президент Роза Отунбаева 2010-жылдын 1-сентябрында Нарындагы белгилүү советтик учкуч Валерий Чкаловдун наамын алып жүргөн мектептеги “Биринчи коңгуроо” аземинде сүйлөгөн сөзүндө аймактар аралык катташты жана ички туризмди өнүктүрүү зарылчылыгын айтып өткөн эле. Ошонун алкагында борбордон гана эмес, аймактардан аймактарга аба каттамдары ачылса, балким, ички жикчилдикти жок кылууга себепкер болоор. Балким, аймак аралык маалымат алмашуу процессин жөнгө салганга салым кошоор. Себеби Кыргызстанда, чындыгында, аймак аралык маалымат таңкыстыгы бар.

Ош аэропортунан учуп-конгон каттамдар

Ош аэропортунан учуп-конгон каттамдар


Түндүк–түштүк “оорусу” Советтер Союзу маалында анчалык эмес эле, же жеке мага ошондой сезилчү беле. Менин ата-энем 1970-жылдардын аягында 1980-жылдардын башында студент болуп Бишкекте жолугуп, бири-бирин сүйүп, туугандарынын каршылыгына карабай баш кошушкан. Атам Көк-Арт өрөөнүнөн, апам Теңир-Тоодон. Экөөнүн тең туугандары “кудалар менен катташкан кыйынчылык туудурат, жол алыс” деген себептерди келтирген. Бирок ал маселе анда азыркыдай курч эмес эле. Жалал-Абаддан Нарынга түз жана Тогуз-Торо аркылуу учак каттамдары бар эле. СССР доорунда билет алты рублдан 14 рублга чейин болчу. Жалал-Абаддан Нарынга 1996-жылы учак билети 150 сом болчу, ЯК–40 бир саатта учуп-кончу.

Айтаарым, ата-энемдин туугандары “болоор иш болду, бактылуу болгула” деп, учак менен кудаларына конокко барып, ата-энеме батасын берген. Жыл сайын апамдын туугандары “Кукурузник”, АН–28 же ЯК–40 менен Жалал-Абаддын курортуна, Арсланбапка, Кара-Алмага, Сары-Челекке жана Ошко келип эс алып кетишчү. Атамдын туугандары болсо, Нарынга учуп Таш-Рабатка, Соң-Көл менен Чатыр-Көлгө, Солтон-Сары жана Терс-Суу жайлоолоруна барып эс алып кетишчү. Ошондо туугандарым “силер баш кошпогондо Кыргызстандын сонун жерлерин көрмөк эмеспиз. Бири-бирибиз жөнүндө көп нерсени үйрөндүк” деп айтышчу.

Он адамдык “Кукурузник” менен 6000–7000 метр бийик аска-зоолорун аралап, болгону 4000–4200 метр бийиктике учуу жана Долон же Сары-Кыр ашууларын ашып учуунун өзү мен үчүн чоң майрам болчу. Учак конгуча башка жүргүнчүлөрдүн кыжырына тийип “Облака – белогривые лошадки” деп жыргап ырдачумун.

Кыргызстан – аба каттамдардын өлкөсү болчу

Союз маалында Кыргызстанда 86 аба майданы, учуу-конуу тилкелери, майда аэродромдор, айыл чарба жана спорттук тилкелер, аскерий аба майдандары жана тик учак конуучу аянтчалар бар эле. Алардын ичинен саналуулары гана калды. Бүгүнкү күндө, Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 17 авиакомпания жана 35 учууга жарамдуу учактар катталган. Аталган агенттиктин тизмесинде 11 аба майдан бар: төрт эл аралык (“Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл” жана “Каракол”), калгандары аймактык аба майдандар.

Кыргызстандын аэропорттору

Кыргызстандын аэропорттору


Кыргызстанда дагы бир эл аралык аба майдан пайда болушу мүмкүн. “Ага Хан” өнүктүрүү кору Нарындын чыгышындагы Салкын-Төр айылындагы аба майданды оңдоорун 2012-жылдын апрелинде билдирген эле. Оңдоо иштеринин алкагында, 1964-жылы курулган имаратты жаңыртуу, 2145 метрлик учуу-конуу тилкесин узартуу жана жаңы аэронавигациялык жабдууларды орнотуу иштери каралган.

Андан тышкары Жалал-Абад дубанынын Чаткал ооданындагы Каныш-Кыя аба майданын кайра ишке киргизүү сунушун 2012-жылдын октябрында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айткан эле. Ошондой эле, кээ бир авиакомпаниялар Казарман жана Талас аба майдандарына аба каттамдарды жандандыруу максаттарын айтышкан.

Былтыр 12-апрелде негизделген “Скай Бишкек” авиакомпаниясы жайында Кыргызстандын түштүк аймактарынан Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аба майданына түз аба каттамдарын ачууну көздөп жатат. Аталган авиакомпания алгачкы каттамды өткөн жылдын 1-декабрында Баткенге аткарган. Бишкектин “Манас” эл аралык аба майданынан Баткенге, Жалал-Абадга, Исфанага жана Ошко түз аба каттамдарды аткарат. Кербен шаарчасына 1-марттан тарта уча баштайт. Учурда, “Скай Бишкек” 1989-жылкы бир гана швециялык Сааб–340А үлгүсүндөгү 33 жүргүнчүлүк учакка ээ.

“Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы 6-февралда билдиргендей, былтыр ички каттамдар менен ташылган жүргүнчүлөрдүн саны 8% өсүп, жарым миллионго жакын (479 681) адамды түздү.

Иши кылса, Кыргызстандын ички аба каттамдары оңолуп бараткансыйт. Эми аба каттамдарынын коопсуздугу жана учактардын техникалык базасы да жакшырат деген үмүт бар.

Бакыт Азимканов, Лондон шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG