Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

Кечээ саламыңды алдым. Эгер түрмөдө болбогонумда барып колуңду өөп, ушул сөздөрүмдү өзүңө айтаар элем.

Менин атымды атап, «Ушундай бир айбандын мугалими болгонум үчүн уялам» - дептирсиң.

Туура айткансың. Мендей жанды тарбиялаганың үчүн чынында уялышың керек. Себеби мен мактана турган эч нерсе кылган жокмун. Үй-бүлөмө, чөйрөмө жана жакындарыма зыяным гана тийди. Жаман иштерди жасап, адамдык абийирим булганды. Жыйынтыгы минтип түрмөгө түштүм.

Бирок мугалимим! Менин ушул бактысыз жашоого туш болуума сенин да "салымың" бар. Сенин мамилең мени кандай гана таш боор жана ырайымсыз, роботко айлантканын сезсең...

Эх, мугалимим!

Мени окуткан, мени тарбиялаган жана мени калыптандырган сенсиң. Сага карап түзөндүм, сенден өрнөк алдым. Сени менен беш жыл мектепте бирге болдум. Кийин окууну таштап, көчө балдарына кошулдум...Эмнеге дебейсиңби?

Мага кылгандарыңды чогуу эстейли, балким таштай каткан жүрөгүң бир зырп этер...

Мен апасыз чоңойдум. Өгөй апам мени аябай жек көрчү. Үйүбүздө тынчтык жок эле. Жумшай бергендиктен, жаным тынчу эмес. Сенин берген тапшырмаларыңды ушул себептүү аткара албай калчумун. Менин кандай күнгө туш болгонумду билип туруп такыр түшүнбөй койдуң. Дайыма басмырладың. Акыры окуудан да, коомдон да ажыраттың.

Апам жок болгону үчүн таза, тыкан кийине албайт элем. Бул үчүн уруша берчүсүң. Кир же айрык шымымды, өсүп кеткен тырмагымды, же болбосо кесилип кеткен бетим менен таралбаган чачымды доскага чыгарып алып мыскылдайт элең. Андай учурда мага аалам тарып, кайдадыр көз көрбөгөн, кулак укпаган жакка сызып кетким келчү.

Тапшырма аткарбасам сызгыч менен чаап калчусуң. Чыдабай ыйлап жиберсем «Эркек да ыйлайбы?» деп кулагымды толгоп... Ушунун айынан кийин сабакка да барбай калдым. Теңтуштарыма аралашып, эс ала турган жерим мектеп эле... Билим уясын мага ыраа көрсөң эмне...

Эстейсиңби мугалимим, бир күнү атама арызданыпсың. «Сабак аткарбайт, дайыма бейбаштык кылат» деп. Атам ошондо мени катуу сабады. Ошол ирмем жүрөгүмө өчпөс так салды. Атамдын токмогуна эмес, арызданган сага катуу таарындым. Атам го мейли, окубаган караңгы адам эле. Ура берчү. Бирок сен...

Эх, мугалимим! Мага бир карап, жылмайып койсоң эмне болмок? Абалымды сурап, чачымды бир жолу сылап, жүзүмө мээрим толгон алаканыңды тийгизип койсоң эмне болмок?

Кыскасы, сен мага жакшы үлгү болбодуң. Жарык келечекке жетелеп, жол көрсөтпөдүң. Коомго зыяндуу инсан болушума орун даярдапсың. Жан дүйнөмө сен "отургузган" көчөттөр, кийин жемишин берди. Өзүмө да, коомго да коркунучтуу адам болуп чыга келдим.

Бирок мугалимим менин... Эгер жараткан акыретте сени мен үчүн азапка тарта турган болсо, сенин бардык күнөөлөрүңдү алып, өзүм азап тартууга даяр болот элем... Анткени, кандай болгон күндө да сен менин мугалимимсиң.

Мынакей замандаш бул аянычтуу тагдырлардын бирөөсү гана. Мындай мисалдар оголе көп. Менин айтайын дегеним, жаш кезинде мээрим, сүйүү, жакшы тарбия көрбөгөн бала «күн көрбөгөн гүл болбойт» дегендей, эч качан жакшы инсан болуп жетилбейт... Үйдө болобу, мектептеби, көчөдөбү баланын назик сезимдерин оорутпайлы дегим келет...

(Халит Ертугрулдун «Өрнөк мугалим» чыгармасы)

Которгон Азизилла уулу Иманбек,

ОшМУнун теология факультетинин студенти

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG