Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16
Орусияга келгениме 2 айдан ашык убакыт өттү. Ата-энем акыркы жылдары иштеп, жашап жүрүшкөн Москванын чет жакасындагы шаарчадамын.

Сыртка апам менен азык-түлүк сатып алганы гана чыкпасам, көп чыга бербейм. Негедир ошондо да дайыма жүзү жылуу учураган мекендештеримди издей берем.

Москва шаарына салыштырмалуу биз жашаган аймакта кыргыздар өтө аз. Учакта мекендештеримдин жоон тобу менен учуп келип, андан бери автобуска отурганда кадимки шырылган тон кийген өзбектерди көрүп таң калганым метрого түшкөндө бекер экенин түшүндүм. Менимче, мынча кыргыздын өз өлкөсүнө кирип чыкканын орустар эмес, Кыргызстан деле толук тескей албайт болуш керек.

Ошентип биринчи эле күнү бул жерде мекендештеримди көрүүгө зар болбойт экенмин деп койдум. Атам: “бул жакта эки өзбек алыстан бири-бирин көрсө чуркап келип, тааныбаса да ал абалын сурашып, тааныш болуп кетет. Кыргыздар болсо бири-бирин көргөндө жоосун көргөндөй чочуп кетишет...” деп күлөт. Чын эле ушундай экен.

Үч кыз

Тармактык сатуу менен алектенген белгилүү косметикалык компаниянын баш кеңсесине барып калдым. Ал жерден мынча көп мекендештеримди көрөм деп ойлогон эмесмин. Орто жаштагы аялдар, жигиттер-кыздар. Баары тыкан, таза кийинишкен. Өздөрүнүн кардарлары менен иш алып барып жатышат. Кардарлары да кыргыздар. Алар үчүн кубандым. Жок дегенде ушулар жылуу жумшак, таза жерде иштешин кааладым.

Жүрөгүм ооруганы ошол ири кеңсенин полун жапжаш кыргыз кыз жууйт экен. Биз тепкичтен көтөрүлгөндө да, түшүп келатканда да кирип чыккандардын артынан тынбай сүрүп жатты.

Чогуу келген орус аял “бул азамат кыз, дайыма көрөм. Күндө иштейт окшойт. Бош болгондо кардарлар менен да иштейт”, – деди. Мен болсо антип мактай албадым, жүрөгүм ооруду.

Апамдын дагы бир таанышынын кызы 2 жылдан бери ири курулуш дүкөнүндө пол жууп жүрүптүр. Жашы 16га толо элек, 9-классты аяктап келе берген боюнча Кыргызстанга жакында кетти. “Барып 2 ай окуп, аттестат алып, окууга тапшырам” дегенине таң калдым.

Кечээ үйдүн жанындагы ири дүкөнгө кирип эле пол жууп жаткан жаш кызды көрүп ичимен “кыргыз” деп ойлодум. Жүрөгүм дагы ооруду...

Мен жогоруда көргөн 3 кыз тең жаңы ачылган кызгалдактай назик, наристе бойдон ири шаардын таш боор жашоосуна кабылышты. Салыштырып алганда 2 жыл калтырса да “барып окууга тапшырам” деген кыз үчүн кубанычтамын. Бирок калган экөөнүн эртеңки күнү кандай болот? Бөтөн улут эмес, өзүбүздүн кыргыз жигиттерге алданып калган үрөй учурган ондогон, жүздөгөн учурларга күбө болдук го. Эртең эле мен болбосо башкалардын үйүнүн жанындагы дүкөндүн полун эне сүтү оозунан кете элек менин дагы бир сиңдим жууп калбайт деп ким кепилдик берет?!

Мыйзамдашуу азабы

Үйдө олтура бергенден чарчап, ата-апама жүгүмдү артпай, жайга чейин жок дегенде кийим-кечегимди, жол киремди табуу үчүн жумушка кирейин деп чечтим. Мыйзамдуу түрдө жумушка кирүү үчүн 1 жылга уруксат алууга акча төлөп, катталып, 20 күндөй күттүм.

Акыры мен күткөн күн келип, уруксат кагазды алуу үчүн жергиликтүү федералдык миграция кызматына барып, күтүүсүз абалга кириптер болдум. Ойлогондой бийик имараттын жалтыраган эшиктеринен кирген жокмун. Анын ордуна 2-3 кабаттуу имараттын көрүмсүз дарбазасынын түбүнө чейин тыгылган баш аягы жок кезекке туш болдум. Мындай кезекти чынын айтсам өмүрүмдө көрбөптүрмүн. (Өзү Москвага келгенден бери бул жакта адамдардын өтө көп экенине көнө албай жүргөм).

Бүгүн кезек мага жетээрине көзүм жетпей, башка күнү келем деп, үшүгөнүмө, 1 саат жол жүрүп келгениме кайыл болуп кете бердим. Абдан таасирленткени мен көргөн “улуу кезектин” арасында баарынан өзбек, тажик, кавказ улутундагылардын көп экени болду. Кыргызга окшош бир – экөөнү көргөндөй болдум. “Улуу кезекчилер” үчүн ал жерде бир автоунаанын артын ачып алып ысык чай сатып жатышыптыр. Бул жердин “салтын” билгендер атайын бир күнүн бөлүп, “чоң күрөшкө” аттанган сымал камданып келишпесе болчудай эмес.

Мурун мекенимде жүргөндө Орусиянын жарандыгын алып кеткендерди түшүнчү эмесмин. Азыр жакшы түшүнөм. Бул жакта жарандыгың болсо каалаган жерге, каалаган учурда, каалагандай маянага орун болсо эле жумушка кире аласың. Ал тургай айрым экс-мекендештерибиз өз паспортун башкаларга берип, алардын жумуш табышына жардам бере алышат. (Эгер сүрөтү окшош болсо!)

Апамдын бир тааныш кызы бул жактын жарандыгын алган жигитке турмушка чыгып, Орусиянын жараны болуп калат. Бирок анын арманы, орусчаны оңдуу билбегени экен. Жумушка кирип иштеп жатса да кесиптештери менен сүйлөшө албаганы, айрым учурда алар сүйлөгөндө түшүнбөй калганы жанына батып жүрөт.

Бул жерде иштеп жүргөн ар бир кыргыз мекендешим (жарандыгын убактылуу алмаштырса да!) Кыргызстанда жок дегенде 2-3 болбосо 5-6 адамды (ата-энесин, бир туугандарын, жубайын, жолдошун, балдарын) багып, заңгыратып үй салып, бизнес ачып жатат. Мамлекеттен бир тыйын сурабай, тескерисинче салымын кошуп жатат.

Айрым аткаминерлердин чет элдеги мигранттардан жылына канча акча келип жатканын мактаныч менен жарыялаганын далай көрдүк. Ошол учурда алар бул акчалар канча адамдын ден соолугун жеп, көз жашына сугарылып, намысын тебелеп табылып жатканын ойлоп койду бекен...

Гүлназ Бакирова, Москва

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG