Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:32

28-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы кезектеги жыйынын ачты. Бул саммит өзгөчө учурга туш келди: бир жагынан 1945-жылы Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин түзүлгөн уюмга быйыл 70 жыл толуп отурат. Экинчиден, Украина, Сирия жаңжалдары жалбырттап, дүйнө лидерлери эки-үчкө бөлүнүп, орток пикир табылбай, Европаны болсо Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки качкындардын эң чоң агымы каптаган учурда өтүүдө.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун саммитти ачып жатып Сириядагы согушту токтотуу чакырыгы менен чыкканы да бекеринен эмес. Сирия жаңжалы дүйнөлүк жыйында чыгып сүйлөгөн көпчүлүк лидерлердин көтөргөн темасы болду. Албетте, Сирия жана Украинадагы окуялардан башка да ондогон маселелер айтылды, козголду деңизчи.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун мааракелик 70 жылдык саммитине барбай турганы белгилүү болгондо эле айрым дипломаттар мамлекет башчынын бул кадамын сындашкан эле.

Президенттин ал сапардан баш тартканын 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого байланыштуу болду дешкен. “Сентябрдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко БУУнун ассамблеясынын 70 жылдык мааракесине бармак. Бирок бул иш сапар болбой калды. Анткени өзүңөр билгендей, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Мамлекет башчы шайлоо маалында Кыргызстанда болууну чечти” деп түшүндүргөн эле президенттин өкүлү.

Нью-Йоркко кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштап барды.

Ошентип Атамбаев Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын юбилейлик жыйынына барган жок. Кыргызстан мындан эмнени утту да, эмнени уттурду?

Дүйнө лидерлери БУУда ааламдагы башкы көйгөйлөрдү талкуулап жатканда президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте, Нарында эл менен жолугушуп жүрдү. Атап айтканда, 29-сентябрда президент түндүк-түштүк альтернативдик автожолундагы туннелдин курулушу менен таанышты. Андан бир күн мурун болсо Бишкекте актив менен жолугушкан. Бүгүн болсо Нарын облусундагы сапарын улантты.

Мамлекет башчы буга чейин Баткенде жана Ошто да болгон. Президенттин эл менен жолугушуулары, аймактарды кыдыруулары куп парламенттик шайлоонун алдында күчөгөнүн белгилеген байкоочулар анын өлкөнү кыдырганын өзү түптөп, президент болгонго чейин төрага болуп турган Кыргызстан социал-демократтар партиясына элди үгүттөө катары сыпаттап да жиберишти.

Ошондуктан Атамбаев Нью-Йоркко шайлоодо өз партиясына тынчы кеткени үчүн барбай койгон жокпу деген суроо да туулбай койбойт.

Президент өз партиясына үгүт жүргүзүп жатат дебегенде деле туннелдин курулушу менен таанышканча, Нарында жана Бишкекте эл менен жолугушканча Нью-Йорктогу жыйынга катышып сөз сүйлөсө, дүйнөлүк маселелер боюнча Кыргызстандын көз карашын билдирсе утуш болмок беле дейсиң. Биринчиден, туннелдин курулушу качып кетпейт эле. Экинчиден, Бишкек менен Нарындын тургундары деле президент БУУда сөз сүйлөөгө кеткенин туура түшүнмөк.

Маселен, кошуна Өзбекстан быйыл да БУУнун минбарынан Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна каршылыгын билдирди. Нью-Йорктогу саммит кыргыз президентине ГЭСтерди куруунун зарылдыгын дүйнөлүк коомчулукка, анын ичинде Өзбекстанга да түшүндүрүүнүн эң мыкты мүмкүнчүлүгү болчу.

Андан тышкары, КМШда, Борбор Азияда парламенттик башкарууну курам, өркүндөтөм деген мамлекет башчысы Кыргызстандын атынан жаңы сунуш-демилгелер менен чыкса, дүйнө лидерлеринин көңүлүн бура алмак эле.

Буга чейин, айталы, 1995-жылы өткөн “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы, 2002-жылдагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, 2003-жылдагы Эл аралык тоо жылы сыяктуу демилгелерди Кыргызстан БУУнун трибунасында көтөрүп, колдоо тапкан. Ал глобалдык алкакта колдоого татыган демилгелер менен иш-чаралар Кыргызстанды мамлекет катары эл аралык коомчулукка таанытканы талашсыз.

БУУнун саммити чет элдик лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн да чоң платформа.

Кыргыз-Америка алакалары мээлүүн тартып турганда Атамбаев менен Обама кол алышып, ал-абал сурашса, эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоого түрткү да болмок.

Сөзүбүздүн башында БУУнун быйылкы жыйыны өзгөчө учурга туш келди дебедикпи. Чындап эле анда дүйнө байкоо салып турган окуялар арбын эле болду. Маселен, эки жылдан бери бетме-бет жолугуп сүйлөшпөгөн Орусия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Барак Обама Нью-Йоркто көзмө-көз жолугушуп, бир сааттан ашык маектешти.

Ал эми Башкы жыйында сүйлөгөн казак президенти Нурсултан Назарбаев БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесин Азияга көчүрөлү деген сунушу менен чыкты. Бул ишке ашып кетпесе да, башкалардын көңүлүн бура турган, негиздүү демилге болду. Назарбаевдин котормо жагынан кыйынчылык жаралганына карабастан негизги баяндамасын акыр-аягына чейин казакча окуганы да талкууланууда.

Беларус лидери Александр Лукашенко болсо Жакынкы Чыгыштагы окуялар үчүн Батышты ашата сындап, Беларусту эң демократиялуу өлкө деп өлөрчө мактады.

Кыскасы, үч күндөн бери дүйнөнүн көз салганы, кулак түргөнү эле БУУнун ассамблеясы. А бирок биздин ой-пикирибиздин, өң-түшүбүздүн баары - шайлоо.

Шайлоодон кийин да турмуш бар экенин, Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун бир мүчөсү экенин унутпасак.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG