Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Ар бир үйдө жарык болушун каалайм


Бишкекте өткөн флэш-моб
Бишкекте өткөн флэш-моб

Бул жашоодо эки нерсени тандагандан жаңылбаш керек: биринчиси – өмүрлүк жарды, экинчиси - кесипти тандоодон” деп айтышат. Жар тандоодон жаңылсаң эки айрылыш жолго түшөт экенсиң, ал эми кесибиң сени өмүр бою коштоп жүрөт экен. Анын сыңары бул жашоодо адамга туура, жан дүйнөсү каалаган жактырган кесипти тандоо эң маанилүү.

Мен электрик болгум келет. Ар бир үйгө жарык, жылуулук киргизип, электр тармагын өркүндөтүп, өстүрсөм дейм. Канча жылдан бери бирдиктүү электр шакекчеден чыгабыз деп коңшулар коркутуп келет, бул көз карандылыктан Кыргызстанды чыгарып, кышында үшүп-шишибей, өнүккөн өлкөлөрдөй канча муктаждык болсо ошончо колдоно бергидей кылып энергетика тармагын көтөргүм келет. Электрдин жумушу бир эсе оор, бир эсе кооптуу болгондугуна карабай, мени бул тармак өзүнө тартып турат.

Бири экономист, бири юрист, дагы бири дипломат болом деп турганда мен энергетика тармагына ыктадым, ушу тапта Исхак Разаков атындагы Политехникалык университетке өтсөм дегенде эки көзүм төрт. Ушул кесибимди аркалап, дарак сымал бир жерден көгөргүм келет.

Тилек Бактыбек уулу, Кыргызстан эл аралык университетинин алдындагы колледждин бүтүрүүчүсү

XS
SM
MD
LG