Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Азаттык форумунда люстрация маселеси демилгеленди


Форум катышуучулары
Форум катышуучулары

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова өлкөдө люстрация өткөрүүнү демилгелеп, ал үчүн атайын комитет түзүүнү сунуштады. Бишкекте өтүп жаткан Азаттык форумунда Сооронкулова люстрациялык тизмеге адам укугун бузгандар, саясий куугунтук, репрессия кылып жаткан адамдар кириши керектигин айтты.

- Алардын бардыгы белгилүү. Атайын комитет люстрация тууралуу мыйзам долбоорун иштеп башташы керек, - деди Клара Сооронкулова.

2005-2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстанда люстрация маселелери козголуп, бирок колдоочуларды тапкан эмес.

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" менен «Конституциялык кенешме» кыймылы уюштурган Азаттык форумуна коомдук ишмерлер, оппозиция өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер катышууда. Анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланып жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG