Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Кыргызстандагы конституциялык реформанын көйгөйлөрү адистин көзү менен.

1993-жылы кабыл алынып, бир нече жолу реформага туш келген Конституциябыз, дүйнөлүк конституционализмдин үчүнчү муунунун талаптарына жооп берет. Үчүнчү муундагы конституциялар экинчи дүйнөлүк согуштан кийин XX кылымдын 40-50-жылдарында пайда болгон. Себеби согуштан жапа чегип, кыйраган өлкөлөрдө күчтүү мамлекеттик бийлик органдарын түзүү зарыл болуп калган, анткени алар өлкөнүн көптөгөн көйгөйлүү маселелерин чечкенге даяр болушу керек эле, бул негизинен Европа мамлекеттери болчу. Азыр алар бешинчи муундагы Конституция менен жашап жатышат.

Кыргыз Конституциясы басып өткөн жол

1993-жылы Кыргыз Республикасында кабыл алынган Конституция мезгил талабына ылайык болчу, анткени жаш кыргыз мамлекетин бутуна тургузуш үчүн күчтүү мамлекеттик бийлик керек болгон. Андан бери мамлекеттик бийлик күчтүү эле болбостон, коомдук көзөмөлдөн четтеп, өз элин уурдап, тоноп, атып, жерин сата баштады.

Ошол себептерден мамлекеттик бийликтин бутагында отурган кызматкерлердин ыйгарым укуктарын чектөө, бийликке коомдук көзөмөл киргизүү, алардын укуктук-саясий жоопкерчилигин күчөтүү мезгилдин талабы болууда. Ушул талаптарга социалдык акыйкаттыкка негизделген төртүнчү муундагы конституциялар туура келет.

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган конституция 1993-жылдагы негизги мыйзамдын бийликтеги кээ бир адамдардын жеке көз карашына, кызыкчылыгына ылайыкталып иштелип чыккан жаңы редакциясы десек болот.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттин идеологиялык документи катары коомдун талабына жооп бербейт. Коомдун кызыкчылыгы жеке адамдыкына караганда төмөн коюлуп калган. 2010-жылы пайда болгон башкаруу системасы саясий коррупциянын өнүгүшүнө түздөн-түз себеп болду. Кыргызстанда саясий жана системалык коррупция улам жаңы тепкичке көтөрүлүп келе жатат. Буга партиялык тизме аркылуу бериле турган депутаттык мандаттар акчага сатылып, социалдык-экономикалык тармактар партиялардын карамагына мыйзамсыз өтүп кеткендиги далил. Үй-бүлөлүк кландык система партиялык-вотчиналык система менен алмашып, партиянын диктатурасы орноду. Айрым саясий партиялар мамлекеттик бийликти узурпациялап алды. Өлкөдөгү саясий-экономикалык туруксуздук, чабал партиялык түзүлүшкө негизделген «кыргыз парламентаризми» деген атка ээ болгон мамлекеттик бийликтин алсыздыгын далилдеп койду.

Конституциядагы кемчиликтер

Ошондуктан биз Конституциянын айрым бир кемчиликтерине токтолуп кетелик.

1. Конституцияны коргоого, сактоого боюнча жогорку мамлекеттик бийликтин органы кепил болбойт.

2. Конституцияда мамлекеттин ички жана сырткы саясатынын негизги багыттарын аныктай турган бийлик органы көрсөтүлгөн эмес. Бул маселе мамлекеттик бийликтин коомдук мамилелерди жөнгө салуy боюнча эң негизги милдеттерине тиешелүү, аны аткарбаган бийлик өзүнүн негизги кызматынан четтеди деп түшүнсөк болот.

3. Улуттук коопсуздукту сактоо ар бир мамлекеттин негизги иштери болуп, ал боюнча атайын коопсуздук кеңеши түзүлөрү баарыбызга маалым. Коопсуздук маселеси экономиканы, экологияны, тамак-ашты, калктын жалпы ден-соолугун жана башка маселелерди кучагына алат, бул боюнча атайын мамлекеттик конституциялык органдын түзүлүшү, өз ишин алып баруусу зарыл нерсе. Конституцияда ушул мамлекеттик орган жок, согуш мезгилиндегидей Коргоо кеңешин түзүп алдык.

4. Конституция боюнча президент жалпы элдик шайлоого барып, өз мандатын алат, демек ал элдин өкүлү, анын эркин аткарып, кызыкчылыгын сакташ керек. Элдин өкүлү болгон президенттин укугу өтө чектелип калган, ал мыйзам сунуштоо демилгесинен ажыратылган, бул элдин бийлигин чектөө деп саналат.

5. Конституциянын 4-беренеси боюнча Кыргыз Республикасында «мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына» тыюу салынат. Ушул тыюу салуулардан кийин кандай жол менен партиялык тизме менен түзүлгөн Жогорку Кенешти, партия фракцияларын, партия мүчөлөрүнүн ишин парламентте, өкмөттө жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда камсыз кылуу мүмкүн?

6. Конституциянын түзүлүшү, ички логикасы боюнча көп каталар кездешет. Тактап айтсак, 4, 70, 84-беренелер бири-бирине карама-каршы келет. 20-берененин жоболору, андан башка дагы он эки беренеде кайталанып каралып калган. 41-берене боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укугу туура эмес берилген. Адамдын өмүрүн сактоо негизги укуктарга кирбей калган (21-берене). Конституциянын кыргызча жана орусча текстеринде мазмуну боюнча айырмачылыктар бар (12-берене 5 бөлүк).

7. Элдик бийликти орнотууда негизги ролду шайлоо системасы ойнойт жана ал саясий элитаны тарбиялап, анан тандап чыгууга көмөк көргөзөт. Акыркы 25 жылдын ичинде шайлоо системасы толугу менен бузулуп, элдин ишениминен кетти.

Шайлоо системасы саясий, мүлктүк чектөөлөрдүн негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 2, 4 -беренелерине каршы келип, коомдо саясий-укуктук тенсиздикти пайда кылды,буга эч ким жооп берген жок. Укуктук, каржылык чектөөлөрдүн натыйжасында жарандардын саясий укугу бузулду (Конст. 2, 16, 20, 52-беренелери).

Партиялык тизме менен өтүүчү шайлоодо шайлануу укугуна аз гана адамдар, саясий партиянын мүчөлөрү гана ээ болуп, элдин калың катмары бул укуктан ажыратылып, конституциялык түзүлүштүн демократиялык принциби бузулду.

8. Бийликке келген саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 5-беренелерине дал келбеген иштерге барышып, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарын ич-ара бөлүшүп, шайлоодо партиялык тизмедеги орундарды акчалууларга сатышкан. Бул көрүнүштөр мамлекетти башкаруунун саясый партияга негизделген парламенттик формасына Кыргызстан даяр эмес экендигин дагы бир жолу далилдейт.

Эл бийлигин партиялар энчилеп алды

Жалпылап келип конституциянын кемчиликтерин анын концепциясы жана бөлүмдөрү боюнча айтсак төмөндөгүдөй:

1) Конституциялык түзүлүш боюнча, элдин эгемендиги, бийлиги саясий партияларга өтүп кетти. Элдин өкүлү шайлоочунун тапшырмасын аткара албайт. Коом мамлекетти көзөмөлдөй албай калды.

2) Мамлекетик түзүлүш боюнча, бийликтин бир да бутагы толук кандуу иштебейт жана жоопкерчилиги жок, алар мамлекеттин ички жана сырткы саясатын аныктабайт, конституциянын кепили боло албайт. Мамлекетте олигархтардын бийлиги орноду.

3) Укуктук системада адам укугунун жобосу коомдун, жарандын укугуна үстөмдүк кылып тебелеп кетти (41-берене), ошол себептен Конституция элдин суроо-талабына жооп бербейт.

4) Шайлоо системасы партиянын башчыларынын ачык акча табуучу куралы болду. Депутаттык мандаттар сатылып, коррупция күчөдү.

5) Кыргыз Республикасынын Конституциясы өтө саясатташкан документ, анын 75 % жакын беренелери коомдогу саясий мамилелерге багытталган, бийликти түзүүнүн тартиби, алардын ыйгарым укуктары кеңири жазылган, саясий күчтөрдүн кызыкчылыгына жооп берген жоболор кирген, ошол себептен бат-бат өзгөрүүгө туш болуп жатат.

6) Конституцияда ички карама-каршылыктар, мезгилдин талабына дал келбеген жоболор орун алып, мамлекеттик бийликтин бутактарынын тең салмагы менен бири-бирин көзөмөлдөөсү жана укуктук-саясий жоопкерчилиги каралган эмес. Конституцияда грамматикалык жана стилистикалык каталар көпчүлүк беренелерде орун алган, ошолорду алты жылдан бери оңдогондун ордуна биз Баш мыйзамга тийбейбиз, ал 2020-жылга чейин кол тийгис деген кептерди айтышканы Конституцияны билбегендиктерин далилдеп турат. Начар жазылган Конституцияны кызмат абалынан пайдаланып, элге тануулагандар коомчулуктун алдында жооп бериши керек.

Саясатчыларды бөлгөн референдум

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө саясий-укуктук системаны өнүктүрүүдөн башталат. Конституциялык реформаны ишке ашыруунун бир нече жолдору бар, алар парламенттик, уюмдаштыруу чогулушу тарабынан жана түз демократиянын формасы аркылуу болот. Түз демократиянын формасы эки түрдө болот; 1) элдик демилге, 2) референдум.

Референдум маселеси боюнча саясат айдыңында жүргөндөр эки лагерге бөлүнүшүп, катуу кармаш башталды. Жогоруда белгилегендей, референдум түз демократиянын формасы, коомдун жана мамлекеттин маселесин чечүүнүн жалпы элдик жолу. Коомдун саясий негизин эгемендик, эл бийлиги түзөт. Элдик эгемендик – бул элдин жогорку саясий эрки, каалоосу жана анын укугун чектөөгө мүмкүн эмес. Эгемендиктин негизинде эл өзү коомдун, мамлекеттин түзүлүшүн аныктайт.

Референдумга каршы чыккандар бир нече топтордон турат. Биринчиси, адам укугун коргойбуз дегендер, экинчиси, бийликтен четтеген мурунку чиновниктер, үчүнчүсү, кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенине карабастан сотко берилишин каалабагандар, төртүнчүсү, Конституцияны начар жазып, мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизгендер, бешинчиси, айрым жарандардан жана жаштардан турган улуттук-мекенчил күчтөрдүн өкүлдөрү. Бул топтордун негизги жобосу конституциялык реформа болсо бийлик узурпацияланып кетет дешет. Алардын кооптонгондоруна кошулам. Бирок, эскерте кетиш керек, Конституция бузулуп, бийликти партиялар басып алганын алар билишпейби? Булардын алгачкы төртөөнүн кызыкчылыктарын түшүнсө болот, ал эми бешинчи топтун өкүлдөрүн түшүнүш кыйын, эмне үчүн каршы экенин өздөрү дагы так айта албай жатышат. Референдумга каршы чыккандардын укуктук базасы жок, анткени аны чектөө Баш мыйзамда берилген эмес.

Конституциялык реформаны референдум жолу менен ишке ашыралы дегендер дагы көп көйгөйлөрдү жаратты. Акыркы чейрек кылымдагы бардык конституциялык реформалардын өткөзүлүшүнүн мүнөздүү белгилери төмөнкүлөр; 1) конституциялык реформа ар дайым бийлик тарабынан демилгеленет, элдин сунушу эсепке алынбайт; 2) негизинен бир гана маселе - башкаруу формасы каралат, анткени ал ”саясий элитанын” эрмеги; 3) алтернативалык долбоорлор, башка сунуштар кабыл алынбайт, бийлик саясий атаандаштыка барбайт; 4) кеңири коомдук талкуусуз, ыкчам, тез ишке ашып, чийки чечим кабыл алынат; 5) конституциялык реформанын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жооп бербейт.

Ошондуктан 25 жылдык тажрыйбаны эске алып, конституциялык реформаны ишке ашыруунун эки варианты сунуш кылынат. Биринчиден, кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасын, менталитетин эсепке алган жана улуттун коопсуздугун камсыз кыла турган, азыркы турмуштун талаптарына жооп берген, жалпы коомчулуктун кызыкчылыгына төп келген, улуттук идеологияга негизделген, социалдык акыйкаттыкка багытталган жана бийликтин жоопкерчилигин көрсөткөн жаңы муундагы Конституциянын долбоору жалпы элдик талкууга койулса абдан жакшы болмок. Бул Конституциянын долбоору саясий атаандаштыкты күчөтүп, коомдун реформа жолу менен өнүгүшүнө шарт түзмөкчү.

Жаңы долбоордун артыкчылыгы жана кемчилиги

Бирок бул вариантка бийликтин барышына ишеним аз, ошондуктан экинчи вариантка токтололу. Азыркы конституциялык реформа боюнча бийликтин сунушунун оң жана терс жактары бар. Мамлекеттин эгемендүүлүгүн сактап калуу, башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенине карабастан сотко берилиши маселелерин колдоого алса болот. Ошол эле мезгилде кемчиликтерин айта кетсек, долбоор боюнча мамлекеттик бийликтин конструкциясы өзгөргөн жок, бийликке коомдук көзөмөл киргизүү, алардын укуктук-саясий жоопкерчилигин күчөтүү маселеси чечилген эмес. Саясий, мүлктүк чектөөлөрдүн негизинде түзүлүп, элдин ишениминен кеткен шайлоо системасы өзгөргөн жок.

Ошол себептен 2016-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна биз толуктоо, кошумча киргизели деп төмөнкүүлөрдү сунуш кылабыз:

1. Элдик Курултай – мамлекеттик бийлик органдарын көзөмөлдөө милдетин аткаруучу жогорку өкүлчүлүк орган болсун.

2. Кыргыз Республикасынын президенти мамлекеттин, аткаруу бийлигинин башчысы жана эң жогорку кызмат адамы болуп саналат. Президенттин жана өкмөттүн аппараты бириксин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 70 депутаттан туруп жана алар пропорциялык жана мажоритардык шайлоо системалардын тен салмактуулугунун негизинде беш жылдык мөөнөткө шайлансын.

4. Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланып, аны чакырып алууга жол берилсин.

5. Конституциялык сот 12 судьядан туруп: Конституциялык соттун үч судьясы – Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан, үчөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши жана алтоо жана Конституциялык соттун төрагасы Элдик курултай тарабынан дайындалсын.

6. Бийлик органдарынын элдин жана мыйзамдын алдындагы укуктук-саясий жоопкерчиликтери күчөтүлсүн.

7. Шайлоо системасын реформалоо жана саясий элитага карата люстрациялоо чаралары жүргүзүлсүн.

Коомчулукка айта турган сөз, жогору айтылган конституциялык реформанын эки варианты тең Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталды, жыйынтыгын күтөбүз.

Конституциялык реформанын көйгөйлөрү коомдук-саясий күчтөр аркылуу дайыма көтөрүлүп келе жатат, бул боюнча бир нече эмгектер жазылып, долбоорлор сунушталган, бирок бийлик укпайт, саясий атаандаштыктан качат.

Бүгүн конституциялык реформага активдүү катышып, кыргыз коомунун тарыхый жолун, дүйнөлүк коомчулуктун мыкты тажрыйбаларын эске алуу менен коомдун, жарандардын кызыкчылыктарын коргогон укуктук реформаны жүргүзүп, демократиялык конституциялык түзүлүштү калыптандыруу мезгилдин талабы.

Бекбосун Бөрүбашев, юридикалык илимдердин доктору, профессор

P/S. "Өзгөчө пикир" рубрикасына чыккан макалалар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG