Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Күн кайтарган шукшу кыргыздары


Шукшулук кыргыздар өздөрүн «Күнгө жакынбыз», «Кароолчунун урпактарыбыз» деп санашат.
Шукшулук кыргыздар өздөрүн «Күнгө жакынбыз», «Кароолчунун урпактарыбыз» деп санашат.
Кытайдын Кашкар аймагынын Каргалык ооданына караштуу Шукшу деген айыл тарапта миңге жуук кыргыздар жашашат. Аталган айыл оодандан 180 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргыздар ал айылдан дагы 120 чакырым алыстыктагы бийик тоолуу кыштакта мал багып, азын-оолак эгин эгип, күн өткөрөт. Алардын чакан тарыхы жана татаал жашоосу жөнүндө «Шинжаң кыргыз адабиятынын» баш редактору Толкун Турду айтып берди:

- Шукшу кыргыздары 1772-жылы азыркы Кызыл-Суу кыргыз аптоном обуласына караштуу Ак-Тоо ооданынан барган. Учурда алардын көпчүлүгүнүн жашоосу өтө эле татаал. Каргалык оодан борборуна ат, эшек, топоз, төө минип катташат. Бир үй менен экинчи үйдүн аралыгы да алыс. Адатта, бир үйдөн экинчи үйгө баруу үчүн эле бир-эки күнчүлүк жол. Өзүнө керектүү ун-туз, кийим-кечесин Кашкар же Каргалыктан алып, Шизаң заңзу (Тибет) аптоном районуна каттаган машиналарга түшүп, Шукшу айлылына жетип түшүп калып, андан ары керек-жарактарын ат, эшек, топоз же төөгө артып кетишет. Ошону менен кыштактан Шукшу айлына бир каттап кайтуу үчүн аз болгондо бир жума убакыт кетет.

Шукшулук кыргыздар өздөрүн «Күнгө жакынбыз», «Кароолчунун урпактарыбыз» деп айтышат. Себеби аларды мындан 3 кылым мурда Чиң падышалыгынын бийлиги чек араны кайтартуу максатында көчүрүп барган. Ал кезде жалпы 12 түтүн (53 адам) барса, 2006-жылкы маалыматта булардын жан-саны араң 130 түтүнгө (917 адамга) жеткен.

Жери бийик, климаттын начарлыгына байланыштуу кыргыздар жашаган кыштакта ушул күнгө чейин машина жол, мектеп жана бейтапкана жок. Көп аял төрөттөн каза болот. Шукшу айлына мектеп, бейтапкана 1990-жылдардан кийин гана салынган. Бирок жол алыс болгондуктан, кыштактан барып-келип бала окуткандардын саны аз. Оорулуу адамдарды жеткизүү да өтө кыйын.

Толкун Турду
Толкун Турду
Толкун Турдунун айтымына караганда, шукшулук кыргыздар өз айлынын босогосунан көп узап чыккан эмес. Ичкилик, арак-шарап дегенди билген эмес, тили, салт-санаасы кадимки кыргыздардай. Бирок өз арасында гана кыз алып, кыз беришет. Эрлери атты жакшы баптап, ат жабдыктарын өзгөчө асемдеп минип, үйдүн сырткы тиричилик жумуштарын жасаса, аялдары бала багуу, үй оокаттарын жана өрмөкчүлүк менен күн өткөрөт.

Алар ак көңүл, кең пейил, тапкандарын тең бөлүп жеген, колунда бары колунда жогун ач калтырбаган ынтымагы менен сүйүндүрөт. Торколуу той, топурактуу өлүмдө жабыла мал чыгарып, ар бир чогулушту ызаат-сый менен өткөрүүгө ар ким өз жумушундай күч жумшайт.

Ушу жакынкы жылдары шукшу кыргыздарында ич жылытаар жаңы өзгөрүүлөр да жок эмес. Айрымдары оодан борбору Каргалыкка көчүп келип, арасынан ири ишкер да чыкты. Толкун мырза сүйүнүү менен буларды кошумчалады:

- Акыркы он нече жылдын ичинде аларда да айрым өзгөрүүлөр боло баштады. Балдарын окутуп, айыл ортолугуна же Каргалык шаарчасына келип конуштангандар бар. Анан өзгөчө тилге ала кетчү да бир нерсе - ал жерден таш соодасына аралашып, миллионерге айлангандар чыкты. Себеби ал жерде өзгөчө баалуу асыл таштарды табууга болот экен. "Асыл - таштан" деп ата-бабабыз бекер айтпаган да. Дүйнөдө ошо таштын асылынан өткөн баалуу нерсе жок тура. Байыркы "Акак шуру" деген ошол таштардан жасалса керек. Ушундай акчалуулар арбыса, жаштарды билимге тартса, шукшулук кыргыздардын келечеги жаркын болоор эле.

Кытайда кыргыздардын айрым уруулары чачыранды болуп кеткен мындай учурлар аз эмес. Аларды изилдеп, колдон келген жардам көрсөтүү мамлекеттин да, кыргыздардын өздөрүнүн да вазийпасы деп ойлойм.


Бектур Илияс
Үрүмчү


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG