Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

7-апрель, 2010: Үзүлгөн сапар


Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты, 08.04.2010

Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты, 08.04.2010

2010-жыл, 7-апрель. Бишкекке каттоочу кош кабат карабаттуу кырк кишилик автобус таңкы саат 8де Артыштан козголуп, эки сааттан соң Торугарт оозундагы Кытай өткөлүнөн аман-эсен өтүп «Кыргызстан кайдасың?» деп жөнөп калдык. Кыргызстан чек арасына кирүүгө али 200 километрден ашуун жол бар. Топурагы учкан кызыл жылаңач тоо ичин аралаган салаа менен суу бойлоп, улам өргө тартып жүрүп отурдук. Автобус ичинде кыргыздардан жалгыз мен экем. Калган 39у бүт уйгур улутундагылар. Алардын арасындагы бирөө гана кыргызстандык кыз экенин эске алганда, калган 39 жолоочу бүт кытай жарандары элек.

Тоо аралаган жол ичинде кол телефондорубуз бирде кармап, бирде кармабай үзүлүп, ага карабай ар ким өз жакындарына бажыдан аман-эсен өтүп алганын, эртең менен Бишкекке жетип алышаарын айтып жатышкан. Бир маалда эле автобустун бир дөңгөлөгү атылып кетип, башкасын алмаштырууга жарым саатка жакын убакыт кетти. Андан соң дагы жарым саат жүрүп, Улуучат ооданына караштуу Тойун айылына барганда шофер жанагы жарылган дөңгөлөктү жаматып, кайрадан салмай болду. Антпесе жана алмаштырылган дөңгөлөгү да ишенимсиз көрүнөт.

Ошентип ал жерде дагы жарым саат күттүк. Башкасын билбейм, Кыргызстанга барбаганыма бир жыл болуп калган мен өтө эле чыдамым кетип жаттым. Кээде ушинтип шашылган сайын кычап, туурадан чыкчу жумуштар көп болот эмеспи. Бүгүн тиги дөңгөлөк менен алек болуп жаткан шоферге улам бирөө телефон чалып, жумушуна тоскоол боло берди. Акыры ошол телефон чалгандардын бирөө биздин сапардын жолун кести. Автобустан түшүп, өзүн тегеректеп турган бизге шофер кейип сүйлөдү:

- Бүгүн Кыргызстанга чыга албай турган болдуңар.
- Неге?, - деп чур эте түштүк.
- Кыргызстандагы досторум телефон чалышыптыр. «Келбегиле, Кыргызстанда уруш болуп жатат. Кырдаал өтө курч»,- дешти.

Жолоочулардын деми сууй түштү. Айрымдары ишене албагансып шоферден дагы бир нерселерди тактап сурап жатты. «Митингдин биз менен эмне катышы бар, жүрө бербейбизби» деп бирөө шоферге кеңеш берди эле, ансыз да ачуусу келип турган уйгур шофердун жини башына тепти. «Айнып калдыңбы? Кыргыздардын сырын билбейт окшобойсуңбу! Нарындан бир эле киши чыгып, автобусту тосчу болсо токтобоско аргаң жок. Кырк адамдын башына жооп бере албайым!»

Ошентип орто жолдон кайра кайттык.

Бараткан багытынан жанган автобус эми эмнегедир эрине жылып келе жаткандай сезилди. «Дагы эмне балекет болуп жатты экен?» деп санаам-санга бөлүнүп чыкты.

«Эртең жүрөбүз» деген шофер эртеси билетибизди жыйып алып, акчасын кайтарып берди. Курманбек Бакиевдин тагын таштап качканын, Конгантиевдин тепкилеп "өлтүрүлгөнүн" (тирүү экенин кийин уктум) - ошол жерден бир тартип сактоо кызматкеринин оозунан уктум.

Ошол бойдон Артыш, Кашкар шаарларынан Кыргызстанга каттоочу автобустар «кырдаал тынчыганча» деп токтоду. Автобустун жолго чыгуусун күтүп, Артыш менен Кашкарда бир жума туруп, акыры чыдамым кеткенде Үрүмчүгө келдим да Бишкекке самолёт менен сапар тарттым. Бул кезде 7-апрель окуясына эки жума болуп калган.

"Манас" аэропортунан микроавтобуска олтуруп Ош базарынан түшүп калдым. Түшкөн жерде жол четиндеги күркөдө илинип турган топ гезиттердин бирине бакыйта жазылган «Дагы кан төгүлөт!» деген катты көрүп жүрөгүм «шуу» дей түштү. «Не болсо да окуп көрөйүнчү» деп сатып алдым да, такси кармап Бишкектеги бир байкемдин үйүнө жол тарттым. Жолдо баратып гезитке көз жүгүрттүм. Көрсө анда көзү ачыктардын Кыргызстандын жакын арадагы кырдаалы жөнүндөгү тынчсыздануулары, «Дагы кан төгүлүшү мүмкүн» деген божомолдору басылыптыр. «Ылайым төлгөң төп келбей калса экен!» деп тилеп койдум ичимден (кийин Оштогу улут аралык жаңжалдан улам ошол макала эсимден чыкпай калды).

Эртеси бир байке экөөбүз Ак үйдүн алдына келип, курман болгондорго куран окудук. Он беш күндүн алдында эле мен сагынып, мен элестетип сагынган кооз Бишкекти көчөсүн аралап чыккандагы биринчи көргөндөрүм ушул болду, маркумдардын сүрөттөрү, темир торго, дубалдарга тийген ок издери, терезе айнектери талкаланып, «жүзүн» өрт карала кылган Ак үйдүн турку, кара көөгө айланган прокуратуранын имараты, адамдардын салкын кебетеси...

Бектур Илияс
2012-жыл, 7-апрель
Кытай


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.
XS
SM
MD
LG