Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Туризм тармагын өнүктүрөм


Мен мектеп босогосун алты жашымда аттадым. Менден улуу төрт эжем бар жана алардын баары мектепти кызыл аттестат менен аякташкан. Yй-бүлөдө баарыбыз бир мектепти аяктадык. 1-класстан баштап эле сабактарды жакшы өздөштүрүүгө аракет кылдым десем жаңылышпайм. Бирок ошентсе да кээ бир сабактардан теманы жакшы түшүнбөй кыйналчумун. Ошондо ыраматылык апам менен атам «кызым сен мектепти аяктаганда сага сулуулук салонун ачып беребиз» дешчү. Мен өзүм да жаш кезимден чач жасалгалоону жакшы көрчүмүн. Келечекте жогорку окуу жайда окуп жатканда кошумча сулуулук салонун иштетүү боюнча курска барып, окусамбыдеген жакшы ой-максаттарым бар. Мен 11-класста окуп баштаганда эле менден улуу эжемдер жогорку билим алып жакшы бир кесиптин ээси болушума түрткү боло башташты. Эң улуу эжем бажы кызматына тапшырсам жакшы билим алып, элим үчүн кызмат кыларымды айтты. Мен болсо көптөгөн кесиптин ичинен туризм тармагында окууну чечтим. "Эмнеге?" дей турган болсоңуздар биринчиден, бул тармакты тандоомо төртүнчү эжем түрткү болду. Ал Бишкек шаарындагы Кыргыз – түрк "Манас" университетинин туризм факультетин аяктады. Чет тилдерди үйрөнүп, азыркы учурда чет өлкөдө тажрыйба топтоп жүргөн кези. Экинчиден, Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрө турган мага окшогон жаштар болсо өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө жардам болот беле дейм. Менин билишимче, туризм жаатында билим алып жатканда англис, немис, түрк жана орус тилин жогорку деңгээлде үйрөнөсүң. «Канча тил билсең, ошончо дил билесиң» деген жакшы сөз бар эмеспи, мен да төрт тилди өздөштүрсөм, Кыргызстанга келген туристтерди жакшы тосуп алам деп ойлойм. Азыркы учурда мектепте мамлекеттик сынактарды тапшырып бүттүк. Жакында аттестат алып, каалаган окуу жайга тапшырабыз. Кудай буюрса Кыргыз – түрк "Манас" университетинин туризм факультетине тапшырам. Кесип тандоо алдында турган ар бир бүтүрүүчү бир гана өзүнүн каалаган, окуусун бүткөндө ошол кесип менен иштеп кете ала турган бөлүмдөргө тапшырса демекчимин. Анткени азыркы учурда экономика, юрист кесиптерине ээ болуп, бирок жумуш таппай жүргөн көптөгөн жарандар бар. Окууга тапшырардан мурун өлкөбүздө кайсы кесип ээлерине суроо-талап бар экенин билип алсак, жумушсуздук да жок болот беле дейм.

Жалал-Абад шаарына караштуу №9 Раатбек Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын бүтүрүүчүсү Жаңылмырза Болотбек кызы.

XS
SM
MD
LG